Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Евробиримдик Орусияга санкция киргизүү маселесин талкуулайт


Алексей Навальный сотто. Москва. 20-февраль, 2021-жыл.
Алексей Навальный сотто. Москва. 20-февраль, 2021-жыл.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 22-февралда өтө турган жыйынында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү маселеси талкууланат.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү маселеси 22-февралда талкууланарын Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг немистердин "Welt am Sonntag" басылмасындагы маегинде билдирди.

Шалленберг документти Евробиримдикке кирген 27 мамлекет тең колдоп берет деген ишеничте экенин кошумчалады.

Навальныйдын тарапташы Леонид Волков Орусиянын президенти Владимир Путиндин айланасындагы адамдарга санкция салынганда гана жылыштар болушу мүмкүн деген пикирде. Ал бул тууралуу «Рейтерс» агенттигине курган маегинде айтты.

Буга чейин басылмалар санкциялык тизмеге кылмыш ишине байланыштуу гана адамдар кириши мүмкүн экенин, Путиндин айланасындагы адамдар ал тизмеде жоктугун жазышкан.

Волковдун айтымында, орус бийлиги «күчтүн тилин» гана түшүнөт жана Европа мамлекеттеринин диалог жүргүзүү саясатын Кремль кенебейт.

Мына ошол себептен биз Путин мырзага жана анын жакынкы тарапташтарына, олигархтарга жана расмий адамдарга санкция киргизүүгө чакырып жатабыз. Биз албетте баары мүмкүн эмес экенин түшүнөбүз, ошентсе дагы Кремлге компромисстердин маалы бүткөнүн так билгизиш керек, – деди Волков.

Леонид Волков.
Леонид Волков.

Мурдараак Навальныйдын тарапташтары АКШ менен Евробиримдикке 35 адамга санкция киргизүүнү сунуштаган. Алардын арасында Батышта активдери бар таасирдүү ишкерлер дагы бар эле. Бул демилгени Кремлге ыктаган маалымат каражаттары сынга алышкан.

Буга чейин Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел да санкция тууралуу маселе 22-февралда талкууланарын "Твиттерге" жазган.

Ал Орусиядагы соттор Адам укуктары боюнча Европа сотунун Навальныйды бошотуу боюнча өтүнүчүн көзгө илбей жатканын билдирген.

"Бизде баары бар, бирок бактысыз мамлекетпиз"

20-февралда Москва шаардык соту Кремлдин келишкис сынчысы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга карата буга чейин райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.

Алексей Навальный 2014-жылы алдамчылыкка айыпталып, шарттуу түрдө 3,5 жылга беш жылдык сыноо мөөнөтү менен абакка кесилген (андан кийин мөөнөтү дагы бир жылга узартылган). Бул доону Навальный саясий мүнөздөгү куугунтук түрү катары санап, өзүнүн эч кандай мыйзам бузбагандыгын билдирип келет.

2021-жылдын февраль айында райондук сот бул жазаны өзгөртүп, Навальный аны түрмөдө өтөшүн өкүм кылган.

20-февралда өткөн Москва шаардык сотунун көчмө отурумунда айткан акыркы сөзүндө оппозициячыл саясатчы бир гана өзүнүн иши тууралуу эмес, Орусиядагы жакырчылыкты да козгой кетти:

Биз бир гана Орусиянын эркиндиги үчүн эле эмес, анын бардык жактан бактысыздыгына каршы күрөшүүбүз керек. Бизде баары бар, бирок биз бактысыз мамлекетпиз. Орус адабиятын ачкылачы бир гана бактысыздыкка жана азапка толгон сүрөттөөлөр. Биз бул чырмалган айлампадан чыга албай жатабыз, бирок чыккыбыз келет. Ошондуктан урааныбызды да өзгөртүү зарыл –​ Орусия бир гана эркин болуп чектелбестен, бактылуу мамлекет да болот.

Ошол эле күнү Навальный башка бир жарандык сотто 94 жаштагы согуш ардагеринин кадыр-баркына шек келтирди делген айып боюнча күнөөлүү деп табылып, ири суммадагы айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Эки сот жараяны тең саясий мүдөө менен өткөнүн укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар белгилеп келишет.

Алексей Навальный былтыр августта Омск шаарында ууландырылган соң, Германияда дарыланып аман калган. Ал өткөн айда Германиядан дарыланып келээри менен "Шереметьево" аба майданында камакка алынган.

Анын бошотулушун талап кылып, Орусиянын бир нече ондогон шаарларында көчөгө чыккан миңдеген адамдар тартип сактоо күчтөрү тарабынан кармалышты.

Навальныйдын штабдарынын башчысы Леонид Волков «Рейтерс» агенттигине билдиргендей, алар жазында өлкөдө кайрадан «ири тынч нааразылык чараларын» уюштурууну көздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG