Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

"Вагнер" жалгыз эмес. "Редут", БАРС, "Дон" - Орусиядагы көмүскө "батальондор"


Биз коргоп жаткан мекен" деп жазылган сүрөттүн алдынан өтүп бараткан кишилер.
Биз коргоп жаткан мекен" деп жазылган сүрөттүн алдынан өтүп бараткан кишилер.

Украинанын чыгышында Донецк облусундагы согуштун очогу болгон Бахмут шаарынан орусиялык "Вагнер" жалданма аскер уюмунун жоочулары чыгып кете баштады. Бул тууралуу жергиликтүү украин аткаминерлери жана британ чалгын кызматы маалымдап, "Вагнерчилер" өз турумдарын орусиялык армиянын аскерлерине өткөрүп жатканын билдирди.

Бахмутка кол салууну жетектеген жалданма топтун башчысы Евгений Пригожин 25-майда эртең менен жарыялаган видеодо "вагнерчилер" 1-июнга чейин “арткы лагерлерге” өтүп, Бахмутта алардын ордун орус армиясынын бөлүктөрү ээлей турганын айткан. Анын жоочулары келечекте "жаңы согуштук тапшырмаларды аларын" белгилеп, ошол эле учурда Бахмутта айрым "вагнерчилер" калышы мүмкүндүгүн кыйыткан.

Алгач Пригожин, анын артынан Москва Бахмут орустардын көзөмөлүнө өткөнүн маалымдаган, аны Киев тастыктаган эмес. Украин армиясынын өкүлү Сергей Череватый "Пригожин өз күчтөрүн жапырт алып чыгып кетеби же жокпу, анын текшерүү үчүн убакыт керектигин" билдирди.

Шаршембиде Пригожин медиа-технолог Константин Долгов менен маегинде Орусиянын Украинадагы согушунда "Вагнер" жалданма аскер тобунун 20 миңдей жоочусу каза болгонун айткан.

Бир катар Батыш өлкөлөрү террордук түзүм катары тааныган "Вагнер" тобу Орусияда абактарда отургандарды, мигранттарды, анын ичинде борбор азиялыктарды да согушка азгырганы же ал жакка барууга мажбурлаганы белгилүү болгон.

"Вагнер" жалгыз эмес

"Редут", БАРС, "Дон", "Донбасс ыктыярчыларынын биримдиги" - бул түзүмдөр "Вагнер" жеке аскердик түзүмүндөй көп сөз болбойт. Ал эми Орусиянын ичинде аты чыккан аскер "батальондору" бир топ. Он миңдеген орусиялыктар дал мына ушул "аскер түзүмдөрүндө" кызмат кылат.

Орусияда жалданма аскер болууга тыюу салынган, ага карабастан, жер-жерлерде аскердик компанияларга согуша тургандарды бийликтегилер ачык эле чогултушат.

"Азаттыктын" Татар-Башкыр редакциясы — "Idel.Реалии" Эдил боюнан келген жалданма аскерлер менен сүйлөштү.

"Редут": сырдуу лаборатория, Ростовдон келген "курулуш компаниясы"

"Вагнер" жеке аскер компаниясы — Украинада урушуп жаткан бейрасмий аскердик түзүмдөрдүн эң эле белгилүүсү. Анын жарнамалары Орусиянын шаарларында жайнап илинип турат, федералдык каналдардан жалданма түзүм тууралуу сюжеттер көп көрсөтүлөт. Бирок жалгыз аскердик компания менен эле аяк-башы көрүнбөгөн орусиялык жалданма түзүм бүтүп калбайт.

Орусияда аны менен катар "Редут" деген жеке аскердик компания бар. Ал компания да арасына ыктыярчыларды кошуп алгысы келет, аскер ишине машыктырып, жакшы маяна төлөп берерин убада кылат.

"Медуза" жазгандай, "Редут" отряддары 2022-жылдын 24-февралынын таңында биринчилерден болуп Украинага басып кирген.

"Редут" деген ЧВК (жеке аскердик компания) бар экенин биринчи болуп 2019-жылы "Новая газета" маалымдаган. Жекече аскер компаниясынын базасы Москванын жанындагы Кубинкада жайгашканын, ал түзүм Аскер-аба күчтөрүнүн атайын багыттагы 45-бригадасынын аймагында турарын да ушул басылма ырастаган. "Редут" согушка чейин "Стройтрансгаз" акционердик коомунун Сириядагы коргоо объекттерин кайтарчу.

Донецкидеги жикчил күчтөрдүн мурдагы башчысы Игорь Стрелков (Гиркин) "Редут" компаниясы Геннадий Тимченкого тийиштүү экенин айтып келет. Ал болсо Орусиядагы Forbes тизмесинде сегизинчи орунду ээлеген бизнесмен, жеке инвестор.

Ага тиешелүү жеке аскердик компания менен бир катар маалымдоо каражаттары бар: "Новая газета" басылмасы ырастагандай, жеке аскер компанияларын, маалымдоо каражаттарын Тимченконун түзүмдөрү тескеп турат. Ал эми Time журналынын ырасташынча, Тимченко "Путиндин дзюдодон тапкан" саналуу досторунун катарына кирет.

Белгилүү саясатчылар Владимир Милов менен Борис Немцов "мына ушундай достуктун артынан Г. Тимченконун бизнестеги иши жүрүшкөнүн" жазышкан.

Владимир Путин (солдо) жана Volga Group инвестициялык тобунун негиздөөчүсү жана акционери Геннадий Тимченко.
Владимир Путин (солдо) жана Volga Group инвестициялык тобунун негиздөөчүсү жана акционери Геннадий Тимченко.

"Редут" менчик аскер компаниясына чакырган жарыялар соцтармактарда, ошондой эле Telegram каналдарда байма-бай жарыяланып турат. "Талапкер 25 жашка чейинки аскердик адистиги бар күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн жаш адам болушу керек".

Ошондой "талапка жооп берген" жалданма аскерлердин бири ысымын жашырып, "Idel.Реалиге" маалымат берип, "Редутка" "андай талаптар менен тандап отурбай баарын иргебей ала берерин" ырастады. Анын айтуусунда, 20 жаштан өткөн жаш адам оор беренелер менен (баңгилик, зордуктоо) соттолбогон болсо, ден соолугу мыкты экенин ырастаган кагаз алып келсе ала беришет.

Келишимде (анын көчүрмөсү "Idel.Реалиде" бар) "Редут" жеке аскердик компаниясынын катарына өткөн адам иш берүүчү менен келишим түзөрү жана кожоюну РЛСПИ деген жалаң баш тамгалардан турган уюм экени белгиленип, бирок ага кирген адам аскердик иш-аракеттерге катышары так көрсөтүлгөн эмес.

Жалданма ишке макул болгон талапкерге "бул өзү курулуш компаниясы, катталган жери Ростов-на-Дону экенин" айтышат. А бирок болгон документтерди каттап, алардын иштеп жатканын ырастап берүүчү СБИС системасында "Спарк" жана "Контур. Фокус" деген уюмдар жок. Тармакты чукулап издеген киши аталган жерде кайсы бир "Социалдык-психологиялык изилдөөлөдүн лабораториясы" болгонун биле алат: антип мурда иштеп кеткендердин айткандары бар.

"Idel.Реалиге" ысымын жашырып маалымат берген жалданма аскер Украинанын төрт облусун басып алганга чейин айлык акыны доллар менен колго санап беришкенин айтып берди. Азыр болсо Орусиянын "өзүнө кошуп алган жерлерде" уруш жүрүүдө, ошондуктан акчаны орус рубли менен берүүдө — жалданма аскерлердин жасап жаткан иштери чет жерде деп эсептелбейт.

"Курулуш компаниясындагы" айлык акылар:

  • Жеңил жараат — 5000 АКШ доллары;
  • Оор жарадар болгондор — 25 000 АКШ доллары;
  • Каза болсо — 60 000 доллар;
  • Жатаканасы жана тамак-ашы — суткасына 20 доллар.

Айлык акы менен сыйлыктын канча болору өзүнчө келишимде көрсөтүлгөн – анысы кызматкердин кесиптик даярдыгына жараша аныкталат.

Документте бүдөмүк жазылган сүйлөмдөр бар — келишимге ылайык, компанияга каалаган киши "кызматкер" боло алат. "Кызматкерге төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөр берилет: жумуш берүүчүнүн чечимине жараша кандай учур болбосун ар кандай атайын тапшырмаларды аткаруусу керек" — "Редуттун" келишиминде ушинтип жазылган.

"Менимче, документ — кызыктай эле, анда эмгек мыйзамдарынын талабы ачык бузулган, башка мыйзамдарды (мисалы, валюталык) айтпай эле коёюн, айрым жерлери Конституцияга (кирүү-чыгууга тыюу салуулар) кайчы келет, эмгек келишиминин так сакталышын ырастоочу милдеттер (аткарылчу иштер, социалдык кепилдиктер) көрсөтүлгөн эмес", - дейт документ тууралуу пикирин билдирген юристтердин бири (ысымын жашырын калтырууну өтүнгөн).

Буга карабастан укуктук жагынан эмгек келишимин түзүүгө мүмкүндүк берилген. Ага өлкөнүн Эмгек кодексинин милдеттүү жоболору киргизилбесе да документке кол койгондо андан чыгып кетүү, келишим түзүлбөдү деп жараксызга чыгаруу мүмкүн эмес дейт юрист.

РЛСПИ — Ростов-на-Донуда жайгашкан Орусиянын Коргоо министрлигинин алдындагы жергиликтүү социалдык-психологиялык изилдөөлөр лабораториясы. Аскердик бөлүктүн номуру — 35555, бирок мунусу документте көрсөтүлгөн эмес. Аскердик бөлүк Орусия федерациясынын Башкы штабынын Башкы чалгын башкармалыгына – ГРУ (Орусия федерациясынын Коргоо министрлигинин тышкы чалгын органы) таандык.

"Жумуш берүүчү ким экени так көрсөтүлгөн эмес. Ачык эмес, ортодо маселе жаралса кимге доо коюп, ким менен соттошоруң да белгисиз", — дейт документке түшүндүрмө берген юрист.

Келишимдин текстинде "оор жана жеңил жараат алгандар" деп көрсөтүлгөн, бирок анын кандайлыгын аныктоочу документке шилтеме берилген эмес. Мындай жагдай компенсация төлөнбай калган чакта укугун коргоп чыккандардын мүмкүнчүлүгүн тарытат.

"Редут" Коргоо министрлиги менен иштейт, акчаны региондордон алат", — дейт мурда ушул жерде кызмат кылган казандык аскер. Анын сөзүнө ынансак, муну жалданмачылардын баары эле айтып жүрүшөт. ЧВК "министрликтин кызыкчылыгына иштейт", ошондуктан аларда кылмыш жоопкерчилигине тартылып калам деген коркунуч жок.

Коргоо министрлиги менен кызматташтык Башкы чалгын кызматынын 16-бригадасын колдоодон деле көрүнөрүн жалданма аскер ырастады. Жалданма аскерлер бригаданын Тамбовдогу "Трегуляй" аскер полигонунда машыгуу мүмкүндүгүнө жетишкен.

Удмуртиядан келген Александр ал жерде машыгуудан өткөн - "Редуттун" “Бейбаштар” ("Хулиганы") батальонунун аскери. Жалданма аскердин айтымында, ал жерде камсыз кылуу жана акча жагынан маселе болгон.

"Мага, башка дагы бир топторуна жараат алганыбыз үчүн акча төлөп беришкен жок", — дейт аты-жөнүн толук атабаган аскер.

Александр сүрөтүн салып жибериптир, анда ал ооруканада керебеттин жанында турат. Куркуйган ак моюн сөөктөн домпоюп чыгып күрөң жараат тартылган экен. Сол колун таңып коюшуптур, андан шүүшүндөп кан чыгып турат.

"Мына ушул жараатка акча төлөбөй коюшту… Бийик дарбазага мина тийип жарылды, бронежилети — картон", — дейт Александр.

Анын полкунда эле бери дегенде ар кыл жагдайларда жараат алган 20 жоокер болгон. Алардын 13ү өтө оор жарадар болгондор. Жарадарларга убада кылынган акчалар бирөөнүн да эсебине келип түшкөн жок, бири да албады дейт Александр.

"Чынымы айтайынбы, ал акчаны артына тыгып алышсын. Уяттары болсо балдарга төлөп беришсин", — деп жалданма аскер ачуусун кармана албай турду.

Ал аскер прокуратурасына да кайрылыптыр, бирок жооп ала албаптыр.

"Булардын ЧВКсы "Редуттун" башкаруучучулары ФСБ менен ГРУнун адамдары. Ким экенин так айта албайм", — дейт жалданма жоокер.

"Шторм": бийлик алмашуу жана жикчилдерге доомат

"Редутка" туш келгенден сактасын, ал жерде кызылдай алдамчылар, болгондо да "Шторм" бөлүгүндө. Биздин эсебибизден ЧВКнын акчасын айлантышат, ушул эле! Алардын "Кочевник" деген каймана ысымдуу командири бар, баарына асылган жүзү жок неме! Өздөрүнүн жанкечти тобу бар, ошолор биздин эсебибизден акча жасашат – кылгандары ошол. Өлүп калгандарга, жарадар болгондорго акча төлөшпөйт. Жок болгон жеринде таштай салып артын карабастан кете беришет", — деп жазат Ибрагим Исмаилов жалданмалардын "ВКонтакте" тармагындагы талкууда.

"Idel.Реалии" менен маегинде Исмаилов "Редуттун" "Шторм" бөлүгүндө кызмат кылганын ырастады. Анын айтуусунда, "Старый" деген аскерге жарадар болгондо акча төлөбөй коюшту, "Борода" деген аскердин үй-бүлөсүнө маркумду көмүүгө бөлүнчү "табыт" акчасын бербей коюшту. "Старыйды" госпиталда дарылашты — бирок ал жерден минанын сыныктарын толук алалбай коюшту.

Мындай шартка нааразы болгон "Штормдун" аскерлери башчыларын алмаштырууга жетишти. Азыр ал жерде акча төлөп берүү жагында эч кандай маселе жок.

"Ал жерге каалагандын эле баарысы бара беришпейт, өздөрүнүн дасыккан кишилерин гана алышат", — деп "Редуттун" атын атагысы келбеген жоокери ушундай маалыматты берди. Ал "Шторм" жеке аскер компаниясы болуп калганын айтууда.

"Дон": Өлкөнүн башкы атаманы, каржы жагы да дурус

"Редутка" байланышкан "Дон" — казак топторунан куралган бригада, урушка келген ыктыярчылар. Алардын аскерлери да акчаны "Редут" аркылуу алышчу, бир жерден каржыланчу дейт Донбастын ыктыярчылар биримдигинин жоокери Максим.

Урушту ар ким өзүнчө жүрүзчү - "Дондун" жалданмалары башка келишимдерге кол коюшкан. Азыр казактар бригадасы БАРС системасынын резервинде, юридикалык жагынан Коргоо министрлигине байланыштуу болуп калды.

Айтса, "Дон" дагы жалданмаларды алдап кетүүнүн кыныгын алган. Өлүп калса табытына да төлөп беришпейт. Баса, "Волки" ("Редуттун" ичинде) да акча төлөбөй калган, алар Киевдин жанында турушту, балдар токойдо партизандык да кылышты", — дейт Максим.

"Дон" баарын каратып туруп эле алдап кетти", — дейт ысымын атагысы келбеген дагы бир казандык жалданма аскер.

Анын айтуусунда, балдардын көз алдында "Дон" бригаданын "Старый" деген жоокери өлгөндө, үй-бүлөсү кенемте акча алган жок.

"Дьяконов — жалпы орусиялык казак атаманы, ошол бир убакта дайынсыз жоголуп кетти. Ошол эки айдын ичинде 500 адам акчага марып, жыргап калышты", — дейт "Редутта" кызмат өтөгөн удмуртиялык Борис деген жоокер.

Николай Дьяконов — Орусиянын жана чет жердеги казак аскерлеринин башкы атаманы. Социалдык тармактарда ал эркектердин баарын "Донго" кошулуп согушка үндөп келатат. Орусия Кырымды басып алганда жол баштооч атаман болчу, запастагы майор.

"Кондратьевдин дагы бул алдамчылыкка тиешеси бар. Алар адамдарды жазгырышты. Жадакалса алардын паспортторун уурдап алышкан", — дейт Борис.

Алексей Кондратьев —Тамбов облусунан шайланган сенатор, Тамбовдун мурдагы жетекчиси. Башында ал Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) 16- бригадасында командирдин орунбасары болуп кызмат өтөгөн. Ал жерде полковникке чейин жеткен. Шаардык басылмалардын маалымдашынча, Кондратьев "Донду" башкарат, согуш башталгандан бери урушта.

"Донбастын ыктыярчылар биримдиги": кайдыгерлик, аскер кийимдин жоктугу

20 жашка толо элек Максим Нижегород облусунан келип Донбастын ыктыярчылар биримдигинин катарында урушуп жүрөт. Жашы жетсе "Редут" катарына кошулмак.

Донбастын ыктыярчылар биримдиги өзүн өзү эгемен деп жарыялап алган "ДЭР" менен "ЛЭР" жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүп, "патриоттук иш-чараларды" өткөрүү, урушка катышкан ыктыярчыларды социалдык колдоого алууну негизи максаты катары көрсөткөн, анысын социалдык тармакта такай жарыя кылып келатат, ДЫБ - социалдык максатты гана көздөй турганын басса-турса жарыялап келаткан биримдик. Донбастын ыктыярчылар биримдиги аскердик түзүм экенин жазышпайт.

Донбастын ыктыярчылар биримдигин Орусиянын Мамдумасынын депутаты "ДЭРдин" мурдагы "премьер-министри" Александр Бородай жетектейт. "ВКонтакте" тобунда ДЫБга тийиштүү үч батальондун бардыгы көрсөтүлгөн — "Орёл" (БАРС-9), "Рюрик" (БАРС-13) анан "Гром" (БАРС-20).

Александр Бородай
Александр Бородай

ДЫБ жоокерлери Ростов облусундагы Кадамов аскер полигонунда машыгууда. Өлкөнүн урушка даяр аскердик резерви - БАРС системасына кирет. Максим ДЫБдын "Орёл" батальонунда кызмат өтөгөн, убада кылынган акчанын баарын алган. Алардын отряды мотоаткычтар деп эсептелчү. Кээде жараат алгандарга акча төлөнбөй калчу, бирок аны кыска убакта оңуна чечишчү.

Анын айтуусунда, "Донбастын ыктыярчылар биримдиги" (ДЫБ) аскерлердин бир бөлүгүн "Редутка" жөнөтүшөт. Кийин алардан атайын отряддарды түзүшкөн. Атайын отряддын жоокерлери "Редут" менен түзүлгөн келишимге кол коюшкан; ошондон кийин гана алар деле башкалардай аталган аскердик компаниянын жоокерлери деп эсептелген. Алардын бир гана өзгөчөлүгү – ДЫБ мүчөлүгү сакталган.

Бардык башка "редутчулардай" эле атайын отряддардын жалданма жоокерлери БАРС системасына киришпейт. Урушка киришет, бирок министрликтин эсебинде жок. Юридикалык жагынан алар жоокер эмес, ошол эле мезгилде ДЫБ кирген ыктыярчылар аскердик резервдеги жоокерлер катарында жүрөт, аскер кызматкери деп эсептелинет.

Уфадан келген Алексей дал ушундай атайын отрядга туш келген. Анын бөлүгү "Херсон" деп аталат. Ал жерде жарадар болгон 35 жоокерге "жараат алгандыгы үчүн" деп кенемте төлөп беришпеди. Аскердик жарак-жабдыкка делген "каражатты" да беришпеди. Болгону эки батинке, бир аскердик форманын комплектин колуна карматышкан.

"Аскерлер каршы чыгышты (аскер жетекчилеринин ишине нааразы болгон жоокерлер кызмат өтөөдөн баш тартышты), келгенине эки ай болгондон кийин оорукка кеткендердин жарым айлык маянасын бербей коюшту. Андай командирлер менен эч кимдин аскердик кызмат өтөгүсү келген жок. Аларга баары бир экен", — деп жазды Алексей.

БАРС: жасалма аскерлер жана Коргоо министрлиги

Өлкөнүн урушка жарамдуу аскер резерви (БАРС) Ростов облусундагы Кадамов аскер полигонунда машыгуудан өтөт. БАРС системасына ыктыярчылардын баарын киргизип коюшкан. Юридикалык жагынан ал жерде "Донбас ыктыярчылар биримдиги" менен жергиликтүү аталыштагы батальондор "Дондун" аскерлери да бар.

БАРСка кирген жоокерлердин укугу бузулуп жатканы тууралуу посттор өткөн жылдын август-сентябрында көптөгөн орусиячыл Тelegram каналдарда жайнап чыккан. Ал жерде жарыялангандар "Русская Община ZOV" менен "Десантниктер союзу" коомдук уюмунун Башкы аскер прокурору менен Коргоо министрликтерине кайрылууларын Телеграм-каналдар көчүрүп жарыялашкан.

Кайрылууда БАРСтын жарадар жоокерин аскердик госпиталдарда дарылашпаганы, жарадар болгонун каттап, ал тууралуу справка беришпегенин, жараатын өтүшүп кеткен мурдагы оорусуна же жаш курагына шылтоолоп чыгарып салышарын көрсөтүшкөн.

Эгер адам урушта контузия алса, аны документ аркылуу ырасташ мүмкүн эмес. Айрым жарадар аскерлерге госпиталдан үйүнө жетип аларлык акча беришпейт – андайлар көчөдө жатып же тааныштарыныкында жатып калганын, сапаттуу дарылоого же үйүнө жетиш үчүн акча сурап жүрүшкөнү айтылган.

БАРС жоокеринин аскердик билетинде анын урушка катышкандыгы тууралуу белгилер коюлбайт. Аларды жергиликтүү ооруканаларда дарылашпайт, себеп дегенде алар юридикалык жагынан аскер кызматкери деп эсептелинбейт.

БАРС жоокерлери кол коюлчу келишим шарттарын билүү мүмкүндүгүнөн да четтетилген. Документтин көчүрмөсү колго берилбейт, жоокерлердин урушка үндөгөн аскер адамынын айтканына ишенгенден башка айласы жок. Аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери келишимдин экинчи нускасын ошол шаардагы аскер комисарлыгы тиешелүү жумуштарды жасап бүткөндөн кийин аларын убада кылышат. Келишим колго берилбегенден улам документти калыбына келтирүү өтө оор. Жер-жерлердеги аскер комиссарлары өтүнүчтү кайда жөнөтүүнү билишпейт, аскер бөлүктүн номуру, башка керектүү маалыматтар жок.

"Өкүнүчтүүсү, баары туура!", — дешти Алексей менен Максим "Idel.Реалиге" курган маегинде. Экөө тең БАРС системасында кызмат өтөшкөн.

Макала айрым кыскартуулар менен которулду. Түп нускасын орус тилинде бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG