Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Даниярга даңк алып келген "Саманчынын жолу"


Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Анара Сыдыгалиева жана Данияр Жанжигитов "Саманчынын жолу" спектаклинде.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Анара Сыдыгалиева жана Данияр Жанжигитов "Саманчынын жолу" спектаклинде.
Макаланын автору Аманбек Жапаров - журналист, педагог-режиссер. 1979-1983-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунун режиссура бөлүмүндө окуган. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында артист жана режиссёр болуп иштеген. “Азаттык” үналгысы менен 1998-жылдан тартып кызматташып, ондогон маек жана макалаларды жазган. Соңку жылдары кыргыз искусствосуна, көркөм өнөрүнө бараандуу салым кошкон инсандар тууралуу макалаларды жазып келүүдө.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Сыйлыкка алып келген жол

Кечээ жакында Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын актеру Данияр Жанжигитов мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болду.

Данияр менен алгач 2000-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын сахнасынан көргөм. Массовкадагы шайдоот кыймылы купулума толуп, оргуштаган таланты катылып жаткандай туюлду. Кийин "Абийир кечирбейт" спектаклин сахнага алып чыкканда ага Сейиттин ролун бердим.

Бир жолу репетицияда "Сейиттин айта турган деле сөзү жок тура" деп маанайы чөгүп жаныма келди. Мен ага бул ролду ички сезим менен ойноо керектигин, Нурдинге (спектаклдеги дагы каарман-ред.) жасаган кыянаттыгыңды топтоп туруп аягында айтасың деп түшүндүрдүм. Данияр ошол сүйлөшүүдөн кийин бир дагы репетицияны калтырган жок. Башка актерлор ролду кандай ойноп жатканына көз салып турчу.

Кийин спектаклди койдук. Сейит Нияздын торуна түшүп, Нурдин менен Шайыргүлдүн ортосуна от салганын айткан жери бар эмеспи. Данияр ошол эпизодду аткарып жатканда көрүүчүлөр арасында ачууланып, аны урушуп жибергендер болду. Менин жубайым үйгө келгенде "Сейитиң акмак турбайбы" деди бул жөн гана спектакль экенин унуткандай. Адатта көрүүчүлөр актер ролду ийине жеткире аткарганда гана актер экенин унутуп калып тилдешет эмеспи.

Кийин менин шакиртим, ыраматылык Марат Козукеев менин "Эр достугу эгиз, эл достугу деңиз" драмамды сахналаштырганда башкы каарманды ойноду.

Актерлордон турган "ДЭМ" театрына кошулуп, комедиялык образдарды чеберчилик менен аткарып эл көзүнө илинди.

Мага дайыма Даниярдын ысымы чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланып коюлгандай сезиле берет. Эң кызыгы залкардын калеминен жаралган чыгармалар Даниярдын жылдызынын жанышына жол ачкан десем жаңылбасмын.

Адеп "Кылым карытаар бир күн" спектаклинде Эдигейдин образын абдан жеткиликтүү ачып берип, театр ишмерлеринин мактоосуна татыган.

2016-жылы "Саманчынын жолу" спектаклинде Майсалбектин ролун ойноду. Дал ушул ролу ага кыргыз маданиятында даражасы бийик Токтогул атындагы сыйлыкты алып берди.

Экинчи дүйнөлүк согуштун алааматын сүрөттөгөн "Саманчынын жолу" повести кыргыз сахнасында алгач 1966-жылы коюлган.

Режиссер М.Назаралиев сахналаштырып, башкы ролду Даркүл Күйүкова ойногон спектаклди бүткүл союздук республикалар көргөн. Театрда он жылдан ашык, баш-аягы миң жолу коюлганы айтылып жүрөт.

60 жыл мурда мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон бул спектаклди 2016-жылы режиссер, маркум Марат Козукеев сахналаштырган эле.

Ал чыгарманы интерпретациялап, драмалык касиети күчтүү, философиялык мааниси терең, масштабдуу оюн жаратканы үчүн "Саманчынын жолу" 2016-жылы кыргыз улуттук "Эргүү" театр сыйлыгынын эң башкы алты номинациясын жеңип алган.

Данияр менен сыйлык алганда баарлашсам, "ушул ийгиликтерди Марат байке (Козукеев-ред.) көрүп кетсе болмок, атаганат" деп үшкүрдү.

2017-жылы 47 жашында оорунун айынан капилет каза тапкан Марат Козукеев чынында эле таланттуу режиссер эле. Тирүү болсо жаш актер-актрисалардын далайынын күчтүү сапаттарын таап чыкмак. Актердун ичинде уктап жаткан талантты көрө билген касиети бар болчу.

Даниярдын Токтогул атындагы сыйлыкка илингени мага, жалпы театр ишмерлери үчүн да кубанычтуу кабар. Бул жөн эле сыйлык эмес, бул биздин коомдо Адамды, анын талантын убагында баалоого жетелеген жакшы жышаан. Бул тирүүлүктө көңүлдөн кымбат эмне бар? Далай мыкты уул-кыздарыбыздын кадырын көзү өткөндө гана билип, жоктоп, жер муштаган адатыбыз бар эмеспи.

Данияр кырктын кырына келди. 1999-2002-жылдары КУАДТ алдындагы театралдык окуу жайын, 2004-2008-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. 2002-жылдан бери Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру. Ушул мезгил аралыгында бир канча ролду ойногон.

2016-жылы 23-апрелде Шекспирдин өлгөнүнө 400 жыл толгондо анын "Гамлет" чыгармасынан үзүндүнү ар башка өлкөнүн чыгармачыл адамдары окуган. Кыргызстандан бул эстафета Данияр Жанжигитовго берилген.

Баарыбызды бириктирген Шекспир
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG