Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Жаңы долбоор: Мэр бюджетти өзү бекитет. Буга депутаттар нааразы


Бишкек шаарынын борбордук аянты. 2023-жылдын 21-марты.
Бишкек шаарынын борбордук аянты. 2023-жылдын 21-марты.

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитетинде Бишкек жана Ош шаарлары үчүн маанилүү мыйзам долбоору талкууланып, ал биринчи окууда кабыл алынды.

Долбоорго ылайык, эки ири шаардын мэрлерине бир катар укуктар, анын ичинде шаардын бюджетин депутаттардын макулдугусуз эле бекитүү укугу берилмекчи. Жыйынга катышкан шаардык кеңештин жана парламенттин депутаттары мындай өзгөртүү жергиликтүү бийликти эле эмес, бийликтин булагы болгон элдин да укуктарын чектей турганын айтышты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитетинин 13-февралдагы жыйынында Бишкек менен Ош шаарынын мэрлери менен депутаттарынын ортосундагы ыйгарым укуктар каралды.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев баяндама жасады. Ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Бишкек шаарына пилоттук долбоор башталып, ага ылайык, мэрлердин укуктары кеңейип жатканын билдирди:

"Долбоорго ылайык мэрге муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү, жалпы колдонуудагы шаардык транспорттордун жол кире тарифтерин бекитүү маселелерин киргизүү сунушталат. Мыйзам долбоору менен Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин компетенциясына аткаруу бийлигинин шаардагы бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан алуу укуктарын кошумча берүү каралууда".

Жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов да катышты.

Депутат Гуля Кожокулова киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештин депутаттарынын укуктарын кыскартып жатканын айтты.

Ошол эле маалда ал Бишкектин өз алдынчалыгы азайып баратканын Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев менен бирге өткөн жыйынды мисал келтирип, Айбек Жунушалиевди сынга алды:

"Сиз "KG Group" компаниясынын үлүшчүлөрү менен президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев болуп, чогуу жыйын өткөрдүңүз. Иш башкармалыктын башчысы ортодо, анын четинде болсо мэр менен Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы отурасыңар. Сиз шаардын кожоюнусуз, шаарда эмне гана иш болбосун алардын башында сиз турушуңуз керек. Кызматтык иерархия, субординация, мамлекеттик кызматкерлердин реестри деген түшүнүктөр бар. Менин жиним келди - кантип буга жол берилип жатат? Шаардыктарда сын көп, анткени борборго болгон талап чоң".

Гуля Кожокулова
Гуля Кожокулова

Өзгөртүлүп жаткан мыйзам долбооруна ылайык, мэрге шаардын бюджетин шаардык кеңештин депутаттарынын талкуусу жок, өзү жалгыз бекитүү, мамлекеттик органдардын шаардагы башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоо жана кызматтан алуу, тарифтерди өз алдынча бекитүү укуктары берилет.

Жыйынга чакырылган Бишкек шаардык кеңешинин эки депутаты мэрдин колуна эбегейсиз бийлик топтолуп, анын эл алдындагы эле эмес, шаардык кеңештин депутаттары алдындагы отчёттуулугу да жокко чыгып жатканын айтып, мыйзамдын мындай абалда кабыл алынышына каршы экендигин билдиришти.

Алардын пикиринде, бул демилге менен шаардык кеңештердин ыйгарым укуктары бир топ кыскармакчы. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов мыйзам долбоору боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн, бирок, сунуштар эске алынбаганын билдирди.

“Депутаттардан жана мэриянын кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзгөнбүз. Макулдашылган долбоор кароого кирбептир, тилекке каршы, бул башка эле мыйзам долбоору. Ошол маалыматты сиздерге жеткирип коёлу деп жатабыз. Бул - бир. Экинчиден, Бишкек шаары мамлекеттин ичиндеги кичине мамлекет. 22 млрд сом каражаты бар. Ошондон улам бюджетти жергиликтүү кеңештин караганы туура деген жыйынтыкка келебиз. Эмне үчүн дегенде, мэрдин беш орун басары, отузга жакын ар кандай муниципалдык ишканалар бар. Ошол эле маалда 4 райондо 1,5 млн эл жашайт. Ошол себептен эмнеси болсо дагы мэр жергиликтүү кеңеш менен иш алып барса туура болот".

Токтосун Султановдун мындай оюн калаанын дагы бир депутаты Таалайбек Усубалиев да колдоого алып, эгер мындай нормалар кабыл алынып, ишке кирсе шаардык кеңешти жоюп эле салган оң деген сынын ортого жайды.

"Мыйзамда каралган шаардык кеңештин депутаттарынын сегиз укугу болсо, анын беш-алтоону алып салышыптыр. Андай болсо шаардык кеңештерди, өзүн өзү башкаруу системасын жоюп эле салышыбыз керек. Башкасына макул дейли, бирок, кеңештерден бюджетти талкуулап, бекитүүнү да алып салып жатат. Бул эми кыргызча айтканда “укмуштуунун төөсү жорго” дегендей эле болуп жатат да. Бул демилге Конституциянын 113-беренесине каршы, Бюджет кодексине, “Өзүн өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамга, борбор шаардын макамы жөнүндө мыйзамга каршы келип жатат. Бул жерде мэрдин алдында отуздай кызмат бар, 20 млрд. сомдун тегерегинде акча чогулат. Шаардык кеңештин депутаттарынын мыйзам боюнча ишеним көрсөтпөө укугу бар, бирок, биздин иштегенибизге 2,5 жылдан ашты, бир да жолу ал укугубузду пайдаланган жокпуз. Бирок, бул бийликтин бири-бирин тең салмактап, кармап турчу механизм болчу".

Ош шаары
Ош шаары

Буга чейин “Альянс” партиясы Бишкек шаарынын мэрин калаа тургундары шайласын деген демилге көтөрүп, тийиштүү мыйзам долбоорун сунуштаган. Бирок, ал парламентте колдоо таппай калган. Депутат Жанар Акаев президенттик башкаруу системасы иштеп жаткан Орусия, Түркия сыяктуу мамлекеттердин дагы ири шаар башчылары эл тарабынан шайланып жатканын, бул борборду майнаптуу башкарууга оң таасирин тийгизип жатканын ортого салды.

Кудайберген Базарбаев да, Айбек Жунушалиев да жаңы сунушталып жаткан долбоор бири-бирине карама-каршы келген нормаларды жоюп, мыйзамдарды шайкеш келтирип, мэриянын ыйгарым укуктарын бекемдөөгө багытталганын айтып жакташты.

“Бул укуктар президенттин жарлыгы менен киргизилген пилоттук учурда гана берилип жатат. Депутаттардын укуктары эч кандай кыскарган жок”, - деди Айбек Жунушалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков административдик-аймактык реформага эл арасында нааразычылык көп болуп жатканын айтып, Кудайберген Базарбаев өзүнүн кызматы боюнча жергиликтүү бийликтин чыңдалышына милдеттүү экенин билдирди:

“Урматтуу Кудайберген Базарбаевич, сиз шаардык кеңештердин депутаттарынын пикирин сөзсүз эске алышыңыз керек, анткени, алардын укуктары кыскарып калып жатат. Айылдык кеңештин депутаттары да арызданып жүрүшөт. Бул иштер боюнча эл арасында нааразычылыктар өтө көп. Сиздин негизги милдетиңиз жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасын жана анын ишин жакшыртуу. Урматтуу Кудайберген Базарбаевич, сиз Министрлер кабинетине, өкмөткө эмес, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасына адвокат болушуңуз керек".

Буга чейин президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон. Алгач иш Ысык-Көл облусунун Түп району менен Нарын облусунда башталган.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG