Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Шайлоо мыйзамдары өзгөртүлдү


Ала-Тоо аянтындагы митинг. 7-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. 7-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңеш 6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин парламентке өтүүнүн жол-жобосун жеңилдеткен мыйзам долбоорун кабыл алган. Бул мыйзамга мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду.

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте кызыл чеке талаш менен кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин 21-октябрдагы жыйынында мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамын өзгөртүү 6-октябрда көчөгө чыккан жаштардын талабы болгонун белгилеп, долбоорду күн тартибине киргизиш үчүн айрым кызматташтары менен араздашканга чейин барган.

Депутат Алтынбек Сулайманов парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган мыйзам Жогорку Кеңештеги саясий күчтөр макулдашылганын айтты.

«Фракция лидерлери менен экөөнү тең өткөрөбүз деп сүйлөшүлгөн. Эми Баш мыйзам өзгөрөт деген деле кепилдик жок да», - деди Сулайманов.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган конституциялык мыйзамдарга президент бир ай ичинде кол коюп же кайра кайтарышы керек. Макала даярдалып жатканда бул мыйзамга кол коюла элек болчу.

Анда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов Жапаровдун позициясы мыйзамда айтылгандар менен бир экенин билдирген:

«23-октябрда келип түшкөн, 23-ноябрга чейин убакыт бар. Президенттик кызматын тапшырып кетип Садыр Нуркожоевич үлгүрбөй калса кийинки президенттин милдетин аткаруучу позициясын билдирет. Кол коёт же артка кайтарып берет. Азырынча абал ушундай. Бирок бир нерсени эске алып коюш керек. Бул элдин талабы. Садыр Нуркожоевич өзү да президенттин милдетин аткарганга чейин айтып жүргөн. Өзүнүн позициясы бул мыйзамда жазылгандарга туура келет».

Кеп болуп аткан мыйзамдын мазмуну - №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн беш млн. сомдон бир млн. сомго азайтуу.

Сулайманов айтып жаткан, Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол ачкан жана шайлоо мөөнөтүн жылдыруу боюнча конституциялык мыйзам да ошол күнү кабыл алынган. Ал мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров дароо кол койгон. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы дайындагандай 2020-жылдын 20-декабрында эмес, келерки жылдын 1-июнуна чейин өтөт. Парламенттик шайлоого чейин конституциялык реформаны өткөрүүгө да шарт түзүлдү.

Садыр Жапаров Ош шаарындагы эл менен жолугушуу учурунда Баш мыйзамды өзгөртүп, парламентке депутаттарды бир мандаттуу округдан шайлоо системасын киргизүү тууралуу сунуштар бар экенин кыйыткан.

Эгерде Садыр Жапаров айткан максаттар ишке ашырылса, анда Сулайманов сунуш кылган мыйзам маанисин жоготобу деген суроо пайда болду. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов мындай деди:

«Бул мыйзам алдыдагы конституциялык реформага карама-каршы сыяктуу. Себеби, конституциялык реформадан кийин көп мыйзамдар түп-тамыры менен өзгөрөт. Азыркы мыйзам 20-декабрда белгиленген парламенттик шайлоого багытталган. Ал шайлоо өтпөй турганы белгилүү болуп калды. Демек, ал мыйзамдын актуалдуулугу жоголду».

Шыкмаматов конституциялык реформада Жогорку Кеңеш жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык система менен шайланат деп өзгөртүлө турган болсо, аталган мыйзамдын айрым жоболорун пайдаланса болорун белгиледи.

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек бул мыйзам актуалдуулугун жоготту деген пикирге кошулбайт. Ал учурда парламенттик системаны сактап калып, аталган мыйзам долбоорунун иштешине шарт түзүү Жогорку Кеңештин колунда экенин белгиледи.

«Талант Мамытов соодалашып, ошол мыйзамдар өткөн. Азыр ошо Талант Мамытовго басым болушу керек. Садыр Жапаров «кол кой» деген талап болгону менен ал эртең кетет. Мыйзам маанисин жоготпошу үчүн парламенттин жоопкерчилиги бар. Баш мыйзамда референдумдун өтүшү, конституциялык реформа 80 депутаттын колу менен жасалат. Жапаров 500 киши менен чыкса да депутаттын колу керек. Андыктан азыр саясий эрк парламенттин колунда», - деди ал.

Буга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол ачкан мыйзамга демилгечи катары кол койгон «Ата Мекен» партиясынын жетекчиси, депутат Өмүрбек Текебаев парламенттик системаны калтыруу шарты менен макул болгонун айткан болчу.

8-ноябрда Бишкекте «Баш мыйзам үчүн» деп аталган нааразылык акциясы өтүп, анда 20дан ашык жарандык активист Баш мыйзамды сактоону, парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында өткөрүүнү талап кылган.

9-ноябрда Нарында эл менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоору он күн ичинде даяр болорун айтып, мамлекеттик башкаруунун формасын, парламенттик системаны эл чечерин билдирген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгышкан. Акциядан кийин башаламандык башталып, өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өткөнү жатат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG