Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Референдум мыйзамы парламентти «жандантты»


Референдум долбоору кантип өттү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Референдум долбоору кантип өттү?

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду.

Документке эми президент кол койсо, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу референдум да өтөт. Айрым депутаттар парламентте долбоорго добуш берүүдө депутаттарга басым-кысым болгонун, айрымдары сессияга катышуу үчүн атайын чет өлкөдөн учуп келгенин айтышты. Кээ бири тергөө абагынан да чыгып келди.

Ошентип, Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу документти 11-мартта дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Долбоорду 94 депутат колдоп, алтоо каршы добуш берди.

Каршы добуш берген депутаттар: Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Бакытбек Жетигенов, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко жана Чынара Урумкалиева.

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө документ парламентте 10-мартта эле талкууланып бүткөндүктөн 11-мартта дароо эле добушка коюлду. Депутат Жанарбек Акаев «долбоорго шаршемби күнү добуш берилгенде ал өтпөй калмак» деп, бул жолку сессияга бийлик жакшы даярданды деп эсептейт.

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

«Депутаттардын жана алардын жардамчыларынын «WhatsApp» тайпалары бар. Ошондо «Депутаттар сөзсүз келишсин» деп катуу эскертип жатышты. Эртең менен жана кечинде Ош-Бишкек аба каттамы менен бир топ депутаттар учуп келди. Чет өлкөдөн да келгендер болду. Түрмөдөн чыгып келгендери бар. Алар бизге алкыш айтып жатышат. Парламентте башка мыйзам кабыл алынып, бюджет каралып, өкмөттүн отчёту кабыл алынып жатканда да мынча депутат келбейт. Баарынын тең колу-бутун кайрып туруп алып келишти. Кечээ бир депутат «Каршы добуш берем» деп жаткан. Бийлик, күч органдары ага түнү менен телефон чалып «Сенин туугандарың ушул-ушул кызматтарда иштейт. Аларды жумуштан алабыз» деп айтып, мыйзамды коркутуп туруп кабыл алышты. Бизнеси жок, туугандары мамлекеттик кызматта иштебеген гана депутаттар калды. Бирок бизге да бийликтеги таасирдүү адамдар чалып «Баш мыйзамды колдоп бергиле, 80 добуштан ашпай калса уят болобуз» деп аябай тынчсызданышты».

10-мартта мыйзам долбоорлоруна добуш берүү үчүн 84 депутат каттоодон өткөн. Спикер Талант Мамытов күн тартибинде каралган бардык документтерди колго салып референдум дайындоо тууралуу долбоорду добушка койгон эмес. Ал муну документти парламенттин аппараты добуш берүүгө киргизбегени менен түшүндүргөн.

Сөз болуп жаткан долбоор Жогорку Кеңештен өтүш үчүн кеминде 81 депутат колдошу керек эле.

10-11-мартта депутаттардын добуш берүүсүн журналисттер фото-видеого тартып жыйынга келбеген айрым депутаттардын ордуна башка кызматташтары добуш берип жатканын көрүштү.

Референдум дайындоо жөнүндө документке депутат Эрмамат Тагаев эки күн катары менен өзүнө жана дагы бир депутатка добуш берди.

«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамда «Добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат» деп жазылган. Маалыматка ылайык, депутаттар кайсы бир маселе боюнча бюллетень аркылуу добуш бергенде ишеним кат аркылуу башка бир кызматташы үчүн добуш берсе болот. Башка учурда тыюу салынат.

Дагы бир күтүүсүз окуя, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган депутат Дүйшөн Төрөкулов да жыйынга катышып, өзү жана дагы бир депутат үчүн добуш берди.

Ал 10-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкканы белгилүү болду. Депутат камакта жатып Конституциянын жаңы долбоорун кантип окуп чыкканы тууралуу суроого мындай жооп узатты.

«Мен бүгүнкү болуп аткан мыйзам долбоору боюнча өзүм ичтен катышпасам да сырттан кабардар болуп турдум. Ошондуктан баарынан эле «курстамын». Мени аксакал киши күтүп жатат, кете берейин», - деп жооп берди ал «Азаттыкка».

Дүйшөн Төрөкулов бул документ 3-мартта биринчи окууда каралып жатканда да колдоп добуш берген. Бирок анда ал абакта отурган. Анын ордуна депутат Акылбек Жапаров добуш берип койгону анык болду. Төрөкулов кызматташына ишеним кат бергенин айтканы менен журналисттерге кайсы мыйзамга таянып, добуш берүү укугун Жапаровго ишенип тапшырганын айта алган жок. Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып 15-январда эки айга камалган.

«Мыйзам 93» кыймылынын жетекчиси, экс-депутат Максат Кунакунов мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизүү жана кабыл алуу процедурасы бузулганын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын корутундусу жок экенин, парламенттик угуу болбогонун айтып, мыйзам бузуулар үчүн бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жооп бере турганын эскертти.

«Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу укугун кандайдыр бир топко – Конституциялык кеңешмеге берип коюшту. Бул бир да мыйзамда каралган эмес. Азыркы бийлик буга чейинки бийлик кылган катаны кайталады. Конституциялык кеңешмени түзүү тууралуу жарлык чыгарган адам, андан кийин Жогорку Кеңештин ар бир депутаты жооп берет. Башкы прокуратура көзөмөлдөөчү орган болгондон кийин иш козгоп, ушунун баарын мыйзам жолуна салышы керек эле да. Бирок Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча башкы прокурор түздөн-түз президентке баш ийет. Ошондуктан азыркы бийликтин тушунда эч кимге иш козголбойт. Кийин бийлик алмашканда ушул маселелер көтөрүлүп, баары тең жооп берет».

Мыйзамдын авторлору айтылган сындарга макул эмес. Алар Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун эки айдан ашык талкуулаганын, бардык сунуш-пикирлерди кеңешме кабыл алып, керектүүлөрүн документке киргизгенин айтып келишет.

Башкы прокурор, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманкул Зулушев да ушундай эле пикирде. Бул тууралуу ал парламентте 10-мартта мындай деген.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

«Мен сунушталып жаткан Баш мыйзамды кабыл алып жатканыңарды колдойм. Анткени азыркы Баш мыйзам 10 жыл иштеди. Бирок мамлекетке өнүгүү алып келбей башаламандык, укуктук кайчылаштыктарды алып келгени үчүн ушул Конституция кабыл алынсын деген маселе жаралды. Конституциялык кеңешме депутаттар сунуштаган долбоорду колунан келишинче жазып чыкты».

Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилди. Президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт. Башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Андан тышкары өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялайт. Мыйзам демилгелөө укугуна да ээ.

Депутат Сайдулла Нышанов муну жоопкерчиликти бир адамга жүктөө аракети катары баалап, аны колдой турганын билдирди.

«Ушул убакытка чейин президент парламенттин колу менен көп жумуштарды жасап келди. Болгон күнөөнү парламентке шылтап, ашканын өкмөткө жүктөп койчу. Эми референдум өтүп, Конституциянын долбоору кабыл алынса, президент баарына жалгыз өзү жооп берет. Бирок бир чоң коркунуч бар. Эгерде президент жакшы иштебесе элдин нааразылыгы түз эле президентке тийет. Буга чейин ал парламент, өкмөт аркылуу барчу эле. Башкача айтканда, президентте бир-эки жыл убакыт бар болчу. Азыр эми алты ай ичинде эле президенттен талап кыла баштайт».

Аткаруу бийлигин президент жетектегени менен парламентте бюджетти финансы министри коргойт. Ал канааттандырылбаса министрди кызматтан алуу же калтыруу маселесин кайра эле президент өзү чечет. Өлкө жетекчиси жыл сайын Жогорку Кеңештин, элдин алдында маалымат гана берет.

2020-жылдын 17-ноябрында парламент сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору жана референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору чыгарылып, демилгечи катары 80 депутаттын аты-жөнү жазылган.

20-ноябрда ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов долбоорду талкуулоо үчүн Конституциялык кеңешме түзгөн. Кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазып чыгып, 2-февралда кайра Жогорку Кеңешке жиберген. Ал парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.

XS
SM
MD
LG