Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Өзбекстан-Тажикстан темир жол курууга бел байлады


Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери.
Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери.

Өзбекстан менен Тажикстан Самарканд облусунан Пенжикент шаарына чейин темир жол салууну пландаштырууда. Мындан тышкары эки өлкө Бекабад - Канибадам - Кокон темир жол багыты боюнча өтө турган электр линияларын курууну талкуулай баштады.

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда бирдиктүү темир жол мейкиндиги тууралуу келишим түзүлүп калса, учурдагы бардык чектөөлөр алынып салынат. Бул тууралуу өткөн аптада Дүйшөмбү шаарында уюштурулган конференцияда сөз болду.

Иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөн.
Өзбекстандын Стратегиялык жана Аймактар аралык изилдөө институтунун жетекчиси Акрамжон Нематов тараптар ортосунда талкууланган келишимдерге токтолду.

"Самарканд-Пенжикент темир жолун жана Бекабад-Канибадам-Кокон темир жолун бойлой электр өткөрүү линиясын куруудан тышкары, биз башка долбоорлорду да талкуулап жатабыз. Тактап айтканда, Самарканддан Тажикстандын Анинск аймагына чейин темир жол куруу долбоору каралууда. Жалпысынан Өзбекстан менен Тажикстан бирдиктүү транспорттук системаны түзүү боюнча иш алып барышат",- деди Нематов.

Ал эми Тажикстандын Транспорт министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сайфулло Кодиров эки өлкөнүн тийиштүү мекемелеринин жетекчилери жолуккандан кийин каттамдар калыбына келерин ачыктады:

"Бекабад аркылуу жүк ташууну калыбына келтирүү маселелери, Патар көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу автоунаалардын жүк ташуу маселеси каралды. Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту".

Иллюстрация.
Иллюстрация.

"Тажикстан темир жолдору" мамлекеттик ишканасындагы булак "Азаттык" радиосунун тажик кызматына билдиргендей, Самарканддан Пенжикентке чейин темир жол линиясын куруу идеясы Дүйшөмбүгө таандык. Ал эми өзбек бийлиги сунушту жактырып гана тим болбостон, долбоорду каржылоого даяр экенин билдиргени маалым болду.

Тажикстандык эксперт Умед Давлатов Тажикстан үчүн темир жол тармагын өнүктүрүү чоң мааниге ээ экенин жана коммуникациялык туңгуюктан чыгуунун жолу өкмөттүн стратегиялык максаттарынын бири болгонун белгиледи:

"Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Дүйшөмбү менен Ташкенттин ортосундагы мамиле жылый түштү. Жаңы темир жолдун курулушу, албетте, Тажикстан менен Өзбекстандын кызыкчылыгына туура келет. Коңшу жакка баруу адамдарга ыңгайлуу болуп, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү көбөйөт ”, - дейт Давлатов.

Темир жол вокзалы. Ташкент шаары.
Темир жол вокзалы. Ташкент шаары.

Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институтунун маалыматы боюнча, коронавирус пандемиясына чейин Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасынан күнүнө 20 миңден ашуун адам өтүп турган. 2019-жылдын аягында тажикстандыктар Өзбекстанга келген туристтердин 25% түзгөн.

Ал эми Дүйшөмбү менен Ташкент транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкө ортосунда жүк ташуу менен товар жүгүртүүнү көбөйтөт деп эсептейт. Тараптар жылдык товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүүнү пландоодо. 2020-жылы бул көрсөткүч коронавирус пандемиясына байланыштуу 333 млн. доллардан бир аз ашып, 2019-жылга салыштырмалуу 7,8% төмөндөгөн.

2018-жылы жазында өзбек-тажик чек арасы ачылып, виза тартиби жоюлганда азык-түлүктөн тартып техникага чейин түрдүү товарлар эч тоскоолдуксуз эки жакка ташыла баштаган.
Ошондой эле Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын бийлик башына келгенден бери мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда кескин солгундаган тажик-өзбек алакасы оңоло баштаганы айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG