Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Өмүралиев: Түркияда эки жерде добуш берсе болот


Кубанычбек Өмүралиев.
Кубанычбек Өмүралиев.

Парламенттик шайлоого карата Түркияда эки шайлоо тилкеси ачылат. Анын бири Анкарадагы элчиликте болсо, экинчиси Стамбулдагы башкы консулдукта. 2017-жылы өткөн шайлоого салыштырмалуу бул жылы добуш берүүчүлөр эки жарым пайызга көбөйгөн. Дем алыштагы шайлоодо Түркиядан 1218 шайлоочу добуш бере алат.

Түркиядагы коронавирус чектөөлөрү добуш берүүгө таасир этеби жана шайлоого даярдык кандай деген суроолорго Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жооп берген.

- Кубанычбек мырза саламатсызбы? Дем алышта өтө турган парламенттик шайлоого карата Түркияда канча шайлоо тилкеси ачылат жана канча шайлоочу каттоодон өттү?

- Түркияда эки шайлоо тилкеси бар. Бири Анкарадагы элчиликте, экинчиси Стамбул шаарындагы башкы консулдуктун имаратында. Дүйнөлүк тажрыйбада шайлоо тилкелери бир гана элчиликтин же консулдуктун имаратында болушу керек.

Түркияда кыргызстандык жарандар Стамбул, Анкара, Измир, Бурса жана Анталия өңдүү ири шаарларда отурукташкан. Андыктан "Анталияда консулдук кызмат ачалы" деп Түркиянын макамдарына сегиз ай мурда кайрылганбыз.

Азыркыга чейин алгылыктуу жооп ала элекпиз. Буюрса жакын арада ачылат деген тилегибиз бар. Ал эми Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча Анкарадагы шайлоо тилкесинде шайлоочулардын саны 714 адам. Стамбулдагы башкы консулдукта 504 шайлоочу катталган. Анкарада добуш берүүчүлөрдүн саны мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу эки жарым эсе көбөйгөн. Тилекке каршы Стамбулда каттоодон өткөндөрдүн саны азайганын байкадык.

Жыйынтыгында эки шайлоо тилкесинде жалпысынан 1218 шайлоочу бар.

- Кубанычбек мырза Түркияда шайлоого катыша турган кыргызстандыктардын маанайы кандай?

- Бизге элчилике келген же телефон аркылуу байланышкан мекендештер шайлоого катышуу ниетин билдирүүдө. Ошондой эле Түркиянын булуң-бурчунан шайлоого келебиз деген жарандар болду. Аларга автоунаа уюштуруп берели десек, мыйзамга каршы келет экен. Бирок социалдык тармактарга жана элчиликтин сайтына шайлоочулардын тизмеси илинген. Консулдук каттоого турган жана №2 форманы убагында толтурган ар бир жаран добуш берүүгө укуктуу.

Ал эми коронавируска каршы чаралар боюнча жергиликтүү бийлик менен кошо иштелип чыккан алгоритмге жараша социалдык аралыкты сактоону, беткап кийүүнү жана антисептик колдонууну талап кылабыз.

Ал эми толуктай кетчү нерсе, Түркиядагы шайлоо тилкелеринде комиссия мүчөлөрүнүн баары диаспора өкүлдөрүнөн турат. Ал жерде бир гана дипломат биометрика боюнча маалыматтарды текшерүү үчүн отурат. Калгандары өзүбүздүн мигранттар. Бул да менимче шайлоонун таза өтөрүнүн белгиси деп ойлойм.

- Ал эми шайлоо күнү ар түрдүү терс жагдайларга карата алдын ала чаралар каралдыбы, балким тизмеде болбой калган кыргызстандыктар шайлоо тилкесине келсе кандай болот?

- Акыркы суроодон баштасам. Эгерде элчиликтин же консулдуктун тизмесинде жок болсо анда ал жаран шайлоого катыша албайт. Буга мыйзам жол бербейт. Тизмеде тургандар өз аты-жөнүн биздин социалдык тармактардан же Боршайкомдун расмий сайтынан текшерип алса болот. Шайлоо күнүнө карата ишемби күнү бардык шаймандарды дагы бир жолу текшерүүдөн өткөрөбүз. Жарык өчүп калса деп генераторлорду жана башка аппараттарды даярдап койдук. Баары идеалдуу болбосо да шайлоого толугу менен даярбыз деп айтсам болот. Мен биздин жарандардан шайлоого катышкыла деп суранат элем.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG