Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Өзөктүк келишим: Ирандын кооптуу билдирүүсү


Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу максатында сүйлөшүүлөр башталып жатат. Бул жолугушуу Тегеран Натанздагы өзөктүк заводго чабуулга жооп катары уранды 60 пайызга чейин байытууга камынып жаткан учурга туш келди.

Австриянын борбору Венада Ирандын жана дүйнөнүн ири беш державасынын өкүлдөрү 2015-жылы кол коюлган өзөктүк программаны жандандыруунун жол-жобосун талкуулоо үчүн чогулушту.

Бул жолугушуунун биринчи айлампасы апрелдин башында Венада өткөн. Ага алты жыл мурдагы келишимдин АКШдан башка катышуучулары - Британиянын, Франциянын, Германиянын, Кытайдын, Орусиянын жана Ирандын өкүлдөрү барышкан.

Бирок бул жолу сүйлөшүүнүн алдында Ирандын бийлиги кийинки аптадан тартып уранды 60 пайызга чейин байыта баштарын жарыялады. Мындай кадамды Тегеран Натанздагы өзөктүк ишканага жасалган "диверсиялык аракетке жооп" деп сыпаттап жатат. Иран өзөктүк заводдогу авария үчүн Израилди айыптап келүүдө.

Өзөктүк келишимдин шартына караманча-каршы келген Ирандын мындай планы соңку сүйлөшүүлөргө тоскоол болбойбу деген чочулоону жаратууда.

14-апрелде Британия, Франция жана Германия Ирандын бул планына терең тынчсыздануусун билдирди. Бул үч өлкө “Тегерандын акыркы билдирүүсү конструктивдүү жана ак ниет сүйлөшүүлөргө каршы келет” деп белгиледи.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен болсо Тегерандын соңку билдирүүсүн чагымчыл деп баалады:

"Биз Ирандын уранды 60 пайызга чейин байытуу боюнча чагымчыл билдирүүсүнө өтө олуттуу мамиле кылабыз. Аны жокко чыгаруу үчүн 5+1 тобу биримдикте болуп, биригиши керек. Бул кадам Ирандын өзөктүк келишим боюнча олуттуу мамилесине көлөкө түшүрөт”.

Ал эми Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменейи өзөктүк келишим кайрадан жанданышы үчүн АКШ алгач Ирандын шартын аткарышы керектигин дагы бир жолу кайталады:

“Алгач алар биз айткан шартты аткарышы керек. Ал шарттар аткарыларына көзүбүз жеткен соң, биз алар талап кылган нерсени аткарабыз”.

Өзөктүк келишимдин шартына ылайык, Иран уранды байытууну 3,67 пайыздан өткөрбөөгө милдеттенме алган. Ал эми АКШ баш болгон өлкөлөр Тегеранга салынган санкцияларды жеңилдете баштаган.

Бирок 2018-жылы бул келишимден Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Дональд Трамп бир тараптуу чыгып кеткен соң Иран уранды байытууну 20 пайызга жеткирерин жарыялаган.

Эми 60 пайызга чейин байытуу менен белсенип жаткан Тегеран өзөктүк курал өндүрүүгө жакындап калды. Уранды аскердик максатта колдонуу үчүн аны 90 пайызга чейин байытуу керек болот. Бирок буга чейин Иран бийлиги уранды тынчтык максатта гана колдонуу ниети бар экенин байма-бай билдирип келет.

Тегерандын Батыш өлкөлөрү менен мамилесин начарлатууга түрткү болгон Натанзадагы уран байытуучу заводдогу авария 11-апрелде болгон эле. Анда заводдун электр бөлүштүрүүчү түйүнү иштебей калган. Иран бийлиги окуяны теракт катары баалап, аны Израил уюштурду деп айыптап келет.

Расмий Тель-Авив бул ишке катышы бар-жогун ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Бирок бир нече израилдик маалымат каражаттары чалгындагы атын атабаган булактарга таянып, Ирандын өзөктүк жайына диверсиялык чабуулду “Моссад” чалгын тобу ишке ашырганын жазышкан.

Иран парламентинин депутаты Алиреза Закани чабуулдан улам заводдогу бир нече центрифуга жабыркап, айрымдары жарабай калганын билдирген.

Ал эми "The New York Times" гезити өз булактарга шилтеме берип, израилдик чалгынчылардын чабуулунун натыйжасында Натанздагы заводдогу уран байытуу кеминде тогуз айга токтотулушу мүмкүн экенин кабарлаган.

Натанздагы жер астындагы завод Ирандын өзөктүк байытуучу негизги объекттеринин бири болуп саналат. Анын ишмердигине БУУнун өзөктүк энергетика жаатындагы органы саналган МАГАТЭнин инспекторлору көз салып келет. Бул органдын өкүлдөрү авариядан кийин заводго барышты, бирок зыяндын масштабы боюнча комментарий берише элек.

Анткен менен БУУнун эксперттери Иран уранды 60 пайызга чейин байытууга бардык даярдыкты аяктап калганын билдирди.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия Өзөктүк келишим деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылы ошол кездеги президент Дональд Трамптын тушунда АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды колдоно баштаган. Буга жооп катары Иран өзөктүк келишимдин бир катар шарттарын аткаруудан баш тарткан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG