Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Тоолуу Карабакта кырдаал кайра курчуду


Азербайжан менен Армениянын жана Тоолуу Карабактын картасы.
Азербайжан менен Армениянын жана Тоолуу Карабактын картасы.

Тоолуу Карабак аймагында атышуу болуп, жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыяланды. Эки тараптан тең курмандыктар катталып, расмий Баку менен жикчилдер бири-бирин айыптады. Европа Биримдиги касташкан тараптарды тез арада согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды. Жамааттык коопсуздук келишими уюму да соңку кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.

Тоолуу Карабак жикчил аймагынын бийлиги 3-августта Азербайжандын пилотсуз учактарынын соккусунан эки аскер кызматкери мерт болуп, 14 жоокер жараат алганын билдирди.

Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн көзөмөлүндө турган аймактагы армян күчтөрү аткылаганын кабарлады.

Анар Эйвазов.
Анар Эйвазов.

“3-августта Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти убактылуу жайгашкан Азербайжандын аймагында армян куралдуу тобунун мүчөлөрү 2020-жылдын 10-ноябрындагы (ред: Баку убактысы боюнча) келишимдин жоболорун бузуп, террордук диверсиялык акт жасашкан. Анын натыйжасында биздин аскер кызматкерибиз Казимов Анар Рустам Оглу шейит болду”, – деди Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Анар Эйвазов.

Армян-азери жаңжалы курчуган маалда жикчил аймактын башчысы Араик Арутюнян 3-августта Тоолуу Карабакта жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Ал ошол эле күнү Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген жыйынын өткөрүп, аймакта кырдаалды жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын айтып, акыркы окуяны Азербайжандын “чагымы” катары сыпаттады.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 4-августта өкмөттүн жыйынын өткөрүп, Тоолуу Карабактагы кырдаал чыңалып турганын айтты.

Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

“Ушул тапта Тоолуу Карабакта активдүү аскердик операциялар жок. Бирок Тоолуу Карабактын бийлигинин маалыматы боюнча, кырдаал дагы деле чыңалган бойдон калууда. Биз бул чыңалууну жеңилдетүү боюнча иштешибиз керек. 2020-жылдын 9-ноябрындагы (ред: Ереван убактысы боюнча) келишимдердин бардык пункттары боюнча Армения аймакта тынчтыкты орнотуу жана чыңдоо үчүн конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткым келет”.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Армения 2020-жылдын ноябрь айындагы үч тараптуу келишимдин жоболорун аткарбаганын, ушуга чейин армян куралдуу күчтөрү Азербайжандын аймагынан чыгарыла электигин билдирди. Никол Пашинян болсо Тоолуу Карабакта Армения аскерлери жок экенин кайталады.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась билдирүү кылып, тараптарды Тоолуу Карабактагы адам өлүмүнө жеткирген куралдуу кагылышууну дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Станислав Зась.
Станислав Зась.

“Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун катчылыгы Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышуу боюнча маалыматка тынчсызданууда. Курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам. Биз чыр-чатактын катышуучуларын күч колдонуудан баш тартууга жана пикир келишпестиктерди жоюу үчүн дипломатиялык ыкмаларды колдонууга чакырабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Европа Биримдиги да Тоолуу Карабактагы чатакташып жаткан тараптарды тез арада согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөрдү улантууга үндөдү.

“Европа Биримдиги азербайжан жана армян күчтөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан согуштук аракеттерди токтотууга чакырат. Чыңалууну басаңдатып, ок атышпоо келишимин сактап, сүйлөшүү үстөлүнө кайтуу зарыл”, - деп айтылат билдирүүдө.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан жактан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Келишимге ылайык, Армения менен Азербайжан ал кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жаткан. Бул жерде Орусиянын тиешелүү контингенти 1960 аскер, 90 чопкутталган автоунаа, 380 автоунаа жана башка атайын техникадан турары маалымдалган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG