Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

“Азаттыктын” тарыхы – доорлорду байлаган көпүрө


"Азаттык" үналгысын колдоо митинги. 15-март, 2010-жыл.
"Азаттык" үналгысын колдоо митинги. 15-март, 2010-жыл.

Үстүбүздөгү айда “Азаттык” үналгысынын 70 жылдык куттуу мааракеси белгиленүүдө. “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” Кыргыз кызматына башат ачкан эне тилибиздеги алгачкы берүү 1953-жылы 18-мартта обого чыгарылган. Андан бери “Азаттыктын” жамааты алатоолуктарга маалымат айдыңындагы ак кызматын ырааттуу көрсөтүп келет. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин сереби.

Кыргызча берүүнүн түптөлүшү

Оболу 1950-жылы “Эркин Европа үналгысы” (Radio Free Europe) түптөлүп, ал Борбордук жана Чыгыш Европадагы СССРден тышкары жана Кремлге идеологиялык жактан көз каранды коммунисттик өлкөлөрдүн (ГДР, Чехословакия ж.б.) түпкү калктарынын тилдеринде эркин маалымат берүү милдетин аркалай баштаган.

Ал эми 1953-жылы 1-марттан тартып “Азаттык" үналгысынын (Radio Liberty) орусча берүүлөрү Батыш Германияда обого чыгарыла баштады. Бул уюм ал учурда “Боштондукка чыгаруу үналгысы” (“Радио “Освобождение”) деп аталган.

“Боштондукка чыгаруу үналгысынын” (“Азаттыктын” Орус кызматынын) алгачкы редакторлорунун бири Валерий Оболенский. 1954-жылдагы сүрөт.
“Боштондукка чыгаруу үналгысынын” (“Азаттыктын” Орус кызматынын) алгачкы редакторлорунун бири Валерий Оболенский. 1954-жылдагы сүрөт.

1953-жылы 5-мартта саат 21:50дө диктатор Иосиф Сталин Маскөөдө дүйнөдөн кайткан соң, эртеси күнү эле ал окуя тууралуу кабарды жана серепти “Боштондукка чыгаруу үналгысынын” (ЭЕ/АҮ) орус кызматы дүйнөгө кеңири жайылткан.

Ошол эле март айынын ичинде “Боштондукка чыгаруу үналгысынын” (“Азаттык" үналгысынын) бир нече тил кызматы негизделип, ошол кездеги СССРдин курамында жашап жаткан бир катар түпкү калктардын тилдеринде өз берүүлөрүн обого чыгара башташкан.

Бул жүрүмдүн алкагында кыргыз тилиндеги туңгуч үналгы берүү 1953-жылы 18-мартта обого чыккан. Анда сталинизмдин маңызы ашкереленген.

1950-жылдары Мүнхендеги студияларда ар кыл тилдерде даярдалган берүүлөр (анын ичинде кыргызча берүүлөр да) жазылган магниттик тасмалар жүздөгөн чакырымдай аралыкка чейин ташылып, ошол кездеги америкалык аскерлердин Батыш Германиянын Гессен жергесиндеги Лампертхайм (немисче: Lampertheim) шаарында жайгашкан радио өткөргүч жабдуулары жана (1959-жылдан тартып) Испаниядагы кыска толкундагы сигналдарды жайылтуу түйүнү аркылуу Евразиядагы тиешелүү угармандарга жана жалпы дүйнө жүзүнө жайылтылып турган.

Азамат Алтай жана Төлөмүш Жакып уулу

Кыргыз элинин чыгаан айдыңы, публицисти, журналисти, изилдөөчүсү жана котормочусу Кудайберген Кожомбердиев (Азамат Алтай; 1920–2006) агайды шарттуу түрдө “Азаттыкты” түптөгөн инсан деп коёбуз.

Анткени 1953-жылы 18-мартта “Боштондукка чыгаруу үналгысынын” Түркстан кызматынын (редакциясынын) курамындагы кыргызча туңгуч берүү Азамат Алтайдын үнү менен обого чыккан.

Азамат Алтай 1920-жылы 15-сентябрда Кыргызстандагы азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Корумду (кийинчерээк – Кызылчек, андан соң – Бөкөнбаев) айылында туулган. Ал 15 жашында Түп районундагы зооветеринардык техникумда кыска мөөнөттө окуп келгенден кийин комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүрүп, 1940-жылы сентябрда Кызыл армияга кызмат өтөөгө чакырылган.

Ал Балтика боюндагы чакан жумурияттарды СССРге багындыруу жүрүмүнө карапайым жоокер катары катышкан.

Улуу Ата мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик туткунда болгон, айрым учурларда туткундан качып чыгып, акыры концлагерлерде кармалган. 1944-жылы май айында ал Францияда туткундан качып чыгып, антифашисттик кыймылга катышкан. 1944-жылы июнда Франциянын бул аймагы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылган. Ал эми 1945-жылы ал СССРге кайтып бара жатканда, мурдагы советтик туткундарга карата советтик бийлик өкүлдөрүнүн ырайымсыз мамилесин жон териси менен көрүп, 1946-жылдын 1-январында Германиядан СССРге бараткан поездден качып чыгып, 1946-жылдын 10-январында Парижге келип түшкөн.

Ал норвегиялык даңазалуу саякатчы жана гуманист коомдук ишмер Фритьоф Нансендин демилгеси менен мамлекети жок бозгун кишилерге демократиялык өлкөлөрдө берилчү паспортко ээ болуп, Францияда туруп калган.

Ал 1940-жылдардын аягында Батыш Европада жашап калган борбордук азиялык бозгундардын “Түрк эли” уюмунун ишмердигине жигердүү катышкан. “Түрк эли” уюму Борбор Азиядагы советтик жумурияттардын көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу, демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн. “Түрк эли” мезгилдүү басылмасы да болгон.

Азамат Алтай айтылуу орус демократ саясатчысы Александр Керенский, окумуштуу, советолог Александр Беннигсен (Alexandre Bennigsen, 1913–1988), Мустафа Чокайдын жесири Мария Яковлевна Чокаева, поляк чыгышпозу Ананиаш Зайончковский (Zajaczkowski) ж.б. менен да, улуту башкыр, либерал-демократ жана көрүнүктүү түрколог Ахмед Зеки Велиди Тоган жана башка интеллектуалдар, түркологдор жана коомдук ишмерлер, бозгунда жүргөн казак, өзбек, татар-башкыр, ногой айдыңдары менен тыгыз байланышып турган.

Демек, 1953-жылы “Азаттыкка” кызматка алынганга чейин эле Азамат Алтай бозгун кыргыздардын ичинен өтө күрдөөлдүү чыгармачыл турмушту баштан кечирген, төбөсү көрүнгөн чыгармачыл инсан болчу.

1950-жылдардын аягында Азамат Алтай АКШга кеткенде, анын ордуна кыргызча берүүлөрдү дагы бир мурдагы согуш туткуну, кыргыз улутунун дагы бир көрүнүктүү кулуну Төлөмүш Жакып уулу (1926–1992) обого чыгара баштаган.

Төлөмүш Жакып уулу Теңир-Тоо коюнунда (Кыргызстандын азыркы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Үч-Нура айыл аймагындагы Байгазак айылында) туулган.

Элине кайтып келе жаткан мурдагы согуш туткундарына СССРде өзгөчө ырайымсыз мамиле жасалып жатканына күбө болуп, Төлөмүш Жакып уулу да Азамат Алтай агай сыяктуу эле Батышта калууну чечкен болчу.

1967-жылы “Азаттыктын” “Түркстан редакциясы” экиге бөлүнүп, анын бирөө “Түштүк Түркстан” деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экинчиси “Түндүк Түркстан” редакциясы болуп түзүлүп, бул кызмат кыргыз, казак, уйгур тилдеринде берүүлөрдү уктурган.

1975-жылы аталган редакциялар өз-өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы “Азаттык" үналгысын) Төлөмүш Жакып уулу 1975-жылдан 1983/84-жылдарга чейин деректир катары башкарды.

Төлөмүш Жакып уулунун жетекчилигинин тушунда кыргызча берүү тобу кеңейип, Түркияда жашап жаткан кыргыздардан жаңы кабарчылар (кызматкерлер) алынып, “Азаттык" үналгысынын Мүнхендеги жамааты калыптанган.

Азамат Алтай да, Төлөмүш Жакып уулу да өздөрүнөн кийин ишке орношкон кыргыз “азаттыкчыларынан” жашы боюнча улуу болгондуктан, улуттук салт боюнча да урмат-сыйга ээ болушкан, өмүрлүк тажрыйбасы жана кыргыз тилин Кыргызстандагы чөйрөдө өздөштүргөндүгү боюнча да өрнөк көрсөтө алышкан.

Мындайча айтканда, бул эки аксакал тең Түркиядан келип иштеп калган кичүү кесиптештерине кыргыз тили жана журналистика жаатында ыктыярдуу мугалим жана устат болушкан.

Түркиядан келген кесиптештер. Аким Өзгөн

1975–1989-жылдарда “Азаттыкка” советтик Кыргызстандан кабарчы алууга эч мүмкүн эмес болчу. Коммунисттик расмий бийликтер “Азаттыкта” иштеген Азамат Алтай менен Төлөмүш Жакып уулун “мамлекеттик чыккынчылар” катары жаманатты кылып келишчү. Советтик Кыргызстанда аларга каршы атайын көркөм тасма да чыгарылгандыгы белгилүү.

Ошол кырдаалда Мамат Иса Арал (адабий аты – “Эркин-Тоолук”), Мамашарип Казы (адабий аты – “Сагынбай”), Абдулхаким Барпы уулу Өзгөн (адабий аты – “Аким Өзгөн”), Майра Жакып келини (адабий аты – “Бактыгүл”), Аруун Барпы уулу сыяктуу “азаттыкчылар” жаш чагында Түркияда байырлаган жана таалим алган инсандар болчу.

Түркия дагы ар кыл саясий кырдаалдарды баштан кечирген өлкө эле, бирок бул өлкөнүн коому коммунисттик цензура, жеке менчикти таламакейге алуу сыяктуу жосунсуз жоруктардан эркин болчу.

Түркиядан “Азаттыкка” кабыл алынган улутташтар англис жана немис тилдерин үйрөнүшүп, ал эми СССРдеги коммунисттик түзүлүштүн азап-тозоктору жөнүндө эркин басылмалардагы маалыматтар аркылуу кеңири өздөштүрүшкөн.

Төлөмүш Жакып уулу ооруп калып, анын ордуна 1984–1988-жылдары “Азаттыктын” деректири болуп Азамат Алтай иштеди. Аны атайын Нью-Йорк шаарынан Мүнхенге кайра чакырышкан.

Айтмакчы, Азамат Алтай “Азаттыкты” башкарып калган жылдары, өзгөчө алганда, “Кайра куруулар” доорунда, кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматов Мүнхенге келип, “Азаттыктын” жамааты менен ээн-эркин жолугушкан.

Баса, 1988-жылдын ичинде СССРдин өзүндө да кыйла өзгөрүүлөр жүрүп жатты.

“Кайра куруулар” деп аталган реформалык аракеттин мөмөлөрү көрүнө баштады. Кыргызстандагы жарандык коом “кош тилдүүлүк” ураанынын астында кыргыз тилинин расмий макамын көтөрүү күрөшүн баштады.

Дал ошол жылы күзүндө Советтер Биримдиги “Азаттыктын” кыска толкундагы берүүлөрүнө бөгөт коюу далалаттарын токтотууга аргасыз болгон. Бул далалат өтө көп каражатты талаага чачууну талап кылганы белгилүү.

Аны азыркы учурда айрым авторитардык мамлекеттердин интернеттик маалыматка бөгөт коюусунун курулай далбасасы менен салыштырса да болот.

Азамат Алтай ардагерликке чыккан кезде, 1988-жылы, ички тандоонун негизинде Аким Өзгөн “Азаттыктын” деректири болуп калган.

Ал 1989-жылы август-сентябрда Кыргызстанга конок болуп келип, демократ акын Токтогул Сатылган уулунун 125 жылдык мааракесине катышып, айрым аймактарды кыдырган.

Анын советтик визаны тоскоолдуксуз алышына СССРдин президенти Михаил Горбачёвдун кеңешчиси да болгон Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматовдун да зор салымы болду.

Аким Өзгөн “Азаттыктын” бардык ар кыл тилдердеги кызматтарынын жеетекчилеринин ичинен СССРге расмий конок катары ачык келип кеткен алгачкы деректир болгондугун да баса белгилей кетсек болот.

Эгемен Кыргызстанда бюронун түптөлүшү

Кыргызстандагы 1990–1991-жылдардагы демократиялык жүрүмдөр, 1990-жылдардагы демонстрациялар, КДКнын негизделиши, Ош окуялары, саясий ачкачылык, туңгуч президенттин атаандаштыктын негизинде шайланышы, өлкөнүн аталышынан “советтик” жана “социалисттик” сөздөрүнүн алынып салынышы, алгачкы эгемендик декларациясы, 1991-жылдагы тарыхый Бишкек шаар аталышынын калыбына келтирилиши, “Өмүр көчү–75” жүрүшү, ГКЧП, “Ата Бейит” көрүстөнүнүн расмий ачылышы, Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигинин жарыяланышы, КПССке жана Кыргызстан Компартиясына тыюу салуу, көп партиялуулукка карай кадам, Насирдин Исановдун сырдуу өлүмү, СССРдин биротоло жоюлушу, Кыргызстандын бир катар дүйнө өлкөлөрү тарабынан эгемен мамлекет катары таанылышы – ушулардын бардыгы “Азаттык” тарабынан ырааттуу чагылдырылды.

Айтмакчы, “Азаттыктын” Борбор Азиядагы тил кызматтарынын ичинен алгачкылардан болуп Кыргыз кызматы 1990-жылдан тартып өзүнүн жергиликтүү кабарчысына ээ болгон. Ал – түрколог, топонимист Кадыралы Конкобаев болчу.

1991-жылы мартта К.Конкобаев эл аралык илимий долбоордо иштөө үчүн Түркияга жөнөп кеткен соң, ошол жылдын апрелинен тартып анын ордуна бишкектик кабарчы катары тарыхчы, публицист Т.Чоротегин алынган.

Мүнхенге телефон аркылуу маалымат жаздыруу үчүн кабарчы алгач Алматы шаарына чалып, эл аралык телефон тапшырыгын айтып, андан соң кийинки түнкү саат 03:00–05:00тер аралыгында байланышуу үчүн даяр турушу керек болгон (эгемендик дооруна чейин Кыргызстандагы телефондук байланыш түйүндөрүндө эл аралык телефон байланышын жүргүзүү үчүн сырт жакка чалуу макамы жок болчу).

Акырындап Бишкекте бюро ачуу үчүн шарттар даярдала берген. Алгачкы берүүлөрдү жаздыруу оруну – Т.Чоротегин улам башка жакка көчүп жашаган батирлер болгон.

1992-жылы Бишкектеги бюронун алгачкы оруну – “Кабар” агенттигинин бир-эки бөлмөсү болуп калды. Андан кийин бюро орду катары “Кыргыз энциклопедиясынын” имаратындагы, Агроөнөр жай үйүндөгү бөлмөлөр, кийинчерек жеке менчик батирлер колдонулду.

Ошентип, Кыргызстан “Азаттыктын” жергиликтүү бюросу ээн-эркин иштеген өлкө катары таанылды.

2004-жылдан тартып “Азаттыктын” бюросун расмий каттоо аракеттери жүрүп, акыры 2005-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргызстанда “Азаттык Медиа” мекемеси расмий каттоого алынган медиа мекемеси катары иштеп калды.

Бишкектеги бюрону өз учурунда Т.Чоротегин, Э.Нурушев, С.Жигитов, К.Молдокасымов, К.Оторбаев, Б.Сарыгулова, С.Каназаров, С.Жумагулов, А.Касмалиева жетектеп келишкен. Азыркы тапта Бишкектеги “Азаттык Медиа” мекемесин Бакыт Асанов башкарууда.

Ал эми 1995-жылдын башында Аким Өзгөн жетекчиликтен кеткен соң, андан кийин “Азаттык” үналгысын Мамашарип Газы (1995) агабыз бир жылдай жетектеп турду. Анын тушунда бул кызматтын баш кеңсеси Мүнхенден Прага шаарына көчүрүлдү.

Америкалык түрколог жана фин-угор таануучу, доктор Чарлз Карлсон (1996-жылдын башынан 2002-жылдын соңуна чейин) бир эле учурда “Азаттыктын” Кыргыз, Казак, Өзбек кызматтарын башкарып келди.

Ч.Карлсондун директорлугу маалында Кыргыз кызматынын редактору катары Амирбек Азам уулу Усманов, Нарынбек Идинов (Нарын Айып) жана 2002-жылдын 1-октябрынан тартып Т.Чоротегин кол кабыл кылышкан.

2003-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз кызматы (“Азаттык үналгысы”) кайрадан өз алдынча редакция болуп бөлүнүп, аны 2010-жылдын 30-сентябрына чейин ушул саптардын ээси жетектеди. Анын орун басарлары болуп А.Усманов (үналгы берүүлөрү) жана В.Сагындык кызы (жаштар берүүлөрү) иштешти.

2010-жылдын 1-октябрынан бери “Азаттык" үналгысын Венера Сагындык кызы байсалдуу жетектеп келет. Ал жалпы Борбордук Азия кызматтарын багыттап иштеп турган учурлар да болду.

Жергиликтүү жыштыктардагы байсалдуу ишмердик

1992-жылдын ичинде Кыргызстандын бийликтери, Байланыш министрлиги, КТР жетекчилиги “Азаттыктын” үналгы берүүлөрүнө орто толкун жана ультра кыска толкун жыштыктарында өз берүүлөрүн таркатуу тууралуу сүйлөшүүлөргө жүргүзүшүп, акыры өз колдоолорун билдиришкен. “Азаттыктын” жергиликтүү жыштыктарды алуусун колдогон ошол кездеги жетекчилердин арасында Сатыбалды Жээнбеков, Түгөлбай Казаков, Акбар Рыскулов, Эмил Зияш уулу Бектенов ж.б. болду.

Борбордук Азиядагы “демократия аралына” айлануу аракеттери жүрүп жаткан ошол кезеңде расмий Бишкек менен “Азаттык" үналгысы байланыш технологиясын колдонуу жаатында эки тарапка тең пайдалуу тейлөө кызматын негиздөөгө жетишти.

Бир жагынан Кыргызстандын бийликтери жергиликтүү жыштыктарды сунуштап, калайыкка “Азаттыктын” берүүлөрүн кеңири өлчөмдө жеткирүүдө өнөктөш болушса, экинчи жагынан, идеологиялык же башка себеп менен цензураланбаган бейтарап маалыматты таркатуу аркылуу кыргызстандык угармандардын дүйнө чабытын кеңейтип, “Азаттык үналгысы” Кыргызстандын бийликтеринин 1993-жылы май айында кабыл алынган жаңы Баш мыйзамына ылайык элдик бийлик катары милдеттерин жүзөгө ашыруусуна – маалыматты эркин жайылтууга жана жарандык коомду чыңдоого салым кошуп жатты.

Төбөлдөр авторитардык системага кайрадан оой баштаган учурларда гана “Азаттыктын” жергиликтүү өнөктөштөрүнүн санын кыскартуу, “Азаттыктын” Бишкектеги бюросуна кедерги түзүү далалаттары катталды.

Маселен, 2005-жылдын февраль–март айларында, 2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын апрелинин башына чейин, 2018-жылы жана 2022-жылдын соңунда ушундай кейиштүү окуялар орун алгандыгы тарыхта катталып кала берет.

"Азаттык" радиосун колдогон акция. 15-март, 2010-жыл.
"Азаттык" радиосун колдогон акция. 15-март, 2010-жыл.

Элдик ыңкылап жана “Азаттыктын” сыналгы доорунун башталышы

XXI кылымдын башындагы алгачкы элдик ыңкылаптан соң, 2005-жылдын 24-мартынын кечинен тартып “Азаттык" үналгысынын берүүлөрү КТР (кийинки УТРК) тарабынан обого чыгарыла баштады.

КТРдын башчысы Султан Абдыракмановдун жетекчилиги учурунда, 2005-жылдын май айынан тартып “Азаттык үналгысы” даярдаган “Ыңгайсыз суроолор” (туңгуч алып баруучу – Кыяс Молдокасымов) жана жай мезгилинен тартып жаштар үчүн “Азаттык+” сыналгы берүүсү обого чыга баштады.

Бул сыналгы берүүлөргө окшош долбоорлор ошол кезде “Азаттыктын” борбор азиялык эч бир кызматында болбогондугун айта кетсек болот.

Кийинчерээк Кыяс Молдокасымов УТРКны жетектеп калганда, бул берүүлөрдү даярдоо үчүн шарттар андан ары жакшырды. УТРКнын айрым журналист жана техник адистери Прага шаарындагы “Азаттыктын” баш кеңсесиндеги жана Бишкек бюросундагы такшалмага (стажировка) жөнөтүлүп жатышты.

УТРК менен “Азаттыктын” 2009-жылдын күзүнөн тартып үзгүлтүккө учураган мындай кызматташтыгы 2010-жылдын 7-апрелинен (экинчи элдик ыңкылаптан) соң кайра жанданды. Ал кезде УТРКны (КТРК) Кубат Оторбаев жетектеп турду.

Кийинчерээк, президенттик бийлик авторитарлык ыкмага оой баштаган чакта, мындай үзүрдүү кызматташтыкка тымызын расмий тоскоолдуктар жаралып жатты.

Негизи, “Азаттык" үналгысы Кыргызстандагы Баш мыйзамда жазылган маалымат эркиндигин камсыз кылуу жаатында өлкө бийликтерине үзөңгүлөш эле негизде иш алып барат. Муну ар бир жаңы элик ыңкылап, элдик толкун аркылуу бийликке келгендер жана аларды улам жандап калган аткаминерлер дурус түшүнүүсү керек го деп санайм.

“Азаттыктын” мултимедиа кезеңи

2002-жылдын октябрынан тартып “Азаттык" үналгысы өзүнүн кыргыз тилиндеги интернет барагын сунуштап келет. Анын алгачкы бишкектик веб-редакторлору катары Жыргалбек Касаболотов, Кубат Оторбаев, Бекташ Шамшиев, Кубат Чекиров сыяктуу таанымал журналисттер иштешти. Эми Санжи Туйтунова, Айбек Абдылдаев, Гүлшат Юлдашева, Рахат Кеңешова, Болот Көлбаев, Нуржан Токтоназарова сыяктуу бир катар жаш веб-редакторлор улуу көчтү улантышууда.

Ал эми мурдагы сыналгы долбоору эми интернеттеги ар тараптуу (оперативдүү, маектик жана серептик) видео тасмалар жана сүрөт баяндар камтылган мултимедиалык маалыматтар менен толукталып келет.

“Азаттык" үналгысы 1953–2002-жылдары үналгы түрүндө гана иш алып барса, эми аны маалымат жайылтуучу бардык платформаларды ийкемдүү колдонгон заманбап медиа мекемеси катары сыпаттайбыз.

“Азаттыктын” даңазалуу өкүлдөрү

“Азаттык" үналгысы Кыргызстандын нечендеген чыгаан айдыңдары иштеп кеткен жана иштеп келе жаткан куттуу медиа жайы болуп калды.

“Азаттык" үналгысы аркылуу өз данектүү ойлорун, серебин, маектерин, ар кыл маалыматтарын калайыкка шардана кылгандардын айрымдары бул дүйнөдөн өттү, айрымдары ардагер болуп калышты, айрымдары башка жактарда иштеп келишет.

Алардын арасында маркумдар Амантур Акматалиев, Салижан Жигитов, Балбай Алагушов, Көчкөн Сактанов, Жаркын Суран кызы Темирбаева, Бүбүкан Досалиева, Бурулкан Иманалиева, Улан Эгизбаев жана башкаларды атай кетелик.

Ардагерлерден жана башка кызматтарда иштеп жаткандардан Муса Мураталиев, Эсенбай Нурушев, Нарын Айып, Баян Жумагулова, Жаңыл Жусубжан Чытырбаева, Амирбек Азам уулу, Чарльз Карлсон, Мамашарип Казы, Мамат Иса Арал, Аруун Барпы, Ырысбай Абдыраимов, Айданбек Акматов, Аманбек Дилденбай, Ыдырыс Исаков, Машакбай Рахманкулов, Султан Аким уулу Раев, Кыяс Молдокасымов, Арслан Капай уулу Койчиев, Султан Абдыракманов, Муратбек Кожобеков, Темирбек Чодураев, Кожогелди Култегин, Надыр Момунов, Кабыл Макешов, Мырзохалим Каримов, Айнур Дыйканалиева, Чолпон Орозобекова, Асылбек Өзүбеков, Фатима Абдалова, Бакыт Аманбаев, Аида Касымалиева, Жанар Акаев, Али Токтакунов, Алтынбек Исмаилов, Жаркын Ибраева, Шейшекан Жаналиева, Жазгүл Жамангулова, Мээрим Орозобекова, Бермет Эгембердиева, Тынчтык Кожобеков, Улан Эшматов, Шайырбек Эркин уулу жана башкаларды жамы журт билет.

Учурда “Азаттыкта” иштеп жаткандардан Шайлообек Дүйшеев, Бекташ Шамшиев, Бурулкан Турдубек кызы, Айнура Жекше кызы, Гүлайым Ашакеева, Айзада Касмалиева, Элиза Кененбаева, Бакыт Орунбеков, Заирбек Бактыбаев, Бакыт Асанов, Жеңиш Айдаров, Замира Кожобаева, Мирлан Токталиев, Эрнист Нурматов, Кубат Касымбеков, Бактыгүл Чыныбаева, Төрөкул Дооров (Казак кызматында), Каарманбек Кулуев (“Азыркы мезгил” кызматында), Максат Төрөев, Съездбек Бекжанов, Жанарбек Жолдошбаев, Улан Асаналиев, Бакыт Төрөгелди, Канымгүл Элкеева, Элеонора Бейшенбек кызы, Токтосун Шамбетов ж.б. бар.

“Азаттыктын” келечеги кыргыз коомунун демократиялык өнүгүүсүнө багыныңкы

Ар дайым ушул саптардын ээсине “Сиз өзүңүз “Азаттык" үналгысы жабылса экен” деп айтчу элеңиз го? Эмне үчүн антип айтып келесиз?” деп суроо салышат.

Ооба, ал сөзүмдөн эч кайтпаймын жана аны мындайча чечмелеймин: эгерде бүгүнкү Чехиядагыдай, Польшадагыдай, мурда СССРге кирген Балтика боюндагы посткоммунисттик өлкөлөрдөгүдөй болуп маалымат эркиндиги толук камсыз кылынчу учурга жетсек, анда Кыргызстандын жарандык коому жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу деле “Азаттык" үналгыс” менен Би-Би-Си Кыргыз кызматы азыркы тапта сунуштап жаткан бейтарап мазмунга ээ болуп калышат.

Ошол кезеңде демократиялык өлкөлөр сырттан сунуштаган гуманитардык жардам катары “Азаттык" үналгысы менен Би-Би-Си Кыргыз кызматынын зарылчылыгы жок болуп, алар табигый түрдө жабыла турган саат келет.

Ал эми азыркы тапта “Азаттык" үналгысы улам жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү ийкемдүү пайдалануу менен кыргыз жарандык коомуна ургалдуу маалыматтык тейлөө кызматын атаандаштыктын негизинде ырааттуу уланта бериши талапка ылайык деп санайм.

“Азаттык" үналгысы такшалткан адистер кийин башка планеталарга кетип калышпайт. Алар Кыргызстандын коомуна, бери дегенде чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспорасына өздөрүнүн айдыңдык кызматын демократиячыл нукта көрсөтүүсүн уланта беришмекчи.

Ал эми “Азаттык" үналгысынын тарыхы жана анда иштеген инсандар жөнүндө Кыргызстандын бир катар университеттеринде бакалавр жана магистрлик дипломдук иштерде, илимий диссертацияларда, монографияларда, энцилопедияларда жана окуу китептеринде, ошондой эле айрым чөлкөм таануу багытындагы музейлерде дагы чагылдырылып келет.

Мунун өзү бир кезде “Кансыз согуш” кырдаалында ачылган “Азаттык үналгысы” болочокто – демократиялык коомдо жабылууга туш келсе да, Кыргызстандын медиа тарыхында 1953-жылдан бери жүзөгө ашырган өрнөктүү чыгармачыл ишмердиги жана маалымат көпүрөсү катары байсалдуу кызматы үчүн элибиздин эс тутумунда түбөлүккө эскерилип кала бере тургандыгын айгинелейт.

Ал эми азыркы тапта “Азаттык үналгысынын” жамааты 70 жылдык мааракеге маашырланып тим болбостон, өзүнүн күжүрмөн журналисттик кезметин ар күн сайын интернетте жаңылык, маек, сереп, сүрөт же видео тасма сунуштоо менен жигердүү аркалоодо.

Тынчтыкбек Чоротегин

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабыл алууга болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG