Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

"Өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу сокку". “Азаттык” боюнча билдирүүлөр


Бир катар эл аралык уюмдар “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу боюнча соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырды.

Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөштү.

Эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптады

Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists - CPJ) “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу соттун чечимине тынчсыздануусун билдирди. Комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гулноза Саид Кыргызстандагы ишенимдүү маалымат булактарынын бири болгон “Азаттыкты” жабуу - көз карандысыз маалымат каражаттарына коркунуч экенин айтты.

Эл аралык Amnesty International (AI) уюму да Кыргызстандын бийлигин “Азаттыкты” соттун чечими менен жабуу аракетинен баш тартууга чакырды. Уюм журналисттерди жана бийликке сын айткандарды куугунтуктоону токтотууга үндөп, сөз эркиндиги сакталышы керектигин билдирди. Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкы директору Мари Стразерс “Настоящее время” телеканалына кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш боюнча чыккан видео “Азаттыкты” жабууга шылтоо болгон деп эсептейт.

“Азаттык” радиосунун жабылышы бир эле Жалпыга маалымдоо каражатына цензура эмес, бул өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу сокку. Кыргыз бийлиги өлкөдө болуп жаткан окуяларды сын көз караш менен чагылдырууну чектеп, журналисттердин оозун жабуу үчүн дагы бир кадам жасады”.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын Демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер комитети да билдирүү кылды. Бул уюм да “Азаттык” радиосун жабуу тууралуу соттун чечими өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарына кедергисин тийгизерин эскертти.

Ал эми 27-апрелде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай корпорация “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу Бишкектин Ленин райондук сотунун “чектен чыккан” чечимине каршы кийинки инстанцияга арыз берерин билдирген.

“Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деди Жейми Флай.

Бишкектин Ленин райондук соту. 27-апрель, 2023-жыл. “Азаттыктын” ишин караган судья Чолпон Каримбаева.
Бишкектин Ленин райондук соту. 27-апрель, 2023-жыл. “Азаттыктын” ишин караган судья Чолпон Каримбаева.

“Азаттыкты” жабууга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек”

Ленин райондук сотунун “Азаттыкты” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотуу чечими Кыргызстанда да сынга кабылды. “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” абактагы мүчөлөрү соттун чечимин айыптаган билдирүү таратышты. 28-апрелде чыккан билдирүүдө “Азаттык” радиосу дүйнө жүзүнө 70 жылдан бери так маалыматты таратып келатканы, советтик тоталитардык системанын жана андан кийинки авторитардык режимдин учурунда да медиа өзүнүн миссиясынан баш тартпаганы айтылган. Соттун чечимин “авторитардык бийликти күчтөндүрүү, коррупцияны калкалоо” деп баалады.

“Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөсү, абакта отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков 28-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна соттук отурумга алынып келгенде мындай деди:

“Азаттык” - биздин өлкөнүн эркиндигинин, адилеттигинин, келечегинин символу. Азыркы бийликтин “Азаттыкты” жабууга болгон аракети акылсыздык. Бардык жарандар, саясатчылар, жалпыга маалымдоо каражаттары “Азаттыкты” колдоп, бийликке “Азаттыкты” жабууга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек”.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда белгилүү болгон.

“Азаттыктын” адвокаттары сот алар келтирген жүйөлөр менен далилдерди эске албаганын билдирип Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышарын айтышты.

Талдоочулар радионун айланасындагы окуяларды акыркы жылдары эркин медиаларга болгон басымдын улундысы катары баалап жатышат. Ушул күндөрү ЭлТР мамлекеттик телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасы менен, “Вечерный Бишкек” басылмасы kaktus.media порталы менен соттошуп жатат.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров болсо жарандыкты мыйзамсыз алган деген негиз менен былтыр ноябрь айында Кыргызстандан күч менен чыгарылган.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

“Соттун “Азаттык” жабылсын деген чечими түздөн-түз бийликтин буйругу деп эсептейм. Себеби сотто “Азаттыкка” тагып жаткан айыптар боюнча бир да далил келтире алышкан жок. Акыркы эки жылда мындай мыйзамсыз чечимдер аябай көп болду. Мен муну бийликтин сөз эркинидиги, адамдардын эркиндигине каршы иши деп эсептейм. Бизге эч ким эркиндикти алып келип бербейт. Ал үчүн күрөшүш керек. Ошондо гана мамлекетте адамдардын тобу өзүм билемдик кыла албайт”, - деди чет жакта жүргөн Болот Темиров.

Эл аралык уюмдардын жана Кыргызстандагы жарандык коомдун, укук коргоочулардын мындай билдирүүлөрүнө бийлик жооп бере элек. “Азаттык” президенттин администрациясына комментарий сурап кайрылып, суроосун жиберди.

“Азаттык” жабылса, Кыргызстандын имиджине зыянын тийгизет. Эгерде окуя мындан ары ушундай эле жол менен улана берсе сырттан карап турган эл аралык коомчулук үчүн эле эмес карапайым элге да кедергиси тийет. Себеби, бийлик эмне кылып жатканын эл билип турушу керек. Каражат каякка коротулуп жатат, башка маселелерди билишибиз зарыл. Мунун баары алтернативдүү маалымат каражаттарында гана бар. “Азаттык” жана башка эркин медиаларды жабуу элдин маалымат алуу укугун чектейт”, - деди саясат талдоочу Медет Тулегенов.

Ошентип Ленин райондук соту 70 жылдык тарыхы бар “Азаттыктын” Бишкектеги бюросунун ишмердигин токтотуу чечимин чыгарды. Бул чечим алты айдан бери уланып келаткан алгач “Азаттыктын” сайтын, андан соң банк эсебин бөгөттөөдөн соң кабыл алынды.

Бишкектин Ленин райондук соту. 27-апрель, 2023-жыл.
Бишкектин Ленин райондук соту. 27-апрель, 2023-жыл.

Сотко жеткирген эфирдин чоо-жайы

2022-жылдын 16-сентябрында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалына кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылыш боюнча түз эфирде видео материал чыккан. Анда эки тарап бири-бирин кол салууга айыптап жатканы тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматынын жана “Настоящее времянын” журналисттери айтып берген. Видеого Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин эки тараптын сүйлөшүүлөрү тууралуу берген комментарийи да кошулган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Канал Кыргызстан биринчи кол салды деп туура эмес маалымат берген” деген жүйө менен ал материалды алып салууну талап кылып, былтыр 26-октябрда “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн.

Министрлик 23-январда, “Азаттыктын” маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу боюнча Ленин райондук сотуна кайрылган. Мекеме буга негиз катары “Азаттык” радиосу “Настоящее время” каналында чыккан материалды өчүрбөгөнүн жана ЖМК жөнүндө мыйзамдын 23-беренесиндеги “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген беренесин көрсөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG