Октябрь окуяларынын сабактары
Кыргызстанда Октябрь окуяларына бир жыл болду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы онунчу ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты. Алдыда кайрадан парламенттик шайлоо күтүлүүдө. Кыргызстан Октябрь окуяларынан эмне сабак алды? Былтыркы шайлоодо кетирилген каталар, кемчиликтер быйыл кайрадан кайталанбайбы? Канткенде өнүгүү жолуна түшүп, толук кандуу жарандардын укуктары, эркиндиктери сакталган коом түзөбүз, өлкөнүн алдыдагы багыты кайда баратат? Студиянын коноктору - юрист Чолпон Койчуманова, Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Болот Жунусов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров.
Чыгарылыштар
-
Апрель 29, 2024
Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты
-
Март 28, 2024
Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш
-
Февраль 22, 2024
Кызыл-Омпол: Уран казууга убакыт келдиби?
-
Январь 29, 2024
Жапаровдун бийликтеги үч жылы: эмне өзгөрдү?
-
Январь 16, 2024
Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?
Facebook шеринеси