Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:11

Эл аралык Олимпиада комитети Лукашенкого оюндарга келүүгө тыюу салды


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Эл аралык Олимпиада комитети Александр Лукашенко жетектеген Беларустун Улуттук Олимпиада комитетинин башчыларын уюм өткөргөн иш-чараларга катышуусуна тыюу салды. Буга кошумча Беларустун Олимпиада комитетине финансылык колдоо токтотулду. Чечимде бул чаралар убактылуу экени жана кырдаалга жараша өзгөртүлүшү мүмкүн экени айтылган.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Беларус бийлигин спортчуларды саясий мотив менен куугунтукка алганы боюнча териштирүү баштаган.

Быйыл август айында бир жарым миңдей беларус спортчусу Александр Лукашенкого ачык кат жазып, өлкөдө таза шайлоо өткөрүүгө жана нааразылык акцияларына чыккандарга карата куугунтукту токтотууга чакырышкан.

Мындан соң бул спортчулардын айрымдары жумуштан бошотулса, кээ бирлери камакка алынып, соттолду. Алардын арасында фристайл боюнча дүйнө чемпиону Александра Романовская, жөө күлүк Светлана Куделич, жеңил атлетчи Андрей Каравченко жана баскетболчу Елена Левченко бар.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек.

Андан бери бийлик демонстранттарды кууп таратып, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүн күч колдонуп кармап келет.

АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Беларус бийлигинин бул аракеттерин сынга алып, санкцияларды киргизген.

Орусия Беларустагы шайлоону тааныган жана абал курчуп кетсе Лукашенкого жардам көрсөтөрүн убада кылып келет.

XS
SM
MD
LG