Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Орусияда Навальныйга кылмыш иши козголду


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга кылмыш иши козголду. Ал өзү бул кадамды расмий Кремлдин айласы куругандагы жоругу катары баалады.

Орусиянын Тергөө комитети оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен 29-декабрда кылмыш ишин козгоду.

Расмий маалымат боюнча, оппозициячыл саясатчы Коррупцияга каршы аракеттенүү фондуна которулган 356 миллион рублди өз пайдасына короткон деп шектелүүдө. Бул берене боюнча 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Бул кабар чыккан соң Алексей Навальный "Твиттердеги" баракчасына “Путиндин айласы куруп жатат окшойт”, - деп жазды.

Андан соң Навальный "Твиттерде": "Мен дароо эле минтип айттым: алар мени өлбөй калгандыгым үчүн жана андан соң өзүмдү мерт кылмак болгон киши өлтүргүчтөрдү издегендигим үчүн абакка отургузууга далалат кылып жатышат. Ушуларын артында Путин тургандыгын далилдегеним үчүн ушинтип жатышат. Ал - ууру, ал өзүнүн уурулугу жөнүндө унчукпай коюудан баш тарткандарды өлтүрүп салууга даяр", деген пикирин жазды.

Ал эми 28-декабрда Орусиянын Федералдык Жаза аткаруу кызматынын Москвадагы башкармалыгы Алексей Навальный шарттуу жаза мөөнөтүнүн эрежесин сактабай жатканын эскерткен.

Мекеме “Ланцет” илимий журналы жарыялаган Навальныйдын ууландырылыш жагдайлары боюнча макалага таянып, саясатчынын четтеги дарылануусу аяктаганын белгилеген.

“Басылмага караганда Навальный “Шарите” клиникасынан 2020-жылдын 20-сентябрында чыгарылып, ал эми 12-октябрда толук айыккан. Мындай жол менен шарттуу түрдө соттолгон адам сот салган милдеттерди аткарбай, кылмыш-аткаруу инспекциясынын көзөмөлүнөн качып жатат. Соттун өкүмүнө ылайык, шарттуу соттолгон милдеттерди аткарбаган учурда Орусия Федерациясынын мыйзамына ылайык жоопко тартылат”, деп айтылат билдирүүдө.

Эгер Навальный Жаза аткаруу кызматынын талабына көнбөсө, ага карата шарттуу жаза реалдуу жазага алмаштырылышы мүмкүн экенин алиги мекеме эскертти. Ошондуктан бул мекеме оппозициячыл саясатчыдан 29-декабрга чейин Орусияга келип, каттоого турушун талап кылган.

Навальныйдын шарттуу кесилген окуясы 2014-жылы “Ив Роше” компаниясынын ишине барып такалат. Анда Алексей агасы Олег Навальный менен бирге ири өлчөмдөгү каражат уурдаган деп айыпталган. Жыйынтыкта саясатчы 3,5 жыл шарттуу кесилсе, агасы Олег 3,5 жылга абакка кесилип, жаза мөөнөтүн абакта жатып өтөп чыкты. Навальный бул чечимди саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Кийин Европа соту бул жаатта орус бийлиги Адам укуктары боюнча Европа Конвенциясынын «жаза мыйзам чегинде гана каралат» деген жобосун жана «адилет сот укугун» бузган деп аныктаган.

Ага-ини Навальныйлар Москвадагы сотто. 2014-жылдын 19-декабры.
Ага-ини Навальныйлар Москвадагы сотто. 2014-жылдын 19-декабры.

Алексей Навальныйдын бул жаза боюнча сыноо мөөнөтү 30-декабрда бүтүшү керек болчу. Дал ушундай шарттуу жаза мөөнөтү бүткөнү калганда орус бийлиги негизги оппозиционерге карата эскертүүсүн шардана кылды. Бирок Алексей Навальный мындай талапты Кремль өзүн ууландыруунун артында орус бийлиги турганын моюнуна алгандыгынын айгинеси деп эсептейт.

Анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш Навальный мырза Жаза аткаруу кызматы талап кылган мөөнөттө Орусияга эч келе албасын, анын Германиядагы дарылануусу аяктай электигин "Твиттерге" жазган.

«...Навальный эртең Москва кылмыш инспекциясына бара албайт. Деги Жаза аткаруу федералдык кызматынын акыл-эстүү ойлонуу жааты менен чатагы бар дейсизби? Аларга буйрук беришти, аткарышат да», - деп Ярмыш "Твиттерде" өз оюн жазды.

Бирок Орусиянын жогорку бийлиги Навальныйга карата жаңы талаптан кабарсыз экенин президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков айтып чыкты. Ал мамлекеттик агенттиктердин бирине: «Президенттин иш тартибинде абдан көп иш бар, ошондуктан бул жөнүндө ал билбейт», деп билдирди.

Эми Алексей Навальный дал ушундай шартта Орусияга келиши мүмкүнбү деген суроо турат. Буга чейин ал өз ден соолугу калыбына келгенде мекенине кайта тургандыгын билдирип келген. Бирок соңку окуялар анын Орусияга кайтышын бир кыйла татаалданта тургандай болду окшойт.

Саясат таануу адиси Дмитрий Орешкин Алексей Навальныйдын саясий күрөштү улантуу үчүн эртеби-кечпи Орусияга кайтып келиши керек экенин айтууда:

Дмитрий Орешкин
Дмитрий Орешкин

“Эгер Навальный саясатчы эмес, акыл-эси жайында жөнөкөй адам болгондо, ал Германиядан кайтпашы керек болчу. Светлана Тихановская, Гарик Каспаров же Ходорковский сыяктуу. Оирок Навальный саясатчы. Ал акыркы окуяларда саясат үчүн күрөшчүл экенин далилдеди. Ошондуктан, ал эртеби-кечпи кайтып келет. Эгер келбесе, анын саясий карьерасы аягына чыгат”.

44 жаштагы Алексей Навальный учурдагы Орусия бийлигинин эң башкы сынчысы. Ал өзү жетектеген Коррупцияга каршы аракеттенүү фонду менен бирге Орусиядагы аткаминерлердин коррупциялык иштерин, мыйзамсыз жыйган байлыктарын ашкере кылып келет.

Навальный быйыл августта Томск шаарынан Москвага бараткан учакта өзүн жаман сезип, учак жакыныраак шаар болгон Омск шаарынын аба майданына чукул кондурулган.

Омск шаарында тез жардам көрсөтүлгөн соң, комага түшкөн саясатчы атайын учак менен Берлиндеги клиникага жеткирилген. Европалык бир нече лаборатория Орусиянын башкы оппозициячыл саясатчысы ууландырылганын тастыкташкан.

14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөөсүн чыгарган. Материалда кол салууга аралашкан болушу керек деген орусиялык атайын кызматта иштеген бир нече адамдын аты аталган.

Кийинчерээк Алексей Навальный өзүн ууландырган деп шектелген коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин бири менен сүйлөшкөнүн жарыялаган.

Анын айтымында, иликтөөчү журналисттер менен бирге өзүн ууландырууга катышкан Федералдык коопсуздук кызматынын бир нече кызматкерине атайын жабдык менен телефон чалып чыккан. Навальный алардын арасында Константин Кудрявцев аттуу кызматкер менен «Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин жардамчысы" катары өзүн тааныштырып сүйлөшкөн.

Анын жүрүшүндө Кудрявцев саясатчыны ууландыруу операциясына катышканын жана «эгер Навальный түшкөн учак дароо Омскиге конбогондо, ал каза болмок», - деген пикирин айткан.

Расмий Кремль оппозициячыл саясатчы Навальныйдын ууландырылышына эч тиешеси жок экенин айтып, өзүнө карата доону четке кагып келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG