Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:50

Иликтөө: Жаңы Ак үйдүн курулушунун артындагы сыр


Каныбек Туманбаев, Баатырбек Жантаев жана Акбарали Абдыразаков.
Каныбек Туманбаев, Баатырбек Жантаев жана Акбарали Абдыразаков.

Ушул тапта Бишкекте президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүп атат. Жаңы Ак үйдү “Иншаат строй билдинг” компаниясы куруп, анын акысына шаардын түштүк тарабынан 25,7 гектар жер алып жатат.

Келишимдин шарттары, курулуштун баасы коомчулукка ачык айтыла элек.

“Азаттык” стратегиялык курулушка жооптуу аткаминерлер менен “Иншаат строй билдинг” компаниясынын байланыштарын иликтеди.

Бишкектин түштүгүндөгү мурунку Ысык-Көл мейманканасынын ордуна түшө турган президенттик кеңсенин дубалы тургузулуп, иш кызуу жүрүп атат. 30 миң чарчы метрдей аянтты ээлеген жаңы Ак үйдө президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети жайгашат. Президент Садыр Жапаров бир жыл мурун башталган курулушка мамлекеттен бир тыйын коробой турганын айткан.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«“Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан Ак үйгө мамлекеттин бир тыйыны кеткен жок. Болгону президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берет. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик», - деген Садыр Жапаров 2022-жылы апрель айында.

Бирок Ак үйдү кура тургандарга башта айтылгандай 16 эмес, 25,7 гектар жер берилери маалым болду. Ошол эле маалда 10 гектардай жер эмнеге кошулуп калганы, стратегиялык маанидеги комплекс кандай шартта жана канча акчага бааланганы белгисиз бойдон калууда. 4-августтагы өкмөттүн токтомунда “Иншаат строй билдинг” компаниясы кураары жарыяланды.

Быйыл 7-августта Президенттин иш башкармалыгы өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн жердин баасын аныктоо боюнча тендер жарыялап, Мамлекеттик сатып алуулар порталына жүктөдү.

Андагы маалыматтардан “Иншаат строй билдинг” ала турган 25,7 гектардын дарегин билүүгө болот. Ага ылайык, жердин 23 гектары шаардын түштүк тарабындагы Масалиев – Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ынтымак паркынын бет мандайында, калган 2 гектардайы 12-кичи район тарапта жайгашкан.

"Иншаат строй билдинг" ала турган жердин бир бөлүгү "Ынтымак" паркынын маңдайында жайгашкан.
"Иншаат строй билдинг" ала турган жердин бир бөлүгү "Ынтымак" паркынын маңдайында жайгашкан.

Баасы белгисиз курулуш

Түштүк магистралдын үстүңкү бети тоого жакын, абасы таза болгондуктан, Бишкектин кымбат району деп эсептелет. Андыктан бул тилкелерге куруучулардын көзү өтүп, кабат-кабат үйлөр түшүүдө. Биз “Иншаат строй Билдинг” компаниясына өтүп аткан дээрлик 26 гектар жердин баасын көз карандысыз эксперттерден билүү үчүн “Ваш эксперт” компаниясына кайрылдык. Анын директору Константин Помыкалов мындай деди:

“Магистралдын жогору жагындагы жер тилкелердин бир сотугу 25 миңден 35 миң долларга чейин бааланып жатат. Силер айтып жаткан тилкелерди орточо 30 миң доллар деп бааласак болот. Бул райондогу жерлер абдан баалуу. Болгондо да жыл өткөн сайын кымбаттай берет”.

Эгерде эксперт айткандай жердин сотугун орто эсеп менен 30 миң доллар менен эсептей турган болсок, бир гектар жер 3 млн долларга чыгат. Ал эми 25,7 гектардын баасы - 77 млн 100 миң доллар, же азыркы курс менен кыргыз акчасына которсок, 6 млрд 784 млн сомдой.

Бирок биз Президенттин иш башкармалыгы “Иншаат строй Билдинг” компаниясы менен түзгөн келишимдин шарттарын билбейбиз. Андыктан жердин баасы эксперт айткандан кымбат же арзан да болушу мүмкүн. Жаңы имараттын курулушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Telegram каналына Дастан Бекешев мындай деп жазат:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Башталган курулушка бюджеттен канча каражат жумшалганын билбейсиңер. «Ысык-Көл» мейманканасын демонтаждоо үчүн канча каражат кеткенин уксаңар жүрөгүңөр кармап калмак. Силердин ден соолугуңарды аяган үчүн Ак үйдүн курулушунун чыныгы чыгымдары боюнча маалыматтар жашыруун. Мамлекеттик аппараттын ыңгайлуулугу жана жеке менчик бир компаниянын кирешеси коомдун кызыкчылыгынан жогору болуп чыкты. Болбосо ал жер тилкелерге борбор калаага жетишпей аткан парктар, мектептер, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар жана башка коомдук жайлар курулса болмок”.

Ошентип жаңы Ак үйдүн курулушунун акысына мамлекеттин канча жери, кайсы жеке компанияга кетип жатканы белгилүү болду. Бирок ошол эле маалда курулуштун баасы канча жана аны салып аткан “Иншаат строй билдинг” менен кандай шартта келишим түзүлгөнү эмнеге ачыкталбайт? Бул сурооолорго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Паралель долбоорлоо жүрүп атат. Бүткөндөн кийин акыркы баасы чыгат" деп учкай жооп берген.

"Иншаат строй билдингдин" байланыштары

Кыргыз өкмөтүнөн дээрлик 26 гектар жер алып аткан “Иншаат строй Билдинг” компаниясы 2020-жылы негизделген. Андан бери тогуз жолу кайра каттоодон өтүп, аталышын, негиздөөчүлөрүн жана жетекчилерин алмаштырган. Акыркы жолу 28-июлда кайра каттоодон өтүп, негиздөөчүлөрү Акбарали Абдыразаков менен Алтынбек Козуев болуп калган. Бир аптадан кийин өкмөттүн 4-августтагы токтому менен Ак үй салып берүү акысына 25,7 гектар жер өтүп атат.

“Иншаат строй Билдингге” мурда кийин ээлик кылган тогуз адамдын үчөө менен президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин кандайдыр бир байланышы бар.

"Иншаат строй билдингге" мурда-кийин ээлик кылган жарандардын тизмеси.
"Иншаат строй билдингге" мурда-кийин ээлик кылган жарандардын тизмеси.

“Иншаат строй Билдинг” компаниясы 2020-жылы 25-сентябрда түзүлүп, анда "Экспресс-Строй КГ" деп аталчу. 2021-жылы компания Сабиров Нурдин Равшанбекович менен Эрлан Сыргабековго өткөн. Жарым жылдан соң "Экспресс-Строй КГге" Азатов Ахматшох Равшанбекович жана Эрлан Атантаев ээлик кылып калган. Нурдин Сабиров менен Ахмадшох Азатов - президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин мурдагы директору Равшанбек Сабировдун уулдары.

Каныбек Туманбаев, Максатбек Токтомушев жана Равшан Сабиров "Блэк Стар Бургердин" ачылышында. 25-март, 2019-жыл.
Каныбек Туманбаев, Максатбек Токтомушев жана Равшан Сабиров "Блэк Стар Бургердин" ачылышында. 25-март, 2019-жыл.

Негизи эле Равшан Сабиров, мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев жана Каныбек Туманбаев - бизнес өнөктөштөр. Эсиңизде болсо, алар Бишкектеги “Блэк стар бургер” рестораны ачылганда тасмасын кесишкен. Ал иш чарага сыйлуу конок болгон орусиялык репэр Тиматини Каныбек Туманбаев өзү тосуп алган. Ошол учурда “Блэк стар бургердин” ээлери Арзыгүл Сабирова менен Баатырбек Жантаев эле.

Журналисттер Арзыгүл Сабирова Равшан Сабировдун аялы экенин жазышат. Ал эми Жантаев болсо Каныбек Туманбаевдин бизнестеги ишенимдүү адам экенин жакшы билебиз. Ал киши жөнүндө алдыда өзүнчө токтолобуз.

“Каалаган киши ишкерлик менен шугулданат. Кааласа башка бирөөгө өткөрүп берет. Бул эми балдарымдын иши. Меники эмес. Каныбек Туманбаев менен тааныштыгым бар. Бирок бизнес өнөктөш эмеспиз. Арзыгүл Сабирова жубайым эмес", - деди Равшан Сабиров.

Эски тааныш Эрмек Атантаев

Азыркы “Иншаат строй билдингге” 2022-жылы ээлик кылган Эрмек Атантаевдин наамына мурда кийин беш-алты компания катталган. Анын жок дегенде экөөндө Атантаев менен президенттин иш башкаруучусу Туманбаевдин жолу түз кесилишет. Журналисттер Атантаевди көп жылдан бери Каныбек Туманбаевдин жанында жүргөн адам катары таанышат.

2021-жылы Эрмек Атантаев "БКС курулуш компаниясынын" жалгыз ээси, директору да болгон. Ага чейин 2016-2019-жылдары “БКС курулушка” Каныбек Туманбаев кожоюн жана директор болгон. Муну Оsoo.kg сайтындагы маалыматтар тастыктап турат.

Туманбаев 2020-жылдагы шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышып, БШКга талапкерликке арыз бергенде өзүн ушул курулуш компаниянын директору деп көргөзгөн. Кийин компанияны өзүнүн ишенимдүү адамы Баатырбек Жантаевге өткөрүп берген.

"БКС курулуш компаниясына" Каныбек Туманбаев, Эрмек Атантаев жана Баатырбек Жантаев ээлик кылган.
"БКС курулуш компаниясына" Каныбек Туманбаев, Эрмек Атантаев жана Баатырбек Жантаев ээлик кылган.

Каныбек Туманбаев менен Эрмек Атантаевдин байланышы бир компания менен эле чектелип калбайт. 2020-2021-жылы Туманбаев жана ошол учурдагы муфтий Максатбек Токтомушев менен “РИБХ” деген компанияга ээлик кылып турган. Фирманын ошондогу директору Эрмек Атантаев эле.

Ошентип, 2021-жылы "Экспресс-Строй КГ" компаниясына ээ болгон Эрмек Атантаевдин ким экенин, анын жолу Каныбек Туманбаев менен кайсыл компанияларда кесилишерин түшүнүп алдыңыз окшойт. Мындан тышкары бул жерде Равшан Сабировдун уулдары да аралашканын көрсөттүк. Эми "Экспресс-Строй КГ" кайсыл учурда “Иншаат строй билдинг” болуп кеткенин айтып берели.

Былтыр апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги ондон ашуун мектепти “Экспресс-строй КГ” компаниясы эч кандай тендерсиз эле курганы жатканын Фейсбукка жазып чыккан. Компанияга мындай укук берген Министрлер кабинетинин тескемеси 24-мартта жарыяланган.

Ошол эле күнү “Экспресс-строй КГ” компаниясынын негиздөөчүлөрү алмашып, Ахмадшох Азатов менен Эрмек Атантаевдин ордуна Кочкорбек Жуманазаров келип калган. Жуманазаров 2018-жылы “Блэк стар бургердин” директору болгон.

2022-жылы июль айында “Экспресс-строй КГнин” аталышы “Иншаат строй билдинг” болуп өзгөрүп, аны менен чогуу ээси, директору да алмашат. Йылмаз Ведат негиздөөчү болсо, Акбарали Абдыразаков компаниянын башчылыгына келет. Быйыл 28-июлда Акбарали Абдыразаков негиздөөчү болуп, анын катарына Алтынбек Козуев кошулат. Компаниянын азыркы кожоюндары ушулар. Акбарали Абдыразаков боюнча айрым маалыматтар көзгө урунду.

Баатырбек Жантаев жана Акбарали Абдыразаков Оштогу "Блэк Стар Бургердин" ачылышында.
Баатырбек Жантаев жана Акбарали Абдыразаков Оштогу "Блэк Стар Бургердин" ачылышында.

Бул сүрөт “Блэк стар бургердин” Ош шаарындагы филиалы ачылып атканда тартылган. Элден өзүнчө, сыйлуу жерде отурган төрт кишинин бири Баатырбек Жантаев, дагы бири болсо Акбарали Абдыразаков. Ресторандын лентасы кесилип атканда да экөө жанаша турат. Иликтөөнүн ушул жеринен сизди Баатырбек Жантаев менен тааныштыралы.

Баатырбек Жантаев деген ким?

Баатырбек Жантаев - президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин ишенимдүү адамы. Туманбаевдин бир нече компанияларын башкарып жүргөн. Ошол эле Туманбаевдин түз тиешеси болгон “БКС курулуш компаниясында” негиздөөчү, “РИБХта” болсо директор болгон. "Азаттыктын" өздүк булактары экөө тай жагынан жакын тууган экенин да айтышат. Бул маалыматты тактай алган жокпуз.

Баатырбек Жантаев буга чейин “Кыргыз темир жолу” ишканасынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп, “Кыргыз темир жолдогу”, Муфтияттагы чуулгандуу иштерде ысымы аталган.

Мисалы, 2020-жылы пандемиядан улам ажылык үзгүлтүккө учурап, ага чогулган акчанын орду табылбай калган. Ошондо маалыматтар ачыкталып, Баатырбек Жантаев ажылыктын акчасынан 2019-жылы 400 миң доллар, андан соң 700 миң доллар алганы аудиттин отчётунда айтылган.

Ал учурда Жантаев Каныбек Туманбаев менен Максатбек Токтомушев ээлик кылган “РИБХ” компаниясынын директору болчу. Кийин аталган акчалар толукталганы айтылган эле. Бул окуялардан кийин Баатырбек Жантаев боюнча маалыматтар чыкпай калган.

Эми Баатырбек Жантаев Тиктокто жанданып, анын атынан ачылган баракчага бир нече сүрөт - видеолор жүктөлдү. Анын көбүндө Баатырбек Жантаев президенттин иш башкармалыгы аралашып аткан курулуш иштеринде текшерүүчү же жетекчи катары жүргөнүн көрүүгө болот.

Баатырбек Жантаев. Сүрөттөр социалдык тармактардан алынды.
Баатырбек Жантаев. Сүрөттөр социалдык тармактардан алынды.

Сүрөттөрдө Баатырбек Жантаев Асман шаарынын курулушунда, Чолпон-Ата шаарына салынган паркта, Караколдогу аэропортто, Тамчыдагы аялдамада, Ала-Арча жаратылыш коругуна салынып аткан коттеждерде ишти текшерип жүргөнү көрүнөт. Бул сүрөттө болсо Баатырбек Жантаев менен президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков жоон топ адамдын коштоосунда кетип баратат. Баатырбек Жантаев Ысык-Көлдөгү УКМКга таандык балдардын ден соолугун чыңдоо борборунун ачылышында да жүрөт. 10-сентябрда “Жыргалаң” санаторийинин ачылышында да көзгө урунду. Биз Баатырбек Жантаев азыркы учурда эмне кызматта иштеп атканын, мамлекеттик курулушка кандай макамда аралашып жүргөнүн биле алган жокпуз.

Баатырбек Жантаев Президенттин иш башкармалыгы аралашкан курулуштарда.
Баатырбек Жантаев Президенттин иш башкармалыгы аралашкан курулуштарда.

Акбарали Абдыразаков менен Баатырбек Жантаев

Эми Оштогу “Блэк стар бургердин” ачылышында Жантаев менен сыйлуу жерде отурган “Иншаат строй билдингдин” жетекчиси Акбарали Абдыразаковго токтололу.

Акбарали Абдыразаков "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында.
Акбарали Абдыразаков "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында.

Бул сүрөттөр 2021-жылы август айында "Одноклассники" социалдык тармагына жүктөлгөн. Анда Акбарали Абдыразаков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жүрөт. Негизи эле Акбаралинин резиденциядан түшкөн сүрөттөрү арбын.

Акбарали Абдыразаковдун “Ала-Арчадагы” сүрөттөрү, Баатырбек Жантаевди жандап жүргөнү Каныбек Туманбаев менен байланышы барбы деген суроо жаратат. Биз аны менен бир нече жолу телефон аркылуу байланышып, жолугушууга көндүрө албай койдук. Биз андан Ак үйдү канча сомго, кандай шартта куруп атканын сурайлы дегенбиз.

"Ак үйдүн сметасы бар. Аны телефондон айта албайм. Каныбек Туманбаев менен байланышым жок. Ал кишини мамлекеттик ишкер катары көрүп жүрөм. Азыр машине айдап бараттым эле. Сүйлөшкөн ыңгайсыз болуп атат", - деди Акбарали телефондон.

Биз мындан кийин Акбарали Абдыразаков менен байланыша алган жокпуз.Ал эми 23-августта Каныбек Туманбаевдин өзүнө кат жолдоп, ак үйдүн курулушу боюнча суроолорубузга жооп берүүсүн өтүнгөнбүз. Бирок азырынча кайрылуубузга жооп келе элек. Ушул жерден кыргыз мыйзамын эске сала кетсек - мамлекеттик мекемелер 14 жумуш күн ичинде келген кат-кайрылууларга жооп берүүгө милдеттүү. Мындан тышкары “Азаттык” президенттин администрациясынын да маалымат сурап, жооп ала алган жок.

17-сентябрда Каныбек Туманбаев Фейсбукка түз эфирге чыгып, Ак үйдүн курулушу боюнча учкай маалымат айтып өттү.

"Бүгүнкү күндө салынып аткан Ак үй боюнча жооп берип коеюн. Казакстанды алып көрө турган болсок, 652 млн долларга Ак Ордосу салынган да. Биздики 10 эсе арзан салынып атат. Мурдагы замандай бирөөнүн компаниясы, бирөөнүн кызыкчылыгы деген болбойт. Убагында Баткен боюнча да сын болгон. "Спутник" деген телеканал иликтөө жүргүзгөн. Урматтуу достор, мамлекеттен кеткен ар бир тыйын президентибиздин, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлүндө турат", - деди Туманбаев.

Бул иликтөөдө биз Бишкекте жаңы Ак үй салуунун саясий жана финансылык маселелерине токтолгон жокпуз. Анткени коомчулукта деле президентттик администрация менен Министрлер кабинетине жаңы имарат салынышын колдогон пикир да арбын.

Биз иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкекте жаңы президенттик кеңсени куруп, анын акысына 77 млн доллар, же 6 миллиард сомдон ашуун бааланган жер алып аткан “Иншаат строй билдингдин” ишмердигине гана кызыктык. Анткени жаны Ак үйдү салууга жооптуу кызматкер менен жер алып аткан компаниянын көмүскө байланышы суроо жаратпай койбойт. Мындан улам “Иншаат строй билдинг” кандай негизде тандалган, ага курулушту ишенип берүүдө кызыкчылыктар кагылышы болгон эмеспи деген суроо жаралат.

Кыргызстанда “Кызыкчылыктар кагылышуусу жөнүндө” мыйзам бар. Анда “алардын өздүк (жеке) кызыкчылыктары алардын кызматтык милдеттерди аткаруусуна таасир көрсөтөт же таасир көрсөтүшү мүмкүн, бул жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн” деп жазылат.

Эт саткан эженин үйү

Мамлекеттин 25,7 гектар жерин алып аткан “Иншаат строй Билдинг” Бакай-Ата жаңы конушундагы Арашан көчөсүндөгү үйгө катталган. Миллиардер компаниянын юридикалык дареги жаңы конуштагы жупуну турак жайга алып барат.

Биз аталган даректен эч кимди таппай, ээсин издеп отуруп Аламүдүн базарына бардык. Өзүн үй ээсинин кызымын деп тааныштырган жаран “Иншаат строй Билдинг” тууралуу өмүрү укпаганын айтып, “Ак үйдүн курулушуна кандай тиешеңиз бар” деген сурообузга аябай таң калды.

"Бул биздин дарек. Бирок каяктагы Ак үй?" - деген жооп уктук.

“Иншаат строй Билдинг” катталган үйдүн кожоюндары көп жылдан бери базарда соода кылат. Алардын кандайдыр бир курулушка такыр тиешеси жок. Үйдүн ээси Зайнура айым Бишкекте стратегиялык маанидеги комплекти куруп жаткан компания катталган үйдө бери дегенде 30 жылдан бери жашай турганын телефондон айтты.

“Бакай-Ата пайда болгондон бери жашайм. Биздин курулуш менен алектенген тууган, тааныштарыбыз да жок. Өткөндө бирөө издеп келиптир. Каяктан биздин даректи көргөзүп коюшканын билбейм. Аферисттер го...".

Ошентип, миллиардер “Иншаат строй билдинг” компаниясы кантип карапайым аялдын үйүнө катталып калганы беймаалым бойдон калды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG