Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Тоолуу Карабактагы ок атууну токтотуу боюнча аракеттер жанданды


Тоолуу Карабак аймагы.
Тоолуу Карабак аймагы.

Тоолуу Карабактагы азери-армян согушун токтотуу боюнча эл аралык дипломатиялык аракеттер кайра жанданды. Мунун алдында АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн атышпоо боюнча макулдашуу үзгүлтүккө учураган жана ушундан улам чырдашкан тараптар бири-бирин айыптаган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Азербайжан менен Арменияны чатакты дипломатиялык жол аркылуу жөнгө салууга, атышууну токтотуу тууралуу 26-октябрдагы макулдашуунун шарттарын сактоого чакырды.

Помпео эки өлкөнүн лидерлери менен өз-өзүнчө телефондон сүйлөшкөн. Орусиянын президенти Владимир Путин 27-октябрда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөштү.

Кремль тараткан билдирүүгө ылайык, анда Путин Азербайжандын жана Армениянын лидерлери менен байланышканын жана «атышууну тез арада токтотуу жана жаңжалды курчутпоо аракеттери» тууралуу айткан.

Бул Карабакта 27-сентябрда куралдуу кагылыш башталгандан берки Путин менен Эрдогандын экинчи жолу телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп калды.

Тирешүүдө Түркия Азербайжанды ар тараптан ачык колдоп келет. Орусия болсо Армения менен кошо Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) мүчө. Ушундан улам Карабак кармашы аймактык деңгээлден чыгып, кеңири жаңжалга айланышы ыктымал деген кооптонуу айтылган.

Талаштуу Карабак үчүн азери-армян кармашы туура бир ай мурун кайра башталган. Кагылышууда бери дегенде миңден ашык адам окко учту.

XS
SM
MD
LG