БШКнын чечими, «Бүтүн Кыргызстандын» эртеңи
Кыргызстанда Борбордук шайлоо комисссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартты. Буга партия ичиндеги карама-каршылык, курултай өткөрүүдө эреже бузганы себеп катары айтылды. Бирок партия мындай чечим бийликтин атайын кийлигишүүсү менен кабыл алынганын айтып, нааразычылык билдирүүдө. Учурдагы бийликке оппозициячыл партияны каттабоо боюнча БШКнын акыркы чечими канчалык негиздүү жана өлкөдөгү коомдук саясий абалга кандай таасирин тийгизет? Бул суроону «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттанган, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев, БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов, Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана дипломат, аналитик Аскар Бешимов катышты.
Чыгарылыштар
-
Май 16, 2024
Жазуучуга жаза: Саясий жана чыгармачыл эркиндик
-
Апрель 29, 2024
Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты
-
Март 28, 2024
Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш
-
Февраль 22, 2024
Кызыл-Омпол: Уран казууга убакыт келдиби?
-
Январь 29, 2024
Жапаровдун бийликтеги үч жылы: эмне өзгөрдү?