Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41

"Тескери пропаганданын кесепетин көрсөттүк". "Бункер" козгогон тема


"Бункер" кыска метраждуу көркөм тасмасы.
"Бункер" кыска метраждуу көркөм тасмасы.

Кыргызстанда телепропаганданын таасири тууралуу кыска метраждуу фильм тартылды. “Бункер” деп аталган тасма мамлекеттик телеканалдын пропагандасы миллиондогон көрүүчүлөргө терс таасирин тийгизип, чындык бурмаланып, "сырткы дүйнөдө" болуп жаткан окуялар жашырылып жатканын сүрөттөйт.

Жаркын жашоо үчүн күрөшкөн каарман

“Бункер” тасмасынын узактыгы болгону 15 мүнөт. Анын сюжетине үңүлсөк, окуялары суук жана нымдуу жер төлөдө жүрөт. Анда тигүүчү болуп иштеген беш аял күнүгө аскер кийимдерин тигип, бош убактысында тамактанып отуруп сыналгы көрүшөт.

Тигүүчүлөрдүн бир кылка күнүмдүк тиричилиги ушинтип жер төлөдө өтө берет. Алгач үстүңкү кабатка чыга турган чоң темир эшикти ачып, андан ары сыртка чыгууну деле эч ким ойлонбойт. Анткени сыналгыдагы жаңылык алып барган диктор сыртта үрөй учурган согуш жүрүп жатканын, бул жайдан ким чыкса өлүм күтүп турганын саймедиреп турат. А чынында сыртта кадимкидей эле жай турмуш жүрүп жаткан болот.

Башкы каарман Асел бир күнү жалган маалыматтарга алданып жүргөнүн сезип калат да, сыртка чыгууну ойлойт жана бул тилегин ишке ашыруу үчүн күрөшөт. Анысы ишке ашпай, жазалоочулардын колунан өлүм табат.

"Уккан маалыматка эле ишене беребиз..."

“Бункер” фильми - режиссёр Адилет Макеновдун тасма талаасындагы алгачкы эмгеги. Анын айтымында, тасма сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, маалыматтын аныктыгын текшерүү (фактчекинг) ыкмаларын колдонуу, теле жана социалдык тармактардан алынган маалыматтарды кылдаттык менен салыштыруу зарылчылыгын чагылдырууга багытталган.

“Бул тасма көрүүчүлөргө эскертүү болсун дедик. Анткени үзгүлтүксүз пропаганда жашообузга канчалык деңгээлде терс таасирин тийгизери дайыма эсибизде болушу керек. Башында пропаганда жана анын кесепеттерин апыртып сүрөттөп айтып берели деп ойлогонбуз. Бирок чындыгында эле адамдар кайдагы бир фейк маалыматтарга алданып калгандыгын көрүп жатабыз. Бул биздин фактчекинг куралдарын билбегенибиздин көрсөткүчү. Ишенгенибиз аз келгенсип, бул маалыматтарды башкалар менен бөлүшүп, жайылтып да жиберип жатпайбызбы. Тасманы көргөндөн кийин адамдар телевизордо же интернетте окуган, көргөн, уккан маалыматка дароо эле ишенип албай, башка булактардан да текшерип, сак болушат деп үмүттөнөбүз”.

Адилет Макенов "Бункердин" сценарийин сценарист Улугбек Акишев менен жазып, продюсерлер Регина Суранова менен Айзада Аманкелдиге сунуштап, колдоо табышкан.

Тасма 2023-жылы Казакстан жана Украина өлкөлөрү менен биргеликте Бишкек шаарында тартылган. Башкы ролду кыргызстандык актриса Сайкал Жумабекова, экинчи пландагы ролду казак актрисасы Айдана Абасова ойногон. Мындан сырткары кыргызстандык Руслан Харизов, Нурыля Матиева, Нуркыз Түнгатарова, Рыскүл Кубанычбек кызы, Жаңыл Чыңгышева жана Алина Фурсова да роль жаратышкан.

"Бункер" тасмасын тартуу учуру.
"Бункер" тасмасын тартуу учуру.

"Аракетибиз текке кетпегенин түшүндүк"

Монтаждоо, эффекттерди кошуу иштери Украинада жүрүп, тасма июль айында толугу менен даяр болгон. Анын каржылык чыгымын эл аралык Интерньюс уюму көтөргөн.

Режиссёр Адилет Макенов кыска метраждуу тасманы фестивалдарга катыштыруу ниети бар экенин айтты:

“Тасманын бет ачарын деле уюштурган жокпуз. Толугу менен бүткөндөн кийин интернетке жүктөдүк. Алгачкы комментарий, пикирлер келе баштаганда гана көрүүчүлөргө жакканын, тасманын маңызын туура баамдашканын, мээнетибиз текке кетпегенин түшүндүк. Албетте, терс көз карашта болгондор, “атайын эле тигил же бул өлкөгө каршы жасалыптыр” дегендер да бар. Бирок башка көрүүчүлөрүбүздүн аларга тасманын маңызын түшүндүрүүгө аракеттенгени бизди аябай сүйүндүрдү. Дебюттук тасмам болгону үчүн көрүүчүлөр коомдук тармактарда бөлүшүп баштайт деп күткөн эмесмин. Албетте, бул менин кубандырбай койбойт. Азыр болсо ар түрдүү фестивалдарга жөнөтүп жатабыз, эми кино сынчылар эмне дегенин көрөлү".

"Бункер" тасмасын тартуу учуру.
"Бункер" тасмасын тартуу учуру.

"Ак үмүт жашай берет"

"Бункерде" жарык жашоого умтулган башкы каарман Асел каза болсо да, анын ишин башка тигүүчү кыз улантканы менен тасма жыйынтыкталат. Фильмдин продюсерлеринин бири Регина Суранова мындай финал менен көрүүчүлөргө жарык үмүт тартуулагысы келишкенин айтат:

Регина Суранова.
Регина Суранова.

"Жашоодо чындык үчүн күрөшкөн, аны жашырбай ачык айтып чыккан адамдарды, түрмөгө олтургузуп коюшу же өлтүрүп кетиши мүмкүн. Башкы каармандын кинодогу трагедиясы менен жашоодо чындык деп чырылдагандардын оозун басуу аракеттерин чагылдыргыбыз келди. Каарман өлгөндөн кийин жер төлөдөгү баягы кайталанма жашоо, саясатчылардын жалганына ишенген күндөр кайра эле улана бергени бар. Бирок Асел тирүү кезинде жер төлөдөн кафелди жарып чыккан чөптү таап алган эле. Ошондо жанындагы кыздардын бири анын өсүшүнө ишенген эмес. Бирок Асел өлгөндөн кийин чөп анын колунда калды. Бул эпизод менен жакшы жашоого болгон ак үмүт жашай берет деген ойду туюнткубуз келди".

Адамдарды ойлонууга түрткөн фильмдер коомго керек деген Регина Суранова алдыда режиссёр катары дагы бир жаңы социалдык тасманын үстүндө иштеп жатканын маалымдады:

"Бул толук метраждуу көркөм тасма "Апам кайра студент" деп аталат. Буюрса, 26-октябрда жарыкка чыгып калат. Азыр тартуу иштери кызуу жүрүүдө. Бул фильмде аялдардын технологияга, илимге болгон кызуусу чагылдырылган. Буга чейин ушул багытта тасма тартуу кыялым бар болчу. Анткени мен ар дайым кыздар, айымдар билим алышы керек деген пикирдемин. "Ырыскы өзү жаай берет, мени күйөөм багат" деп отура бергендердин оюн туура көрбөйм. Айымдар финансылык жактан көз карандысыз болуп, билимге, өзүн өстүрүүгө умтулушу керек. Кыскасы, бул тасмада окуганга эч качан кеч эмес деген чакырык бар".

"Бункер" тасмасын тартуу учуру.
"Бункер" тасмасын тартуу учуру.

"Эл маанилүү чыгармаларга кызыга баштады"

Тасмада тигүүчү кыздарды үстүнөн текшерген айымдын ролун кыргызстандык белгилүү актриса Жаңыл Чыңгышева ойногон. Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында 20 жылдан ашык убакыт эмгектенген Чыңгышева "Бункерде" бирге ойногон жаш актрисаларга өз тажрыйбасын бөлүшкөн.

Актриса соңку жылдары эл комедия жанрындагы коммерциялык фильмдерге ыктаганы менен, коом көйгөйүн көтөрүп чыккан тасмалар да акырындан өз көрөрмандарын таап жатканын белгиледи. Ал көрүүчүлөр терең мазмундагы искусствого тартыла баштады деп эсептейт:

Жаңыл Чыңгышева.
Жаңыл Чыңгышева.

"Менимче, коомдун деле өнүгүшүнүн өз этаптары болот экен. Бир кезде биздин көрүүчүлөр жеңил-желпи мыскыл-тамашаларга, дагы бир учурларда эстрадага ыктап кеткени маалым. Ал эми кино жаатында кийинки кездери беймаани комедияларга агылды. Эми акырындан эстрададан классикалык искусствого кызыккандар арбыганы байкалат. Кинодо да айта турган терең ою бар тасмаларды көргөндөр көбөйө баштаганы кубандырат. Себеби эл, айрыкча жаш муун билимдүү боло баштады. Балдарын бийге, көркөм өнөргө, тил үйрөнүү ийримдерине алып баргандар көбөйдү. Эми ушул этап менен маданиятыбиз көтөрүлө берсе, анда терең мазмундуу тасмаларды көрүп эле койбой, сынчыл көз караш менен анализ кылганды да үйрөнөбүз".

Үч өлкө биргелешип тарткан "Бункер" тасмасы учурда өлкөдөгү бардык социалдык тармактарга чыга баштады. Каалоочулар аны Ютубдан да көрсө болот. Тасма жаратуучуларынын айтымында, социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында анын мазмуну кызуу талкууланып жатат.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG