Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Түркмөнстан: каш-кирпик чаптоого каршы чара


Улуттук музыкалык драма театрындагы көрүүчүлөр. Ашхабад шаары. 19-ноябрь, 2019-жыл
Улуттук музыкалык драма театрындагы көрүүчүлөр. Ашхабад шаары. 19-ноябрь, 2019-жыл

Түркмөн бийлиги кыз-келиндердин сырткы келбетине көзөмөлдү күчөтүүдө. Көчөлөрдө, сулуулук салондорунда жана жогорку окуу жайларында гана эмес, мамлекеттик мекемелерде да түркмөн аялынын "туура образы" тыкыр текшерилип жатканы айтылууда.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысынын айтымында, өткөн аптадагы текшерүүдө мугалимдер, билим берүү кызматкерлери жана медик аялдар жеңи узун көйнөк кийип, жоолук салынып жүрүүгө милдеттендирилди.

"Мугалим, тарбиячы жана медицина кызматкерлери сары чачын карага боёшу керек. Аларга ошондой эле тез арада жасалма тырмак жана кирпиктерди алып салуу, ботокс жасатпоо талабы коюлду, антпесе алар иштен кетиши мүмкүн экени эскертилди. Бул үчүн бюджеттик кызматкерлерге бир күн убакыт берилди",- деди түркмөнабаддык мугалимдердин бири.

Лебап облусунда мамлекеттик кызматта иштеген аялдар буга чейин каалаган түстөгү кийим кийүүгө уруксат берилгенин айтышат. Бирок текшерүү келерге жакын мугалимдер жашыл, тарбиячылар көк көйнөк кийүүгө милдеттендирилген.

Түркмөнстандык мугалим жана окуучу кыз.
Түркмөнстандык мугалим жана окуучу кыз.

Лебаптык мугалимдер атайын топ келгенге чейин мектеп окуучуларынын тырмагын текшерип, косметика колдонууга тыюу салганын "Азаттыкка" айтышты.

"Текшерүү кеткенден кийин мугалимдерге окуучу кыздардын тырмагын күн сайын текшерүү тапшырмасы берилди. Алардын мектеп формасы кенен болушу керек".

Мындан тышкары, түркмөнстандык журналисттер шаардагы чачтарачтарга кыз-келиндердин чачын кыска кылып кыркууга тыюу салынганын билдиришти. Чачтын узундугу ийинден өйдө болбошу керек.

Ушундай эле көзөмөл Мары облусунун коомдук жайларында жүрүп жатканы кабарланды.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы мамлекеттик органдардагы өздүк булактарына таянып, өлкөнүн түштүк аймагындагы текшерүүлөр айдын аягына чейин уланарын билдирди.

"Бул жыйындарга борбордон келген комитет мүчөлөрү катышып, адеп-ахлак боюнча лекция окуйт. Аларда көбүнчө коомдук иш-чараларга катышкан, жашы өткөн аялдар өнөрүн тартуулайт. Алар "илгери жаштар кандай тарбия көргөнүн" эскертип, түркмөн аялдарды алардан үлгү алууга чакырат. Жалпысынан алганда, алар "табигый сулуулукту" жайылтып жатат" деп билдирди Мары облусундагы мамлекеттик кызматкерлердин бири.

Улуттук кийим кийген түркмөн кыздар. 13-июль, 2020-жыл.
Улуттук кийим кийген түркмөн кыздар. 13-июль, 2020-жыл.

Текшерүүгө келгендер кыздардын бетин боёп, жасалма кирпик жана тырмак тагып, чачын жайып көчөдө жүргөнүн айыпташканын айтат.

"Комиссия мүчөлөрү бул нерселер, башкача айтканда, косметика жана жасалма сулуулук ыкмалары жигиттердин башын айлантып жатканын жүйө келтирүүдө. Алар мугалимдерден ата-энелери менен бул темада талкуу өткөрүүнү талап кылды".

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматныны Лебап жана Мары жетекчилиги, анын ичинде бул аймактардын билим берүү жана саламаттык сактоо бөлүмдөрүнө байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Текшерүү комиссиясына кайсы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү киргенин тактоого мүмкүн болгон жок.

Түркмөн бийлиги эки жума мурда түркмөн аялдарынын сырткы келбетине көзөмөлдү күчөткөн. 11-апрелден тарта түркмөнстандык журналисттер, оболу кыз-келиндерге чачын боёого, чачын кыска кырктырууга, маникюр, ботокс жасоого тыюу салынганын жазып чыккан. Көп өтпөй аялдардын кийим-кечелерине да талап күч алды.

Расмий Ашхабад бул тыюулар боюнча расмий билдирүү жасай элек. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттарында да маалымат жок.

Бирок бул кадам президент Сердар Бердымухамедов кызматка киришип, анын ордуна өлкөнүн жаңы ички иштер министри келген учурда жасалып жатканы талкуу жаратууда.

Көпчүлүк түркмөнстандыктар бул чаралар өлкөнүн жаңы президенти Сердар Бердымухамедовдун консервативдүү көз карашына байланыштуу экенин айтышат.

Сердар Бердымухамедов министрликтердин жана тармактык ведомстволордун жетекчилерин дайындады.
Сердар Бердымухамедов министрликтердин жана тармактык ведомстволордун жетекчилерин дайындады.

Ал арада Мары облусундагы "Азаттыктын" кабарчылары, бул чектөөлөр Түркмөнстанда жашаган башка улуттардын өкүлдөрүнүн да жашоосуна белгилүү бир деңгээлде таасирин тийгизип жатканын билдиришти.

Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп саналган Түркмөнстанды узак жылдан бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов үстүбүздөгү жылдын 19-мартында ант берип, президенттик кызматка киришкен.

40 жаштагы Сердар Борбор Азиядагы бул өлкөнүн эгемендик тарыхындагы үчүнчү президент болду.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG