Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Зеленский: Украина абадан коргонуу системаларына муктаж


Киевде өткөн Grain for Ukraine саммити. 25-ноябрь, 2023-жыл.
Киевде өткөн Grain for Ukraine саммити. 25-ноябрь, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдө абадан коргонуу системалары жетишсиз экенин Киевде өткөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча саммитте айтты. 25-ноябрда Grain from Ukraine деп аталган иш-чарага Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин жогорку даражалуу лидерлери, Швейцариянын президенти Алена Берсе дагы катышты.

Саммиттин алдында Орусиянын армиясы Украинага 75 жолу дрон менен чабуул койгон. Бул согуш башталганы бир түн ичинде учкучсуз аппараттар менен жасалган эң ири кол салуу болуп калды.

Зеленский Батыштагы өнөктөштөр Украинага порттордон экспортко чыккан дан кемелерин коштоп жүрүүчү аскердик кемелерди жиберүүгө ниеттенип жатканын билдирип, украин куралдуу күчтөрүнө абадан коргонуу системалары абдан керек болуп жатканын кошумчалады.

“Абадан коргонуу системаларынын атайын бир түрлөрү болот. Биз ошолорду сурап жатабыз”,-деди Зеленский.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен өзүнүн кат аркылуу жолдогон кайрылуусунда Киевди колдоону улантарын билдирип, Еврокомиссия украин портторун оңдоп-түздөө жана модернизациялоо үчүн 50 миллион евро бөлөрүн кошумчалады.

26-ноябрда украин армиясы орус күчтөрү учурган тогуз дрондун сегизин атып түшүргөнүн билдирди. Карапайым тургундар арасындагы жоготуулар жана жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG