Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Кылмышкерден "ашпозго", ишкерден "козголоңчуга" айланган Пригожин ким?


Орусиялык ишкер, "Путиндин ашпозу" Евгений Пригожин (солдо) өзүнүн ресторанында Владимир Путинди сыйлоодо, 11-ноябрь 2011-жыл
Орусиялык ишкер, "Путиндин ашпозу" Евгений Пригожин (солдо) өзүнүн ресторанында Владимир Путинди сыйлоодо, 11-ноябрь 2011-жыл

Евгений Пригожин - мурда абакта жатып чыккан, Петербургдагы ресторан бизнесин Кремлдин кирешелүү келишимдерине чейин жеткирген, жаманаттысы менен жалпыга таанылган “Вагнер” жеке менчик аскер компаниясын негиздеген. Орусия Украинага уруш ачкандан бери ысымы медиадан түшпөй, негизги фигурага айланып, орусиялык аскер башчыларын аёосуз сынга алып, тиреш апогейине жетип, "куралдуу көтөрүлүшкө" айлана жаздады.

24-июнда кечинде Москваны беттеп жалданма аскерлерин баштап бараткан Пригожин менен “келишимге жетишилгени” маалымдалды. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Вагнерге" каршы ачылган кылмыш иши жабылганын, жанкечтилерге коопсуздук кепилдиги берилерин ырастады. Буга жооп кылып Пригожин баш калаага жакындап калган отряддарын жолдон кайтарарын жарыя кылды.

"Вагнерчилер" Ростов-на-Дону шаарында, 24-июнь 2023-жыл
"Вагнерчилер" Ростов-на-Дону шаарында, 24-июнь 2023-жыл

“Путиндин ашпозу”

Пригожин 1961-жылы Ленинградда (азыркы Санкт-Петербург шаары) төрөлгөн. Өспүрүм кезинде уруулугу үчүн камалган – бул анын кийинки оор кылмыштарынын биринчиси болчу. Алардын арасында "куралдуу тоноо", "өспүрүмдөрдү соодалаганы" үчүн тогуз жылдан ашык түрмөдө жатып чыккан.

1990-жылы абактан бошонуп чыгат. Түрмөдөн келип апасынын экинчи күйөөсүнө кошулуп тез тамактануучу бир топ күркөлөрдү ачат.

Пригожиндин Путин менен кайсы мезгилде таанышып, жакын мамиле түзүп калганы белгисиз. Бирок да ошол 1990-жылдары Путиндин мэриядагы иши жүрүшө баштаганын эске алганда, петербургдук ишкер экөөнүн жолу кайсы бир жерден кесилишкен болуу керек деп болжолдоого болот.

Кийинчерээк Пригожиндин ресторан бизнеси өөрчүгөн; шаардагы анын ресторандары кооз, кымбат болчу, ал жерге бийлик мыкчыгерлери менен шаар элитасынын өкүлдөрү көп келишчү. Жүрө-жүрө анын бизнеси кеңейе баштаган, Concord Catering компаниясы аркылуу тамак-аш даярдап, кызмат көрсөтүү үчүн келишимдерди түзө баштаган.

Пригожиндин ресторандары алгач мектептерге, ооруканаларга жана түрмөлөргө тамак-аш даярдап, жеткирип, кызмат көрсөткөн, кийин алар ири өкмөттүк иш-чараларды тейлөөгө өткөн.

Анан Кремлде отургандарга тамак-аш жеткирүү, орусиялык ири элита өкүлдөрүн тейлөө боюнча келишимдер түзүлүп, мунусу эл арасында Пригожинге “Путиндин ашпозу” деген лакап атты жабыштырган.

2006-жылы АКШ президенти Жорж Буш — кичүүсү Санкт-Петербургга келгенде Путин уюштурган кечки сый тамакта Пригожин анын аялы экөөнө шарап куюп берип сый көрсөткөн.

2012-жылы Пригожиндин компаниялары Коргоо министрлиги менен пайдалуу келишимдер түзүүгө жетишкен, ага ылайык орус аскерлерин азык-түлүк менен камсыз кылуу жана коомдук тамактануу жаатында кызмат көрсөтүү милдети тийген.

Келишим Путиндин кыйладан берки жакын адамы, көп жылдар Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген Сергей Шойгунун Коргоо министри болуп дайындалгандан кийин токтотулган. Кыязы, ушул жагдай Пригожиндин Шойгуну жек көрүп калышына алып келген болуу керек.

Жалданмалар менен троллдор

Пригожиндин менчик аскер компанияларынын караңгы дүйнөсүнө качан, кантип киргени белгисиз. Бирок да байкоочулардын текши баары ага себеп болчу жагдайлардын негизгиси катары Сириядагы уруштун башталышын, ага сириялык өкмөттүн атынан деп чыккан Орусиянын апыл-тапыл катышып калышын көрсөтүшөт.

Сириядагы урушка катышкан башка жеке компаниялардан бөлүнүп чыккан "Вагнер" тобу болжол менен 2014-жылы түзүлдү окшойт, бул кезде Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерди козутуп, аянбай каржылап жаткан чагы болчу. Компаниянын алгачкы белгилүү жетекчиси – орус аскердик чалгын кызматынын мурдагы офицери болчу.

Кыйла жылдар Пригожинди "Вагнердин" демөөрчүсү деп эсептеп келишкен, ал өзү болсо Орусиянын Украинадагы согушу күчөп турган чакта 2022-жылдын сентябрында менчик аскердик компания анын ээлигиндеги түзүм экенин ырастады.

Сирияда "Вагнердин" жалданмалары өзгөчө мыкаачылыгы, дагы башка толгон аскердик кылмыштары аркылуу таанылып, бул жаатта ага айыптар коюлган. Топторго кирген жалданмаларды башка өлкөлөрдөн, айталы, Судандан, анан да Борбордук Африка республикасынан учуратууга болот, бул жерлерде Пригожинге байланышкан компаниялар алтын жана башка пайдалуу кендерди казып алуу боюнча концессияларды алууга жетишкен.

2013-жылдын сентябрында орусиялык журналисттер "Интернет-изилдөөлөр агенттиги" компаниясын иликтей башташкан. Компания Санкт-Петербург шаарынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан, аталган компаниянын аты кийин "Орусиялык троллдор фабрикасы" катары жалпыга таанылды. Компания Пригожиндин Concord бизнес-тармагына таандык, ага кызматкерлерди Facebook, Twitter жана ВКонтакте, ошондой эле чагымчылдыкка түрткөн комментарийлерди же жалган жеке баракчаларды иштеп чыкчу топтошкон онлайн-профилдерди жасаш үчүн алышат.

2018-жылы АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңип чыккан. Андан эки жыл өткөн соң АКШнын Юстиция министрлиги Пригожин баштаган 13 орусиялыкты айыптап, аларды кармоого ордер берген. Орусиялыктарды шайлоо жыйынтыктарын бурмалоо максатында кутумчулук уюштурган деп күнөөлөшкөн.

Иликтөөчүлөр эмдиге чейин "Интернет-изилдөөлөр агенттиги" жайылткан троллдор америкалык шайлоочуларга кантип таасир көрсөтүшү мүмкүн деп талашып жатышканы менен, мындай аракет Пригожиндин ийгилиги катары бааланып, анын ысымын алыска таанытты.

Орусиялык генералдар жана барскан

Путиндин буйругу менен 2022-жылдын 24-февралда Украинага басып кирердин алдында орусиялык аткаминерлер менен аскер башчылар, кыязы, орустун ополтоо аскерине украиндер туруштук бере албайт, Киев өкмөтү бүжүрөп багынып берет, украин аскерлери тыптыйпыл талкаланат деген азгырык ойго алданган болуу керек. Андай болбоду, уруш күчөгөндөн күчөп Орусия аскер күчтөрүнүн кыйла жылдар катылып келген проблемалары калкып чыга баштаган сайын канмайданда "вагнерчилердин" аракет-кыймылы көзгө көбүрөөк билинип, аты угула баштады.

Тактап айтканда, ЧВК "Вагнердин" жалданмалары Мариуполду камалоодо, андан кийинки Северодонецк, Лисичанск, Бахмут шаарларынын ичиндеги жаатташкан тараптардын жан аябаган канабайрамдарында катуу турушту.

Аны менен эле тим болбой, Пригожин орусиялык түрмөлөрдү кыдырып камактагыларды канмайданга тартуу ишин баштап ийди. Ал орус аскер башчыларын аёосуз сындап, Шойгуну баш кылып көптөгөн кол башчыларды жекирди, Путиндин өзүнө кайрылып жалпы элди согушка тартууну талап кылууга өттү. Маселен, Пригожин аскер башчылар анын жалданма аскерлерине керектүү ок-дарыларды берүүдөн баш тартып жатышканын жарыя кылды.

Пригожин "тартипти бекем кармаш үчүн зордук-зомбулук көрсөтүлүшү керек" деп эсептейт, "аскер адамы канчалык корксо, ошончолук ийкем болот" дейт. Маселен, Сирияда анын жанкечтилери туткунга түшүп калган адамды кантип кыйнаганы, адам чыдагыс азаптарды көрсөткөнү, байкушту барскан менен койгулашканы видеого түшүп калган.

Пригожин барсканды согуштук агрессиянын символдорунун бирине айлантып койду: 2022-жылдын ноябрында ЧВК "Вагнерге" байланышкан Telegram-каналда Украина тарапка өтүп кетти делген орус аскерин "вагнерчилер" жерине кайтып келгенде кармап алып жарымжан немени барскан менен жанчып жатканын көрсөткөн видео жарыяланды. Пригожин аскерлеринин андай кадамын туура деп эсептерин кийин билдирди.

Анын [кол башчыларды] тикендүү сынга кактаганын жактыргандар деле аз эмес, себеп дегенде, мыйзам чыгаруучулар Орусия Украинага согуш ачып басып киргенден кийин аскер күчтөрүн апачык сындоого тыюу салган, ал үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Фейктер тууралуу мыйзамды колдонуп согушка каршы чыккан ондогон орусиялыктарды түрмөгө тыгышты, муну алар орус армиясын жаманатты кылууга каршы аракет деп баалашат.

"Вагнердин" айрым бөлүктөрү туруктуу орус армиясына караганда кээ бир учурларда кыйла натыйжалуу деп эсептелгени менен Донецк облусундагы Бахмуттун алдында кыйракан түшүп кырылды. Батыш аткаминерлери жөө аскерлерди - "Вагнер" жалдаган абакчыларды канабайрамга толкун-толкун кылып сүрөп айдаганын маалымдап турушту.

Толук он ай Бахмутту камалагандан кийин 20-майда орус аскерлери шаарды ээлешкенин жарыя кылышты. Путин "Вагнер" жалданмаларынын канмайдандагы эрдигин мактоого алды, бирок да ал жерде Пригожиндин атын атабады, майданда эрдик көрсөткөндөрдүн ысмын айтпады.

Андайга Пригожин да бош келбей Орусиянын аскер башчыларын дагы катуу сындады. Кремлдик деп эсептелген теле журналист Константин Долговго курган маегинде, ал жалгыз Шойгу эмес, анын балдарына да акаарат айтты. Пригожин "Украинадагы согушта Орусия жеңилип баратканын, күтүп отурбай аскердик абал киргизүүнү сунуш кылды, 1917-жылы орус падышасын большевиктик бийлик ушундай жагдайда кызматтан алып түшкөнүн, төңкөрүш коркунучу башбактап турганын" эскертти.

"Элитанын балдары каалагандай чалчаңдап жашоодо, эч кимден тартынбай, уялбай, мурдагыдай бейгам жашап жатышат. Мындай бөлүнүүчүлүк 1917-жылдагыдай революцияга алып келиши мүмкүн, нааразылыкты аскерлер баштап, артынан жакындары чыгып уланып кетиши ыктымал", - деп билдирди Пригожин.

“Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын бөлүктөрү Орусиянын түштүгүндөгү Ростов-на- Дону шаарын ээлеп, түндүктү карай канжол менен Москвага карай жөнөгөндөн көп өтпөй билдирүү менен чыккан президент Путин да 1917-жылды эскерди. Мунусу - Пригожиндин козголоңу Путинге каршы туруунун эң опурталдуусу экенин эскертүүсү. 23 жылдан бери Орусияны жалгыз башкарып келаткан диктаторго буга чейин бир да бирөө минтип катуу каш кайтарган эмес эле.

Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG