Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Өз балдарын өгөйлөгөн мамлекет өнүкпөйт


Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

Жаңы муундун өкүлдөрү

5-октябрдагы шайлоо, ага чейинки бир айлык өнөктүк, жайында далай кишини күчтөн тайытып суй жыккан пандемия - Кыргызстанда жарандык активисттердин, коомдук ишмер, саясатчылардын жаңы мууну өсүп чыкканын көргөздү.

Алар биздей калпты көп айткан, жасалмалуулук менен жагымпоздукту көрүп чоңойгон муун эмес. Мен калп айткан эмесмин деп так секирбей эле койгула, Ленин атабызга, партия, комсомолго ант берип жатканда өзүбүз ишенбей эле айта бергенибиз бизди ошого тарбиялаган.

Жаңы муун башка, кантсе да дүйнөнү чырмалыштырып салган Интернет заманынын балдары. Маалыматтын көптүгүнөн булар кичинекейинен ар нерсени салыштырып анализдегенге өз алдынча үйрөнүштү. Айланадагы көрүнүштөрдү бирөө айткандай эмес, өз мээси менен ойлонуп кабыл алууга көнүштү.

Бир айлык шайлоо өнөктүгү маалында бийликтегилердин кемчилигин көзгө сая ачык айтып, чын ниетинен алыскы айылдарды кыдырып, эл менен жолугуп, алардын айтканын угуп, ошого шерденип, добуш берүү калыс өтсө парламентке барып мамлекетти өнүктүрүүгө, чырмалышкан коррупцияны жок кылууга, билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономика, бизнести өнүктүрүүгө салым кошобуз деп ишеништи. Аягында андай болгон жок. Добуштар дүңүнөн сатылып, баягы эле чоңдордон коркуп жашап көнүп калган байоо жердештерибиз баарылап жаштарды “алдап кетишти”.

Шайлоонун эртеси башталган элдик толкундоо, көчө нааразылыгынын башкы мотору, кыймылдаткыч күчү – кайра эле ушул жаштар болуп беришти. Таяк жешти, жарадар болушту, ондон ашууну азыр бир-экиден көзү агып кетип, колу-буту жулунуп, же дагы башка жарааты менен ооруканада жатышат. Лейлектик 19 жаштагы Үмүтбек шейит кетти. Бир үйдүн жалгыз уулу экен, “мындан ары мага жашоону кереги жок” деп апасы сыздаса жанында чыдап тура албайсың.

Өз жолун өзү чапкан балдар

Кыргыз саясатынын жаңы мууну болчу башкы каармандарды сыртынан гана тааныйм. Тилек Токтогазиев тууралуу даректүү тасманы көргөм. Ал Бишкектин четиндеги жаңы конушта жашаган карапайым үй-бүлөнүн баласы. Жакшы окуп, чет тилдерди үйрөнүп, кофе даярдаган кичинекей аппарат сатып алып кофе сатып баштап, кийин топурак чукуп жашылча-жемиш өстүрүп, күнөскана куруп, алыскы чет өлкөлүк тажрыйбаларды Интернеттен окуп үйрөнүп, мыкты жер семирткич болот экен деп сойлогон курттарды сатып келип кыртышты оңдоп, генератору бузулуп түшүмүн суукка алдырып ийип банкрот болгон учурлары болгон. Банктагы насыясын төлөй албай кыйналып жүрүп, кийин кайра чакан бизнесин бутуна тургузган. Азыр өзүнүн гана бизнесине кам көрбөй, далай жаштарга аз акча менен иш баштоонун усулдарын үйрөтүп жүрөт.

Жанар Акаев – бийик тоолуу Алайдагы Кабылан-Көл деген айылда төрөлүп чоңойгон. Мектепте кыргыз тил, адабиятынан сабак берген мугалими мыкты болуп чыгып, Жанарды адабий китеп окуганга кызыктырып, “сенден мыкты журналист чыгат” деп шыктандырган.

Жанар Ош мамлекеттик университетинин студенттик акыйкатчысы экен, гезит чыгарууга активдүү катышып, ошол кезде эле ректорат, мугалимдердин кемчиликтерин айтып көзгө илинип калган кезде бизге регионалдык кабарчы болуп ишке алынган.

“Ыңгайсыз суроо”, “Азаттык+” деген программаларды алып барып жүрүп бат эле элге таанылып кеткен. Парламентке бийликтеги КСДП партиясынын атынан шайланса да, ал кездеги президент Атамбаевди ачык сындап кемчилигин айта коюп, фракциядан чыгарылып өз алдынча депутат болуп калган. Ушул жолку шайлоодо аны бийликчил партиялар алдыңкы катарга кошобуз деп чакырганда “жок, мен жаш, прогрессивдүү досторум менен "АтаМекенге" кошулам” деп өз алдынча кеткен. Агалары Казакстанда мигрант болуп жүрүп бутуна турушкан, карапайым үй-бүлөнүн кенжеси.

Али Токтакунов ата-энеси Орусияда эмгек миграциясында жүргөндө аларды сагынып, Алайкуунун жайлоосунда чоң ата-чоң энесинин тарбиясын көрүп чоңойгон жигит. Ал бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөнүн үстүндө иштеп жатканда жакын, алыс тааныш-туугандары “ушуну жөн эле койбойсуңбу, жакшы эле иштеп атышпайбы” деген далай сөздөрдү укканына карабай ишти аягына чыгарды. Олчойгон пара сунушташты, коркутуп-үркүтүү, ар тараптан басым-кысым көп болду, баарына чыдады.

Айтайын дегеним, азыркы муун биздей эмес. Булар мамлекеттин, элдин эсебинен уурдап байып жашагысы келбейт. Кичинекей болсо да бизнес баштап, же дагы башка ишке кызыгып, коомго, элге пайда келтиргиси келет. Партияларга кошулган жаңы муунду карасаңар – эч кимден кызмат, акча сурабай эле өз алдынча бизнес жасап киреше таап, жаңы жумуш орундарын түзүп жүргөндөр арбын.

Кыйын учурда ишке жараган, шайлоодо үмүтү үзүлгөн жаштар

Июнь-июлда миңдеген кишиге коронавирус жугуп, ооруканаларда орун жетпей бейтаптардын айласы куруп деми кысылып турганда дал ушул жаңы муундун өкулдөру жүгүрүп жардам берип жүрүп, далай кишини сактап калышпадыбы.

Тилек Токтогазиев алыскы региондорду кыдырып, чакан кычкылтек станцияларын куруп, азыр ал жердеги догдурлар ыраазычылыгын билдирип жатканын кызылкыялык жигит "Фейсбукка" жазды. Гүлнура Торалиева, Айжан Чыныбаева, Эркин Рыскулбеков, Урмат Жаныбаев, Урмат Насыкулов, Тынчтыкбек Алтымышев, Семетей Талас уулу, Улан Үсөйүн – бул мен атынан билгендери гана. Дал ушул жаштарыбыз далай элибизди коркунучтуу апааттан сактап калышты. Жакынын жоготуп жер тепкилеп ыйлагандардын көз жашын сүртүштү, ачка калгандарга тамак-аш, дагы башка зарыл жардам уюштурушту. Күндүзү иштеп, түнкүсүн уктабай укол сайып, концентратор жеткирип, жүздөгөн кишинин батасын алышты. Алыскы чет мамлекеттерге чейин “кыргыздарды карагыла, мамлекети алсыз болсо да ыктыярчылары кыйын экен” деп суктанган макалалар чыкты.

Анан шайлоого келгенде алардын добуштарды сатып алганга акчасы жок, бийликке жагалданып байлардын тизмесине илингенге кулк-мүнөз, табияты жол бербей четке сүрулүп калышты.

Азыр эми канча күндөн бери калыстыкты, тазалануу, жаңыланууну талап кылып жаткан жаңы муундун добушун бийликтегилер уккусу келбей сыртын салып атат. Мындан ары да жерий бере турган болсо, анда биздин коомдун келечеги кандай болот деп баарыбыз тынчсызданышыбыз керек. Дагы эле элдин эсебинен байып семирген, көздөрүн май басып эсирген көпөстөрдү даңазалап мактап, шайлоодо добушубузду берип, кызматтарга дайындай беребизби? Колунан баары келген чынчыл, абийири таза жаштарыбызды социалдык тармактарда келекелеп шылдыңдап, өгөйлөй беребизби? Анда коомубуз жакынкы келечекте өнугүп кетээрине ишениш кыйын.

Үмүтбек самаган адилеттик, өнүгүү, жаңы коом – эми баарыбыздын мойнубуздагы парз. Биринчи кезекте чечим кабыл алчу адамдардын мойнундагы жоопкерчилик, оор жүк.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG