Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

"Сөз эркиндиги буулган жерде кулмүнөз коом түптөлөт"


Маданият министрлигинин "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча арызы 9-февралда Ленин райондук сотунда каралат.
Маданият министрлигинин "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча арызы 9-февралда Ленин райондук сотунда каралат.

Бишкекте сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” абалын талкуулаган жыйын өтүп, “Анык эмес маалыматтан коргоо" мыйзамын өзгөртүү, ага чейин сайттарды бөгөттөө практикасына мораторий киргизүү сунушталды.

Жыйын жүрүшүндө бул мыйзамга таяп алгач сайты бөгөттөлүп, учурда толук жабуу коркунучуна кептелген “Азаттык” радиосунун коомдук мааниси да козголду.

"Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын кесепети талкууланган жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын, жарандык жана медиа коомдун өкүлдөрү, саясатчылар катышты. Ал эми президенттин администрациясынан жана Маданият министрлигинен чакыртылган өкүлдөр келген жок.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн туруктуу координатору Антье Граве сөз эркиндиги боюнча мындай деди:

“Эркин медиалар - коомдун көзү жана кулагы. Алар окуяларга, кабыл алынган чечимдердин жарандардын жашоосуна тийгизген таасирине көз салып турат. Эркин медиа улуттун өсүп-өнүгүшүнө тоскоол болгон системалык көйгөйлөрдү көрсөтүп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну ачыктаган иликтөөлөрдү жасашат. Ар бир жарандын укуктарын камтыган көйгөйлөрдү ачыкташат”.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы кабыл алган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды парламенттин азыркы депутаттары Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Гуля Кожокулова, Элмурза Сатыбалдиев, Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков өзгөртүүгө аракет кылып атат.

Анткени аталган мыйзамдын негизинде “Азаттыктын” сайты бөгөттөлүп, башка эркин медиаларга да коркунуч жаралды дейт Жанарбек Акаев.

"Бул мыйзам долбоорун кабыл албасак, азыркы тенденция абдан кооптуу. Эл аралык ири медиа болгон "Азаттыкты" бүгүн, эртең башка эркин медиаларды жаап салуу коркунучу бар. Мыйзам ушуга жол берет. "Бир кат менен жаап коебуз" деген өнөкөт пайда болушу мүмкүн. Мурда кайсыл бир журналисттин же блогердин суракка чакыртылышы резонанс жаратса, азыр кадыресе көрүнүш катары кабыл алына баштады", - деди Жанарбек Акаев.

Депутаттар сунуштаган, “Анык эмес маалыматтан коргоо" мыйзамына өзгөртүү киргизе турган долбоор келерки жумада Жогорку Кеңештин комитетине келип түшөт. Ал кабыл алынса, бийликтин бир чечим менен сайтты жаап салуу аракети татаалдашып, соңку чечимди сот кабыл алат.

Бул Маданият министрлигине азыркыдай өзүм билемдигине чек коюп, маалымат каражаттарынын ак жана тактыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк ачмак. Бирок мыйзамды өзгөртүүнүн демилгечилери азыркы шартта парламент мындай кадамга барарына ишенбей турат.

Сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” абалын талкуулаган жыйын
Сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” абалын талкуулаган жыйын

Сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” абалы талкууланган жыйын соңунда негизги үч бөлүктөн турган резолюция кабыл алынып, парламентке, аткаруу бийлигине жана сот органдарына сунуш берилди. Талкуунун катышуучулары парламентке "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо" мыйзамын өзгөртүүнү колдоо, Министрлер кабинетине өзгөртүүлөр киргизилгенче сайттарды бөгөттөөгө мораторий киргизүү сунушу айтылды.

"Азаттык" жабылса, эл бир тараптуу маалыматка сугарылат"

Жыйындын катышуучулары "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо" мыйзамынын кесепетине "Азаттыктын" айланасындагы окуялар далил болуп бере ала турганын айтышты. Анткени анын сайты Маданият министрлигинин чечими менен бөгөттөлгөн. Эми "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотууга аракет жүрүп жатат.

Саясатчы Исмаил Исаков “Азаттыкты” жабам дегендер конституциялык талаптарды бузуп жатканын, алар бийликке пайдасына караганда зыяны көп “жардамын” берип калышарын айтып, Кыргызстандын коңшуларга караганда сөз эркиндиги бар, "демократиялык аралча" деген аброю “Азаттык” менен байланыштуу экенин белгиледи.

“Жарандар эркин дискуссия жана маалыматты тандоо укугунан ажыратылып, бир тараптуу маалыматка сугарылат. Бир тараптуу маалымат барып-барып элди жапайычылыкка жана маңкурттукка алып барат. Анын жыйынтыгында кулмүнөз коом тарбияланып чыгат. Эл аралык аброю чоң медиадан кол үзүп, эч кимге кереги жок чырды дагы улантабыз. Эл аралык аброюбуз төмөндөйт, ишенимден чыгабыз. Чоң өлкөлөрдүн жана каржылык донорлордун кысымына учурап, кийин уруксат сурап, кайрадан ачканга мажбур болобуз. Бизге ушул керекпи? Мен ойлойм, кереги жок”.

Исаков “Азаттыктын” өлкөнүн соңку тарыхындагы ролуна токтолуп, аны жабуу аракети бийликтин одоно катасы болорун эскертти.

Ал эми саясат таанучу Эмил Жураев болсо соңку мезгилдеги “Азаттык” туш болгон кырдаал өлкөдөгү жалпы эркиндик маселесин козгогону белгиледи:

"Мактоо үчүн эркиндиктин кереги жок. Эркиндик жалаң сын пикирдүү болот… Тикен сыяктуу сайып турган сөздү айтканга болгон эркиндик гана эркиндик деп аталышы мүмкүн. Анын жүгү бар. Эгер аны көтөрө албасак, демек, эркин өлкөбүз, аны колдойбуз дегенибиз жөн гана сөз экенин моюнга алышыбыз керек. "Азаттык" Америкадан каржыланат деп айтылууда, бирок ал сыр маалымат эмес экенин баарыбыз билебиз. Ал эми ошол акча кайда колдонулуп жатканын "Азаттыктын" сайтынан, андагы айтылып жаткан сөздөрдөн баалап билсек болот. Анда эмне кылмыш же бузукулук бар?", - деди саясат таануучу.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров сөз эркиндигин чектөө ар бир адамдын маселеси деп атады. Ал өз эркиндигин жоготуу экономикага чоң сокку болорун белгилеп, эркин медиа бар жерде бул тармак да өнүгүүдө болорун айтты:

"Эмне эле "Азаттыкты" коргоп жатасыңар?" дегендер бар. Эми фейктерге айла жок, алар жалданмалар. Бирок арасында чыныгы адамдар бар – балким, Москвада иштеген биздин мигрант балдар, кыздар же айылда жумушу жок отурган адамдар… Мен ошолорго кайрылат элем – сөз эркиндиги жок өлкөгө инвестор келбейт. Анткени ал акчасын салат, өзү ошол жерде жүрөт, көптөгөн мыйзамдарга баш ийип, келишимдерге кол коет. Эгер укугу бузулса аны, албетте, журналисттер көтөрүп чыгышат. Эгер журналисттер бир нерсени айткандан корксо, демек, андай өлкөгө бир да инвестор келбейт”.

Ал эми коомдук ишмер Доктуркүл Кендирбаева "Азаттыкты" жабуу аракети ишке ашса өлкө үчүн кесепети жакшы болбой турганын белгилеп, "келечекти эске албаган жана кыска максатка жетеленген" андай чечим кооптонуу жаратарын белгиледи:

"Жаш муун өкүлдөрүндө сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандырууда оор жоготууга учурайбыз. Анткени туура маалыматка аны талдоо аркылуу гана жетсе болот. Адилеттүүлүк жана жеткиликтүүлүк деген принциптер бузулат. Сырттагы миңдеген мекендештер "Азаттыкты" угушат. Бул медиа кыз-келиндердин укугун коргоонун, гендердик теңчиликти камсыз кылуунун, билим берүү реформасынын эркин көз караштар аянтчасы. "Азаттык" – лидерлердин мектеби. Бул жерден эң мыкты депутаттар, мамлекеттик башкаруу системасына келген инсандар бар. Элге таасири бар болгондуктан аларга добуш беришкен", - деди Кендирбаева.

Кыргыз бийлиги “Азаттык” туш болгон маселенин өлкөдөгү сөз эркиндигине тиешеси жок экенин белгилеп келет. Буга чейин эл аралык уюмдар, АКШнын айрым сенаторлору соңку кырдаал боюнча жасаган кайрылуусуна президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жооп берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айткан.

"Бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу АКШнын эки сенатору "Азаттык Медианын" айланасындагы кырдаалга байланыштуу президент Жапаровго кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендей тынчсыздануусу айтылганы белгилүү болду. Бул сөз эркиндигине жана басма сөзгө өлкөнүн Конституциясы берген кепилдикке каршы келген сыңары белгиленет. "Азаттык Медианын" ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет. Бул чечимди кабыл алганга чейин, министрлик "Азаттык Медиа" редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн. Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган", - деп жазган Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына.

26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Удаа эле мекеменин банктагы эсеби жабылган. Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Бул арыз 9-февралда каралат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG