Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Президент Алиев армян күчтөрүн Тоолуу Карабактан чыгарууну талап кылды


Тоолуу Карабактагы талкаланган көп кабаттуу үй.
Тоолуу Карабактагы талкаланган көп кабаттуу үй.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев расмий Ереванды Тоолуу Карабактан армян күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырып, «эгер сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса азери жоокерлери аягына чейин барат» деп эскертти.

Бул тууралуу 1-ноябрда азери президенти жакын өнөктөшү болуп саналган Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу баштаган делегация менен жолугушуу учурунда билдирди. Алиев «Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Орусиядан аскердик жардам суроого укугу жок», деп эскертти.

Расмий Баку каардуу билдирүүнү акыркы алты жумадан бери улантылып келе жаткан Тоолуу Карабактагы акыркы чабуулдар үчүн Армения жана Азербайжан бири-бирин айыптап жаткан учурда жасады.

Буга чейин Пашинян Орусияны Армения да мүчө болгон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) алкагында көмөк көрсөтүүгө чакырган.

31-октябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги куралдуу жаңжал Армениянын аймагына өтүп кетсе гана Москва жардам көрсөтөрүн билдирген болчу.

Армян тарап соңку куралдуу жаңжал учурунда 1200дөн ашык аскери жана жайкын тургундар каза болгонун өзү билдирүүдө. Азербайжан болсо курман болгон аскерлердин санын ачык айтпаганы менен 91 жай тургун мерт болду жана 400дөн ашууну жаракат алды деп жарыялаган.

1-ноябрда эл аралык коомчулук расмий тааныбаган Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги жана расмий Ереван азербайжандык күчтөр Мартуни шаарын көздөй ракетадан сокку урганын кабарлады.

Өз кезегинде Азербайжандын аскерий жетекчилиги армян тарап Тартар жана Агжабегди райондорундагы калктуу конуштарды аткылап жатканын билдирүүдө.

1980-жылдардын аягынан бери Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы абал быйыл 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу кагылышуу уланууда.

XS
SM
MD
LG