Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Грузияда дагы эки оппозициячыл активист сабалды


Оппозициячыл активист Борис (Челе) Куруанын сабалгандан кийинки сүрөтү.
Оппозициячыл активист Борис (Челе) Куруанын сабалгандан кийинки сүрөтү.

Грузияда дагы эки оппозициячыл активист сабалды. Белгисиз адамдардын ур-токмогуна бул ирет “Гирчи-көбүрөөк эркиндик” партиясынын мүчөсү Борис (Челе) Куруа жана “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын өкүлү Нодар Чачанидзе кабылды.

“Мени сабап кетишти. Мен да аларга жооп кайтарганга аракет кылдым. Бирок алардын колунда бир нерселер бар экен, жеңип кетишти”, - деп жазды Куруа.

Грузияда “чет элдик агент” мыйзамына каршы көз карашты билдирген, нааразылык акциясына чыккан активисттер сабалууда.

8-майга караган түнү эл аралык алакалар боюнча эксперт Гия Жапаридзе, “Улуттук кыймыл” партиясынын мүчөсү Дмитрий Чиковани жана активист Лаша Гвинианидзе дагы ур-токмокко кабылган.

Грузиянын ички иштер министри Вахтанг Гомелаури үч факты боюнча кылмыш иши козголгонун 9-майда маалымдады. Ал кол салуунун бардык түрүн айыптарын кошумчалады.

Андан тышкары полиция 9-майда “чет элдик агент” мыйзамына каршы Тблисиде нааразылык акциясына чыккандардын арасынан жети кишини кармап кеткени маалым болду.

Тбилиси жана башка шаарларда "чет элдик агент" тууралуу мыйзамга каршы чыккан он миңдеген грузиндер полициянын катаал мамилесине кабылды. Тартип коргоо органдары демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, суу чачып, желим окторду колдонгону кабарланды. Өкмөт желим ок колдонулганы тууралуу маалыматты төгүндөөдө. Анткен менен митингдин айрым катышуучулары дал ошол октордон жараат алганы маалым болгон.

Грузин парламенти “чет элдик агент” тууралуу мыйзам долбоорун 1-майда экинчи окууда кабыл алды. “Грузин кыялы” партиясы бул мыйзам грант алуучулардын каржысынын ачык-айкындыгын камсыздарын билдирип, бийлик муну менен өлкөнүн эгемендигин коргоону көздөп жатканын жүйө тартып келет. Мыйзам 17-майда үчүнчү окууда каралат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG