Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Театрда кайталангыс изи калган Райма Абдубачаева


Райма Абдубачаева жана СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов "Атанын тагдыры" спектакли учурунда. (архивдик сүрөт)
Райма Абдубачаева жана СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов "Атанын тагдыры" спектакли учурунда. (архивдик сүрөт)

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Райма Абдубачаева 75 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды. Актриса театрга жети жашында кадам таштап, “Атанын тагдыры” баш болгон белгилүү спектаклдерде роль жаратып таанылган.

Атактуу эне-атанын кызы

Кыргыз театр искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, өлкөнүн эмгек сиңирген артисти, актриса Райма Абдубачаеванын бүтүндөй өмүрү театр менен киндиктеш, тагдырлаш болду.

Анткени ал башка замандаштарынан айырмаланып жети жашында эле кыргыз драма театрынын босогосун аттап, жаш жеткинчектердин образын жарата баштаган.

Ошол себептен анын театралдык амплуасын - “травести”, башкача айтканда, өспүрүмдөрдүн да, эркектердин да ролун аткара алган актриса деп аташкан.

“Тузу оор” делген театрдын босогосун кенедейинен аттаган өнөр ээсинин чынында эле чыгармачыл тагдыры кызык. Анын өнөргө өтө эрте келишине таланттуу ата-энеси себепкер болгон.

Атасы – Москва шаарындагы Луначарский атындагы театралдык окуу жайдан кыргыздар арасында биринчи профессионалдык билимге ээ болгон, кийин өмүр бою театрда административдик кызматтарды аркалаган Исмаилбек Абдубачаев болсо, апасы – СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, атактуу актриса Даркүл Күйүкова.

Сол катардан төртүнчү Исмаилбек Абдубачаев кино жана театр дүйнөсүндөгү белгилүү кесиптештери менен.
Сол катардан төртүнчү Исмаилбек Абдубачаев кино жана театр дүйнөсүндөгү белгилүү кесиптештери менен.

Театрды баарынан бийик койгон Күйүкова балдарын өмүр бою сахнада жетелеп жүрүп чоңойткон. Ары түйшүктүү, ары кызыктуу чыгармачыл дүйнө кичинекей Раймага зор таасирин тийгизиптир. Апасы “Саманчынын жолунда” Толгонайды ойносо, кызы ал чыгармадагы балдардын ролун ойногон.

Даркүл Күйүкова.
Даркүл Күйүкова.

"Балдарды да, чалдарды да ойной берчү"

Театр ишмерлеринин айтымында Райма Абдубачаева кыргыздын атактуу театр жана кино жылдыздары Сабира Күмүшалиева, Искра Раимкулова, Сайнаке Жунушалиеванын жолун татыктуу улантып, сахнадагы ролдору менен балдарды чындыктын үлгүсүндөй кылып көрсөттү.

Маселен, драматург Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасында аттын кашкасындай таанымал артист Муратбек Рыскулов менен бирге ойноп, Жеңишбектин ролун аткарган. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кемесинде” башкы каарман баланы, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөтүндө” да кичинекей Кирисктин ролун жеткиликтүү ойногон деп келишет.

Абдубачаева 1963-жылы Москва шаарында өткөн декадага академиялык драма театры менен барып "Атанын тагдыры" спектаклинде - Жеңишбекти, "Саманчынын жолунда" - Жанболотту ойноп, чыгармачыл чөйрөнүн алкоосуна арзыган.

Драматург Кайрат Иманалиев актриса балдардын ролу менен эле чектелбей, кийин өзүн жаңы өңүттөн ача алганын айтты:

Кайрат Иманалиев.
Кайрат Иманалиев.

“Мен билгенден Рыскулов, Күйүкова, Кыдыкеева баштаган залкарлар жеке жашоосунан да өнөрдү жогору коюп, ага баш-оту менен кызмат кылышкан. Мына ушул себептен булардын балдары да кенедейинен калыптанып, өнөрдүн тузун татышкан. Райма эже да балалыгынан чоң артисттер менен бирге роль ойноп, бүтүндөй дүйнөсү театр менен байланышта эле. Кийин улуттук драма театрда чоң ролдорду да ойноду. Айымдарды эле эмес, эркектердин да ролун, алардын ичинде чалдарды да ойной берчү. Бирок кандай роль берилбесин бүткүл жан дүйнөсү менен берилип, образга сүңгүп киргени көз алдымда. Кийин ден соолугунан улам театрга келе албай калса да, жүрөгү дайым театрда эле. Эже менимче бүтүндөй өмүрүн, мээнетин биздин маданияттын өнүгүшүнө арнады”.

Абдубачаева Шекспирдин "Гамлетинде" Озриктин, "Антоний менен Клеопатрасында" – Ираданын, "Ричард IIIтө" принц Уэльскийдин, Горькийдин "Түпкүрүдө" драмасында – Аннанын, Думбадзенин "Кам санаба, апаке" спектаклинде – Мзиянын образын жараткан. Мындан сырткары Токтоболот Абдумомуновдун "Алдар көсөө" драмасы баш болгон бир канча чыгармаларда роль аткарган.

1965-жыл, “Саманчынын жолу” Москвада өткөн бүткүл союздук конкурста 2-орунду алган. Фестивалдын катышуучулары, солдон онго: Н.Кытаев, Д.Күйүкова, Р.Абдубачаева, М.Назаралиев, О.Эркинбаева, З.Молдобаева.
1965-жыл, “Саманчынын жолу” Москвада өткөн бүткүл союздук конкурста 2-орунду алган. Фестивалдын катышуучулары, солдон онго: Н.Кытаев, Д.Күйүкова, Р.Абдубачаева, М.Назаралиев, О.Эркинбаева, З.Молдобаева.

Абдубачаева актрисалык өнөрү менен эле чектелип калбай, 1967-1971-жылдары Москвадагы Мамлекеттик Маданият институтунун режиссердук бөлүмүн аяктаган.

Келечегин сахнадан көргөн өнөр ээси окуусун аяктагандан кийин 1972-1985-жылдары Ош драма театрында актриса болуп эмгектенген.

Ушул театрда ал режиссер Искендер Рыскулов мыктылап иштеп чыккан спектаклдерде этаптык ролдорду ойноду. Тажрыйбасын такшалткандан кийин 1985-жылдан 2020-жылга чейин ата-энесинин изи калган Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгек өтөдү.

"Далай ийгиликтерге жетмек"

Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова сахналашын мындайча эскерди:

Назира Мамбетова.
Назира Мамбетова.

“Райманын ата-энеси эле эмес, жолдошу, бир туугандары да белгилүү кишилер, сахна адамдары. Ал эмгек сиңирген артист, белгилүү опера ырчысы Рыспек Абдубачаев менен өмүр бою диктор болуп иштеген Зулпукор Абдубачаевдин бир тууганы болсо, маркум эл артисти, атактуу актёр Марат Алышпаевдин жары болгон. Керилген үч уулдун энеси. Кичүү уулу Улугбек Алышпаев да ГИТИСтин дипломун алып биздин маданиятка кызмат өтөгөнү турат.

Кесиптешим Райма “Мүрөктүн суусу” спектаклинде Жандил деген эркек баланын ролун ойноду. “Жаңырык” спектаклинде жаш кыздын ролун аткарды. Бирок анын жашоодогу эң чоң ролу – Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” чыгармасындагы Кириск болуп калды. Ошондо шумдук ойногон. Искендер Рыскулов сахналаштырган бул спектакль менен Тбилиси, Москвада далай фестивалдарга катыштык. Анын ийгиликтүү болгонуна Райманын өз ролун мыкты аткарганы да себеп болду да. Райма жаш балдардын ролун көп ойногонунун себеби – өзү чакан бойлуу, анан кыймыл-аракети мыкты актриса болчу. Бул эми чыгармачыл дарамети. Адамкерчилиги да мыкты эле. Баарына тегиз, жакшы мамиле кылчу. Дарт жармашпаганда ал далай ийгиликтерге жетмек. Кесиптешибиз эч убакта эсибизден кетпейт”.

Мамбетованын айтымында сахналашынын акыркы учурлардагы санаа-тилеги ден соолугу болуп калган экен. Себеби, актрисага соңку жылдары паркинсон оорусу жармашып, кыймыл-аракети кыйындагандан улам өнөрдөн алыстаганга аргасыз болгон.

Айрым кесиптештеринин айтымында үч уулунун камкордугу менен соңку бир жылда ден соолугу бир аз жакшырган. Бирок өкүнүчтүүсү бул кубаныч бир аз убакытка гана созулуп, оорусу кайрадан күчөп, талантты ажал алып тынды.

Райма Абдубачаева
Райма Абдубачаева

Эл артисти Чоро Думанаев Райма Абдубачаеваны жана анын үй-бүлөсүн бала чагынан тааныйт. Ал сахналашынын идиреги бар экени эски театрда ойноп жүргөндө эле байкалган деп эскерди:

Чоро Думанаев.
Чоро Думанаев.

“Фрунзе музейинин артындагы аянтчада эски кыргыз драма театры бар болчу. Баарыбыз ошол театрдын короосунда чогуу ойноп, бир туугандай болуп калганбыз. Чогуу спектакль, параддарды көрүп ошол жерде ойноп жүрүп, театрдын балдары эле болуп калган экенбиз. А Даркүл, Бакен эжелер бизди өз балдарындай көрчү. Колундагы момпосуйларынан бери берчү бизге. Ойлосом ошондо эле алардын колунан момпосуй менен бирге өнөрлөш кылар ырыскыны жесек керек. Ал кезде биздин чоң артисттер Курманбек, Бакайлардын образындагы эски формаларды кийип алып парадга чыгышчу. Райма эже да “Атанын тагдырындагы” Жеңишбектин бала чагын ошол театрда ойноп баштаган. Анын кийин биз бой жеткенда да театрда чогуу ойноп жүрдүк. Эркек мүнөздүү аялдардын ролун катыра ойночу. Эми баарыбыз кейип отурабыз. Ажалга арга жок экен да”.

Райма Абдубачаева 1948-жылы 13-августта Фрунзе шаарында туулган. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген наамга татыган.

Белгилүү актриса менен коштошуу зыйнаты бүгүн 11-ноябрда өзү узак жылдар эмгектенген кыргыз улуттук драма театрында өттү.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG