Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

AI Карабак тургундарынын өлтүрүлүшүн айыптады


AI Тоолуу Карабак чатагындагы карапайым тургундардын өлүмүн иликтөөгө чакырды.

«Эл аралык мунапыс» укук коргоо уюму Тоолуу Карабакта жапырт кыйраткан согуштук куралдардын эл жыш жайгашкан аймактарда туш келди, иретсиз колдонулганын айыптап, Армения жана Азербайжан бийлигин жүздөгөн карапайым тургундардын өмүрүн алып кеткен чабуулдарды иликтөөгө чакырды.

«Чабуулдарда жергиликтүү тургундар бутада калганын эки тарап бирдей четке кагууда. Ошол эле кезде эки тарап бирдей эл аралык конвенциялар тыюу салган, чоң аймакты кыйратуучу кассеталык бомбаларды жана башка жардыргыч заттарды колдонушканын тастыктаган далилдер бар», - деп айтылат Лондондо орун алган эл аралык уюмдун билдирүүсүндө.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн директору Мари Струзерс согуш линиясынан алыс орун алган, аскерлер жайгашпаган калктуу пункттар да соккуга кабылганын белгиледи.

«Жай тургундар өлтүрүлүп, үй-бүлөлөр бөлүнүп, сансыз турак жайлар талкаланып жатат. Жапырт кыйратып, өлүм алып келген куралдарды калктуу аймактарда колдонуу менен армян жана азери күчтөрү согуш мыйзамдарын бузуп, адам өмүрлөрүн тоготпой, барк албай жатышат», - деген Мари Струзерс.

«Amnesty International» былтыр ноябрда Москванын ортомчулугу менен армян-азери күчтөрү Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерин токтоткондон кийин уюмдун атайын тобу соккуга кабылган аймактарды кыдырып, фактыларды документациялашкан.

Отчетто бир жарым айга созулган куралдуу жаңжал алты миңдей адамдын өмүрүн алганы жазылат. Анын ичинде 146 карапайым тургун, арасында балдар да бар.

Тоолуу Карабак картасы
Тоолуу Карабак картасы

Уюмдун маалыматына караганда армян күчтөрү сегиз жолу Азербайжандагы шаар-кыштактарды аткылашкан, ал эми азери күчтөрү тогуз жолу Тоолуу Карабактагы шаар-кыштактарды жана бир жолу Армениянын аймагын аткылашкан.

Калкка кооптуулугу үчүн атайын кабыл алынган эл аралык конвенцияда тыюу салынган кассеталык бомба жана жардыргыч заттарды эки тарап бирдей колдонушканы баса белгиленет. Мындан тышкары азери-армян тараптары баллистикалык ракеталарды, жапырт кыйраткан реактивдүү системаларды колдонушкан.

Буга чейин Нью-Йорктогу «Human Rights Watch» уюму 2020-жылга байкоо салган баяндамасында Тоолуу Карабак жаңжалында азери-армяндар эл аралык гуманитардык укук нормаларын бузуп, кагылышууларда карапайым адамдар жабыркаганын айыптаган.

Былтыр 27-сентябрда Тоолуу Карабактын айланасында тутанган кармаштар 10-ноябрда Орусиянын арачылыгы менен токтотулуп, тынчтык келишимине кол коюлган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG