Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Азербайжан армян аскерлерин туткунга алды


Азербайжандын аскерлери армениялык алты жоокерди туткунга алды. Өлкөнүн Коргоо министрлиги алар чек арага жакын жерге мина коюп жатканда кармалганын билдирди.

Бирок Ереван жоокерлер өз аймагында инженердик иштерди жүргүзүп жатканда туткундалганын айтууда. Азербайжан жети армян аскерин 27-майга караган түнү кармап кеткен. Азербайжандын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө армян жоокерлери чек арадагы позицияларды көздөй кеткен жолго мина коюп жаткан учурда кармалганы жазылган.

Бирок Армениянын Коргоо министрлиги жоокерлер чек ара аймагындагы Гехаркуник облусунда инженердик иштерди жүргүзүп жатканда туткунга алынганын билдирди. Өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян эч кандай диверсиялык аракет жок экенин маалымдады:

Никол Пашинян
Никол Пашинян

“Биздин аскерлер Азербайжан менен чек арада атайын белгилерди орнотуп жатышкан. Эч кандай диверсиялык максат жок болчу".

Учурда армян тарап өз аскерлерин кайтарууга аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

Былтыркы Тоолуу Карабактагы согуштан кийин жаралган Армениядагы саясий кризистен улам парламенттик шайлоого барууга аргасыз болгон Пашинян соңку кырдаал ички cаясатка таасирин тийгизбеши керек деп эсептейт:

“Бул маселе ички саясий максатта колдонулбашы керек. Менин оюмча, бул абдан маанилүү. Биз бул кырдаалды армия жана куралдуу күчтөрдү сындоо үчүн колдогондорду айыпташыбыз керек”.

Арменияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 20-июнга белгиленген.

Анткен менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги армян аскерлери чек араны кесип кирүүгө аракет кылганын билдирип жатат. Министрликтин расмий өкүлү Лейла Абдуллаева "Твиттердеги" баракчасына “армян диверсанттарынын тобу Азербайжандын аймагына кирүүгө аракет кылышты. Бул Армениянын кезектеги үч тараптуу келишимди бузганы жана чагымчыл кадамы”,- деп жазды.

Тоолуу Карабак маселесинен улам өткөн күздө алты апта согуш болгон Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кырдаал соңку кезде кайрадан курчуп кетти. Апта башында Ереван менен Баку чек арадагы атышуу үчүн бири-бирин айыпташты. Армения бир жоокери окко учканын маалымдаган.

Ага чейин Ереван азери аскерлери Сюник жана Гехаркуник облустарына бир нече чакырым кирип келишкен деп айыптаган. Баку жоокерлери чек арадан өтпөгөнүн, өз тарабындагы позицияларына кайтышканын, кышында ал жактарга жетүү кыйын болот деген жооп кайтарган.

Бул кырдаалдан соң Армениянын жетекчилиги өзү мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна расмий түрдө кайрылган. Уюм соңку кырдаалга тынчсызданганын билдирсе, Орусия Азербайжан менен Армениянын чек арасын демаркациялоо үчүн биргелешкен комиссия түзүүнү сунуш кылганы белгилүү болду.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров ЖККУнун Дүйшөмбүдөгү жыйынында сүйлөп жатып, Москва ортомчу же кеңешчи ролун аткара аларын билдирген:

Сергей Лавров
Сергей Лавров

“Тараптардын алдын-ала макулдашуусу боюнча эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча башында жардам көрсөтмөй болду. Бул багытта армян-азербайжан биргелешкен комиссиясы түзүп, Орусия арачы же кеңешчи болууга даяр”.

Былтыр күзүндө Түштүк Кавказдагы эки өлкөнүн ортосунда Тоолуу Карабак анклавы үчүн алты жумалык согуш чыккан. 6900дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон келишимден кийин басылган. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди коңшу өлкөгө кайтарган. Тынчтык келишиминин алкагында Орусиянын тынчтык күчтөрү Тоолуу Карабактын айланасына жайгаштырылган.

Тоолуу Карабак дүйнө жүзүндө Азербайжандын аймагы катары саналат. Бирок 1990-жылдардын башынан тарта жикчил армяндар көзөмөлдөп келген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG