Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

"Ташы өйдө кулаган" Туманбаевдин "мекенчилдер" менен чыры


Президент Садыр Жапаровдун иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин аты аталган талаштуу окуялар анын өзү тууралуу сөздөрдү дагы көбөйттү. Апта башында бийликке ыктаган "Мекенчил" партиясынын тарапташтары деп айтылып келген алты адам "бейбаштыкка" шек саналып кармалган.

Ага чейин алардын бири - Азамат Марипов Туманбаевди чагымчылыкка айыптап чыккан. Туманбаев болсо дооматты четке кагып, Мариповго алгач өз чөнтөгүнөн 13 миң доллар бергенин, кийин ал коркутууга өткөнүн билдирген. Бул окуя тууралуу Садыр Жапаров дагы комментарий берген.

Өздөрүн "мекенчилдер" деп атаган айрым адамдардын камалышына алып келген, аларды Каныбек Туманбаев менен кайым айтыштырган окуя өткөн аптанын аягында башталган. Социалдык тармактарга "мекенчилдер" ооз ачарга чогулган чайканага тымызын жаздыруучу видеокамера коюлганын айтып чыгышкан. Камалгандардын бири - Азамат Марипов буга байланыштуу Каныбек Туманбаевди чагымчылыкка күнөөлөп видеокайрылуу жасаган.

Окуя боюнча алгач президент Садыр Жапаров жооп берген. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде "мекенчилдер" деп аталгандардын арасында мыйзамсыз иштерге баргандар бар экенин, шантаж кылып акча доолагандар, коррупцияга аралашкандардын баары жоопко тартыларын билдирген. Ал бул талаш-талкуу жараткан окуяда аты аталгандарга жолугуп, эскертүү бергенин бышыктаган. Садыр Жапаров анда эч кимдин атын ачык атаган эмес.

Мындан көп өтпөй Каныбек Туманбаев өзүнүн аты аталган окуяга байланыштуу үн катты. Мариповго ал үйлөнөм дегенде өз чөнтөгүнөн 13 миң доллар бергенин, кийин үйлөнбөй эле дагы акча доолаганга өткөнүн жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде билдирди.

Каныбек Туманбаев.
Каныбек Туманбаев.

“Ошондон кийин өзү баш болуп "мекенчилмин" деген башка балдар баары биригип мени социалдык тармактардан каралай баштады. Мен президентке “Азамат Марипов мени шантаж кылып атат” деп кирип айттым. Президент Азамат Мариповду бир тууган агасы Кудрет Тайчабаров, бир тууган карындашы Адинай Марипованы кошуп чакырып, мен болуп президентке кирдик. Президент: “Эй жигит, эмне шантаж кылып атасың? Жеңил жашоого көнгөн экенсиң. Андай кылба, жигит. Азууңду айга жанып турат экенсиң. Ак эмгегиң менен акча таап жаша”, - деди. Азамат Марипов президенттен экинчи кайталанбайт деп кечирим сурады. Анан президент суроо берди. "Каныбек берген 13 миң долларды эмне кылдың?" - дегенде, маңдайында отурган бир тууганы Кудрет Тайчабаровдун төрт баласы бар экенин, ал жумушсуз отурганын, карындашы Адинай Марипова да жумушсуз калып карызга батып кетишкенин айтып, алардын карыздарын жаптым деп жооп берди”, - деп айтылат маекте.

Туманбаев "мекенчилдер" чогулган чайканага тымызын жаздыруучу видеокамераны Күзөт кызматынын кызматкери болгон жансакчысы койгонун бышыктаган, бирок ал жерде башка иштер менен жүргөнүн, ага буйрук бербегенин билдирген.

Азамат Мариповдун бир тууган карындашы Адинай Марипова Садыр Жапаровдун кеңешчиси экени белгилүү.

Анын бир тууган агасы Кудрет Тайчабаров жакында эле Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы болуп дайындалган. Алар бир тууганынын камалышы, анын Туманбаевге койгон дооматы жөнүндө азырынча комментарий берише элек.


Деген менен соңку окуялар Садыр Жапаровдун администрациясында таасирлүү адам делген Каныбек Туманбаев тууралуу сөздөрдү күчөттү. Ал бул кызматка 2022-жылы май айында дайындалган. Ошондон бери ал жетектеген иш башкармалыктын функциясы, таасир чөйрөсү кыйла кеңейди. Мамлекеттик ипотекалык компанияны карамагына алды. Профсоюздарга караштуу бир топ мүлк дагы иш башкармалыгына берилди. Учурда жаңы Ак үй баштаган бир катар ири объектилердин курулушун көзөмөлдөп жатат.

Саясат талдоочу Эмил Жороевдин пикиринче, мындай учурда кооптоно турган жагдайлар бар. Ал Туманбаев жетектеген президенттин иш башкармалыгы өкмөткө дагы баш ийбеген түзүмгө айланып калганын белгиледи:

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

"Каныбек Туманбаевдин мынчалык деңгээлде башкаруу системабыздан орун алышы - кескин кооптондурган кубулуш. Буга чейинки президенттердин тушунда президенттик администрация өзүнчө, өкмөт өзүнчө болуп, администрация өкмөттү башкарып келген жана бул убагында чоң көйгөй болгон. Азыр эми учурдагы Конституцияга ылайык, биздин өкмөт башчыбыз - ошол эле маалда президенттин администрациясынын дагы башчысы. Ошонун ичинен дагы президенттин иш башкармалыгы субъект болуп, өзүнчө бир күчү бар, өкмөттүн системасына кирбеген кеңсе болуп калды. Өкмөт башчы катары Акылбек Жапаров аны башкарбаган, андан отчет албаган жагдай түзүлүп калды. Ал эч кайсы министрликке баш ийбейт. Иш башкармалык буга чейин мыйзамдын алкагында өкмөт кылчу иштердин көпчүлүгүн өзүнө ыйгарып алды. Айрыкча курулушту, мүлктү, маанилүү ишканаларды алды. Бул кооптуу жана туура эмес көрүнүш. Бул логикалык жактан дагы түшүнүү оңой болбогон нерсе. Ал президенттин, өкмөттүн чарбасын гана башкарган мекеме болушу керек эле".

Талдоочу, журналист Адил Турдукулов бийлик башчыларынын айланасында таасирдүү деген, артынан түрдүү сөз ээрчиткен адамдар топтолгон жагдайга токтолду. Соңку окуяларды бийликтин айланасындагы топтордун өз ара тиреши катары мүнөздөдү:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Бийликтеги мындай адамдын турушу чынында эле биринчи жолу болуп жаткан жок. Акаевдин учурунда дагы Малабаев, Керексизов өңдүү кишилерди, андан кийинки президенттердин тушунда Ширшов, Икрам Илмияновду айтып келишкен. Мындай адамдар демократиялык институттар, бийликтин институту иштебеген мамлекеттерде пайда болот. Бизде бири-бирин көзөмөлдөгөн бийлик институттары калыптанган эмес. Тескерисинче, 2020-жылдан баштап президенттин администрациясы эбегейсиз чоң бийликти мыкчып алган. Мыйзам чыгаруу органына чейин кийлигишип, өкмөттүн ишине кийлигишип, сот бийлигин да тейлеп, жергиликтүү бийликти дагы толук көзөмөлдөп алган. Сөзсүз түрдө президенттин айланасындагы кандайдыр бир адамга, айрыкча каржы булактарын тейлеген адамга ушундай муктаждык болот окшойт. Ал адам, биринчиден, ишенимдүү болушу керек, экинчиден, ал жазылбаган функциялардан ашып эбегейсиз күчкө ээ болот. Бирок биздин өзүбүздүн эле тарыхыбыз ырастагандай, алар көпкө узабайт. Президенттердин кетиши менен мындай адамдар жөн гана бийликти колунан чыгарбастан, жоопкерчиликке дагы тартылат. Бул адамды деле ошондой тагдыр күтүп жатса керек деп ойлойм. Буга чейин Соцфонддун дагы акчасын иш башкармалыкка беришти, Кесиптик кошуундардын мүлкүн беришти, Бишкек мэриясынан дагы жерлерди алып алды. Чарба менен эле алектенбестен, социалдык-коммерциялык турак жайларды дагы куруп жатат. Бул жерде мыйзамдан аша чапкандык бар. Мындай нерселер бийликтин ичиндеги дагы өз ара таарынычты күчөтөт. Биз азыр ички күрөш күчөгөнүнө дагы күбө болуп жаткандайбыз. Бул эмненин жыйынтыгы? Бул деген, биринчиден, мыйзамдын иштебегени, экинчиден, чыныгы парламенттик көзөмөлдүн жоктугу, үчүнчүдөн, саясий оппозицияны таптакыр жок кылгандын, журналисттерди дагы, блогерлерди дагы коркутуп-үркүткөндүн кесепети. Азыр бийликтин ичинде "жара" пайда болуп, өз ара күрөш жүрүп жаткандай. Азыркы чуулгандуу окуялар ушуну менен эле чектелип калбайт го, биз четин гана билип жатабыз го деп ойлойм".


Деген менен журналист Тынчтыкбек Алтымышев Туманбаевди мыкты аткаруучу катары сыпаттап жатат. Ал ошондой эле көмүскөдөгү таасирлүү адам деген сөздөргө кошулбасын билдирди:

"Азыркы учурда Каныбек Туманбаевди Ак үйдөгү эң таасирлүү адамдарды бири деп айтып жатышпайбы. Таасирлүү деп буга чейинки президенттердин тушундагы мыйзамда жазылбаган, расмий көрсөтүлбөгөн, кайсы бир маселелерди чечкен, кызмат бөлүштүргөн адамдарды, "серый кардиналдар" деп атап келишкен эмеспи. Азыркы учурда Каныбек Туманбаевдин ролу андай эмес. Каныбек Туманбаев - президенттин командасындагы эң ишенимдүү жана өзүнө тапшырылган ишти эң мыкты аткарып берип жаткан иш билги, мыкты менежер кадр. Азыр кээ бирлер Туманбаевди "көмүскөдөгү кардинал" деп мурдагыдай эле элестетип айтып жатышат. Болбосо ал чарбачыл адам экен. Президент берген тапшырманын баарын орундатып, чарбалык иштерди эң мыкты жүргүзүп жатат. Ошондуктан президенттин жанында көп жүрүп, анын тапшырмаларын көбүрөөк алып, ишин мыкты билгендиктен президент дагы ага ишеним көрсөтүп, "Каныбек жасасын, Каныбек билет, Каныбекке айтып көргүлө, Каныбек менен кеңешкиле" десе, "баарын Каныбек чечет турбайбы" деп ойлоп калгандар болушу ыктымал. Мен, мисалы, саясий-коомдук чөйрөдө жүрөм, ушу кезге чейин "Туманбаев ушул ишти чечип кетиптир, тигил кадрды коюптур" деген сөздөрдү уга элекмин".

Туманбаевге байланыштуу талаш-талкуу былтыр жыл башында да чыккан. Анда Баткендеги куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү салып жаткан "Аманат Строй Инвестке" тиешеси барлыгы тууралуу иликтөө жарыяланган. Туманбаев дооматтарды четке каккан. Садыр Жапаров ошол материалга комментарий берип, Туманбаевди "мыкты аткаруучу, мыкты көзөмөлдөөчү" катары сыпаттаган жана үйлөрдү курууда эбегейсиз акча үнөмдөлүп калганын айткан.

Учурда Туманбаев социалдык тармактарда кыйла активдүү. Ар аптада элди жума намаз менен куттуктайт жана адатта президент Садыр Жапаровду жандап түшкөн сүрөттөрүн чыгарат. Кайсы бир маселелерге байланыштуу ой-пикирин жазат, бийликти сындагандарга жооп дагы кайтарат.

Жыл башында өзү туулуп өскөн Аксыда эл менен жолугушууда Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта жаткан Азимбек Бекназаров тууралуу айткандары талкуу жараткан.

"Ал (Азимбек Бекназаров - ред.) башкы прокурор, күч түзүмдөрүн караган вице-премьер болуп турду. Ошондо жоопко тартышы керек эле. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, эл астында жазасын бериши керек эле. Биз акыйкат сүйлөшүп жатабыз да, акыйкат болушу керек. Анан Аксы элинин атынан деп чыгып алып, башкача сүйлөгөнү туура эмес. Кемпир-Абаддын "к"сын билбеген киши. Унгар-Тоонун каякта экенин деле билбей сүйлөп жүргөн экен. Унгарды берип коюптур, андай кылыптыр деп айтып жүргөн. Кээ бир жерин туура түшүнөлү, бир жерден утулат экенбиз, бир жерден утат экенбиз. Бирок Аксыда Унгар-Тоо калды го. Эң башкысы, элибизде тынчтык болушу керек. Өлкө башчыбыздын биринчи ою, максаты ушул болуп жатат. Убакыт да келет, тарых өзү таразалайт, Садыр Нургожоевичтей президент Кыргызстанга келбейт ", - деген Туманбаев.

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Туманбаевдин айткандары тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип жатып, мамлекеттик кызматкердин этикасы тууралуу маселеге токтолду. Туманбаев чарбаны гана башкарбай, саясатка дагы аралашып кетип жатканын айтты:

Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

"Биз ал экөөбүз шайлоолордо көп эле кездешип калганбыз. Башында пикирибиз келишпей, бирок кийинчерээк сөз табышып, жердеш катары кол алышып дегендей ынтымакка келгенбиз. Ошондон улам аны жакшы тааныйм. Аксыга келип сүйлөгөн сөзү биздин үй-бүлөгө, атама тиешелүү болду да. Негизи мамлекеттик кызматкердин этикасы деген эреже бар. Ал өзүнүн кызматтык этикасынан чыгып, саясатка аралаша турган болсо, анда же саясатка кетиши керек, же мамлекеттик этиканы сактап жүрүшү керек. Жумушта жүргөндө өзүнүн пикирин айтканын кызмат абалынан аша чапкандык катары бааласа болот. Ушундай берене дагы бар. Менимче, ага жетекчилик эскертүү бериши керек эле. Бирок эскертүү берилген жок. Ал азыр каалаганын сүйлөп, каалагандай жүрөт. Демек, анын ошондой өзгөчөлүгү бар окшойт. Кол тийбестиги барбы, же ашыкча ыйгарым укугу барбы? Бирок ал президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болгондон кийин этиканы сактаганы дурус болмок. Президент аны ооздуктап, этика бар, мыйзам бар деп эскертип койсо жакшы болмок. Себеби анын ошондой жүрүшү президентке аброй алып келбейт. Тескери пикир жаратып коюшу мүмкүн".

Туманбаевдин баскан жолу

Туманбаев 1981-жылы Аксы районунун Кербен шаарында туулган. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүр шаарындагы инженердик-педагогикалык факультетин аяктаган. Азыркы кызматына чейин мамлекеттик жумуштарда иштеген эмес.

Өмүр баяны тууралуу маалыматта Туманбаев 2012-2019-жылдары "БКС" деп аталган курулуш компаниясынын жетекчиси болгону жазылган. Бирок саясий чөйрөдө анын аты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго байланыштуу аталып келген.

Маселен, Илмиянов Ак үйдө таасирдүү адамдардын бири болуп турганда Туманбаев анын эң жакын адамы, ишенимдүү жардамчысы катары сыпатталып жүргөн. Убагында Илмияновго таандык экени айтылган ON1 каналы Туманбаевге катталган. Кийин бул каналдын негизинде "Апрель ТV" түзүлгөн.

Чакан чөйрөдө Илмияновдун мындан башка бир топ мүлкү Туманбаевге катталганы айтылып келген. Мындан улам эл арасында "Шоопурдун шоопуру" деген каймана ат да жаралган.


Туманбаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен катышкан. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамы болгон. Ал 2020-жылкы шайлоодо бийликчил "Биримдик" партиясынын тизмесине кирген. Ушул шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам элдик толкундоолордун натыйжасында Жээнбеков кызматтан кетип, Садыр Жапаровдун бийликке келишине жол ачылган.

Туманбаевдин ысымы "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы коррупциялык схемалар, муфтияттагы айрым чатактарда да аталган.

Туманбаев коррупциялык дооматтарга жана Илмиянов менен байланышы тууралуу маалыматтарга кандайдыр бир түшүндүрмө берген эмес.

Мурдагы эки бийликтин тең тилин тапкан Туманбаевди Садыр Жапаров иш башкаруучусу катары кантип, кандайча тандалганы тууралуу түкшүмөл суроолорго комментарий берген эмес. Маектерининин биринде Жапаров жанындагы адамдардын буга чейинки басып өткөн жолу эмес, азыркы ишмердигине маани берерин айткан жайы бар.

Садыр Жапаров 2022-жылдын аягында Туманбаевди "Даңк" медалы менен сыйлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG