Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:01

"Орусия Украинаны болгон куралы менен атты"


Украина
Украина

Орус армиясынын 29-декабрга караган түнү Украинанын аймактарына жасаган жапырт аба соккусунан кеминде 18 кишинин өмүрү кыйылды.

Жараат алгандардын саны 100дөн ашты. Киев, Львов, Одесса, Харьков жана башка шаарларга орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урганы маалым болду.

29-декабрдын таңында Украинанын бардык аймактарына чабуул тууралуу эскерткен сиреналар жаңырып, аскерлер карапайым тургундарды бомбадан калкалоочу жайларга тезинен түшүүгө чакырып жатты.

Орусия украин шаарларын жапырт аткылады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22 айдан берки эң ири аба чабуулдардын биринде Орусия "өз арсеналындагы куралдын бардык түрүн колдонгонун" жазды.

“Кинжал", C-300 ракеталары, канаттуу ракеталар жана учкучсуз аппараттар. Стратегиялык бомбалоочу учактар Х-101/Х-505 ракеталары менен сокку урду. Жалпысынан Украинага 110 ракета менен чабуул жасалды. Алардын көбү атып түшүрүлдү", - деп жазды Зеленский X социалдык түйүнүнө.

Зеленский бул чабуулдарга сөзсүз жооп болорун айтып, орусиялык күчтөрдүн аракетин террорго теңеди.

Украин армиясынын өкүлү Юрий Игнат орус күчтөрү үндүн ылдамдыгынан да тез учкан ракеталар, канаттуу жана баллистикалык ракеталар менен чабуул койгонун тактады.

158 ракета, дрондун 114ү асмандан атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Днепр шаары

Украинанын Днепр шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан соода борбору жабыркады. 29-декабрь, 2023-жыл.
Украинанын Днепр шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан соода борбору жабыркады. 29-декабрь, 2023-жыл.

Днепр шаарында жасалган аба соккулардан кеминде беш кишинин өмүрү кыйылганын Днепропетровск облусунун губернатору Сергий Лысак билдирди. Маалыматка караганда, ракеталардын бири төрөт үйүнүн жанына түшкөн.

"Кудай жалгап, эч ким жабыркаган жок. Эскертүү убагында берилип, ичиндегилер эвакуацияланган", - деди Лысак.

Дагы бир ракетадан калаадагы соода борбору толугу менен талкаланды.

Запорожье шаары

Орус армиясынын Запорожье шаарына жасаган аба чабуулунун кесепети. 29-декабрь, 2023-жыл.
Орус армиясынын Запорожье шаарына жасаган аба чабуулунун кесепети. 29-декабрь, 2023-жыл.

Запорожье шаарына жасалган орус күчтөрүнүн аба чабуулунан куткаруучулар бир нече саат турак жайлардын урандылардын астынан тирүү калгандарды издешти.

Аймактын аскердик администрациясы тараткан алдын ала маалыматка ылайык, "Кинжал" ракеталары менен ондон ашуун сокку урулган.

"Төрт адам мүрт кеткени маалым болду. Арасында эки аял бар. 12 киши жабыркады. Алардын айрымдары ооруканада", - деди администрация башчысы Юрий Малашко.

Жардыруулардын үнү Тернополь, Черкассы шаарларында угулду. Сумы облусунун Конотоп шаарында көп кабаттуу үй жабыркап, үч киши жараат алганы кабарланды.

Львов шаары

Львов шаарында орус армиясынын жапырт аба соккуларынан өмүрү кыйылган кишинин жанында топтолгондор. 29-декабрь, 2023-жыл.
Львов шаарында орус армиясынын жапырт аба соккуларынан өмүрү кыйылган кишинин жанында топтолгондор. 29-декабрь, 2023-жыл.

Львов шаарында "Шахеддердин" чабуулунан үч мектеп, лицей, бала бакча жана карапайым тургундардын үй-жайлары жабыркады.

Бир кишинин өмүрү кыйылып, он бештен ашууну жараат алганын калаа мэри Андрей Садовый кабарлады.

"Көп имараттар жабыркады. Бул жерде карапайым тургундардын үйлөрү бар. Он үй талкаланды. Айрымдарынын терезелери толугу менен күбүлүп түштү. Мектеп толук кыйрады", - деди ал.

Одесса шаары

Одесса шаарынын тургундары орус армиясынын чабуулдарынан кийин. 29-декабрь, 2023-жыл.
Одесса шаарынын тургундары орус армиясынын чабуулдарынан кийин. 29-декабрь, 2023-жыл.

Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдиргендей, аймак борборунда орус күчтөрүнүн аба соккусунан үч кишинин өмүрү кыйылды. Жыйырмадан көп карапайым тургун жараат алды. Алардын арасында эки бала жана бир кош бойлуу аял бар. Айрымдарынын абалы оор.

Харьков шаарынын башчысы Игорь Тереховдун билдирүүсүнө караганда, түнү калаага үч ирет абадан сокку урулду. Бир ишкананын үч кызматкери мүрт кетип, ондон көп адам жараат алганы кабарланды.

Киев шаары

Украинанын баш калаасына түшкөн ракетанын сыныктары. 29-декабрь, 2023-жыл.
Украинанын баш калаасына түшкөн ракетанын сыныктары. 29-декабрь, 2023-жыл.

Киевдин мэри Виталий Кличконун билдирүүсүнө караганда, украин баш калаасына түшкөн ракетанын сыныктарынан үч кишинин өмүрү кыйылды. Отуз чакты адам ооруканага жеткирилди. Абадан атып түшүрүлгөн ракетанын сыныктарынан бир кампада, карапайым тургундар жашаган бир көп кабаттуу үйдө өрт тутанган.

Украинанын Энергетика министрлиги соңку кол салуудан төрт аймакта электр жарыгы үзгүлтүкқө учураганын маалымдады.

Орусия көптөгөн видео, фото далилдерге карабастан Украинада бир гана аскердик жайларды бутага алып жатканын айтып, жарандык инфратүзүмдөргө сокку урганын четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG