Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Путин Навальныйды ууландырууга орус коопсуздук кызматынын катышы тууралуу дооматты четке какты


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин «оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды ууландыруунун артында Федералдык коопсуздук кызматы турушу мүмкүн» деген журналисттик иликтөө тууралуу пикирин билдирди. Путин бул тууралуу 17-декабрдагы 2020-жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

«Бул - иликтөө эмес. Ал - америкалык атайын кызматтардын материалдарын легалдаштыруу», - деди Путин.

Ал ошондой эле акыркы иликтөө Навальныйдын АКШнын атайын кызматынын колдоосуна ээ экенин көрсөтөт деген пикирин да кошумчалады.

«Ал кимге керек? Эгер кааласша, бул ишти аягына чыгарып коюшмак», - деген Путин оппозициялык саясатчынын аялы телефон чалганын жана аны Германияда дарылоого өзү уруксат бергенин эске салды.

14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөөсүн чыгарган. Материалда кол салууга аралашкан болушу керек деген орус атайын кызматында иштеген бир нече адамдын аты аталган.

Путин салтка айланган басма сөз жыйынына коронавирус пандемиясына байланыштуу Москванын четиндеги Ново-Огареводогу резиденциясынан онлайн режимде катышып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын жүрүшүндө Батыш менен Орусиянын мамилесинин начарлашы боюнча суроого жооп берген орус президенти Батыш өлкөлөрүн айыптады.

XS
SM
MD
LG