Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Элмирбек акындан калган мурас


Элмирбексиз бир жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:12 0:00

Элмирбексиз бир жыл

Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө жыл айланды. Бүгүн ал күндү утурлай "Айтыш" коомдук фондунда өзү тарбиялаган шакирттери, замандаштары анын сөөгү коюлган "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү бейитине барып куран түшүрдү.

“Айтыш” коомдук фондунун талантуу жаш төкмө акындары жана устаттары он күндө бир өтүүчү сабакка чогулушту. Акындардын катары адаттагыдай эле жаңы жаштар менен толукталган.

Чүчү кулак тартылып, акындар бири-бири менен алым сабак курду. Баары өз жайында туюлганы менен бүгүнкү күндүн бир өкүнүчтүү жагы - жаштар сабагын устаты Элмирбек Иманалиевсиз өткөрүп жатышат.

Шакирттери Темирбек Матыбаев жана Элмирбек Иманалиев.
Шакирттери Темирбек Матыбаев жана Элмирбек Иманалиев.

Былтыр дал ушул күнү жарыктан көзү өткөн белгилүү төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев “Айтыш” коомдук фондунда таланттуу балдарга устатчылык кылып келген. Андан тарбия алган шакирттери бул күнкү сабагын аны эскерүү менен бирге өткөрүүдө.

Шакирти Мундузбек Усупбек уулу устатынын сабагы кандайча өтүп келгенин айтты:

“Устатым күн сайын таңкы саат 7де ушул жерге келчү. Ага чейин бардык санаалаштарына, бизге кутман таң каалаган ак батасын билдирүү кылып жөнөтөр эле. Сабагы үч бөлүктөн турар эле. Биринчи бөлүктө бир теманы тапшырма катары берчү. Биз ар тараптан ачып берүүгө аракет кылчубуз. Экинчи бөлүктө алым сабак болсо, акыркы бөлүктө эркин айтыш болчу. Ар бир шакирт баа менен бааланып турган. Андан соң ыр жазып келүү үчүн да кошумча тапшырма берип, бир сааттын тегерегинде өзү китеп окуп берчү эле. Эми устатымдын көзү өтүп кеткенден кийин деле өзү калыптандырган багытта сабак уланып атат. Курсант Нурматов, Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев агаларыбыз келип, кеп-кеңешин айтып турушат”.

Акындардын сабагы бүткөн соң Элмирбек Иманалиевдин сөөгү коюлган “Ала-Арча” күмбөзүндө маркум акынга куран окутулду. Маркум акынды эскерүүгө замандаштары жана шакирттери чогулду.

Замандаштары Элмирбек Иманалиевге куран түшүрүп жатат.
Замандаштары Элмирбек Иманалиевге куран түшүрүп жатат.

Эскерүүгө келген төкмө акын Амантай Кутманалиев Элмирбек Иманалиевдин таланты өспүрүм кезинде эле байкалганын белгиледи:

Амантай Кутманалиев.
Амантай Кутманалиев.

“Тууганбай Абдиев алгач Элмирбек тууралуу бизге айтып берди. "Тирикарак бир тың бала таап койдум, жакында силерге кошулат" деп калды. Анан мен аябай күттүм кандай бала келет болду экен деп. Ошондо эле жазган ырлары салмактуу болчу. Кийин жакындан таанышкандан кийин ага-ини катары жакын болуп кеттик. Ал 15 жашында эле токтоо мүнөз күтүп калган жигит болгон. Мен акылынын тетиктигине карап тамашалап, "жети абышканы бириктирип койгондой эле бала экенсиң, сенден бир нерсе чыгат" десем, дили таза экенин көрүп, бир чети "оозуңдан дагы деле энеңдин сүтү куюлуп турат" дечүмүн”.

“Айтыш” коомдук фондунда устатчылык кылып келе жаткан акын Курсант Нурматов Иманалиевдин сахнада өзүн эркин кармаган сапатын артыкчылык катары баяндады:

Курсант Нурматов.
Курсант Нурматов.

“Элмирбек мени “Айтыш” фондуна алып келген десем болот. Ал ушул убакка чейин фонддогу жаш балдарга устат болуп келсе, эми мен азыр буларды баш-көз болуп карап жүрөм. Элмирбектин өзгөчөлүгү күүнү мыкты черткен чебердигинде, обончулугунда эле. Үнүнүн уккулуктуулугуна да калың эл күбө. Ошону менен катар дастандарды, эпосторду да жогорку деңгээлде айтчу. Ал айтышка түшкөндө өзүн эркин сезип, кези келгенде чукугандай сөз тапкан, куйкум ой айткан акын эле. Анын ысымы элдин жүрөгүндө калды”.

Бала чагынан бери Элмирбек акынды жакындан таанып билген досу, замандашы, төкмө акын Шекербек Адылов анын өнөр бааланбай калган өткөөл учурдан өтүп, ийгиликке жеткенин кеп кылды:

Шекербек Адылов.
Шекербек Адылов.

“Элмирбек экөөбүз Тууганбай Абдиевдин колунда тарбияландык. Устатыбыз “акын деген төрт бурчтук бөлмөдө отура берсе өспөйт” деп, далай ирет эл кыдыртты. Кийин кыйын учурлар болуп, өнөр бааланбай калган чактарда да “өзүңөрдү эптеп кеткиле” деп Абдиев кеңеш айтып турчу. Кийин Элмирбек Шаршен Термечиков атындагы театрда да иштеди. Ошол кездерде анын “Жалгыздыкта коштошуу”, “Мунарым” аттуу ырлары белгилүү болуп, аты чыга баштады. Ал убакта айтышка эл аз келчү. Ошондо да далай ирет байгелерге татып, төкмөлүк өнөрү да өрчүдү. Казакстандын Кызыл-Ордо, Чымкент, Түркстан аймактарында да айтыштарга бирге барып жүрдүк. “Айтыш” коомдук фонду түзүлгөн чакта да бирге иштедик. Өмүрүнүн аягына чейин жакшы алакада болдук”.

Белгилүү обончу, ырчы Сыймык Бейшекеев Элмирбек Иманалиевде 12-13 жашынан обончулук шык ойгонгонун айтып, таланттуу инсандардын көзү өткөн соң гана орду билинерин белгиледи:

Сыймык Бейшекеев жана Элмирбек Иманалиев.
Сыймык Бейшекеев жана Элмирбек Иманалиев.

“Элмирбек өзүнүн атасына арнап жазган ырын угузганда жан дүйнөм эңшерилип, аябай таасирленгем. Досумдун обончулук шыгы эрте ойгонгон. Бир ирет “Булбулум” аттуу ырынын текстин мага көрсөтүп, “обон чыгарып көрбөйсүңбү” деп калды. Мен тамаша иретинде “мунуң декламация болуп калыптыр” деп койгом. Андан көп өтпөй эле ал ырдын обонун намыстанып өзү жазды. Кийинки учурга чейин “ошондо сен камчы салдың эле” деп күлүп айтып жүрдү. Дагы бир ирет сүйлөшүп отуруп “Токтогул бул заманда жаралбай калды го” деп койгом. Анан мени карап, “Токтогул жаралгандыр, балким баркын билбей жүрөсүңөр” деп жооп берген эле. Эми мезгил өтүп караанына зар болуп калбадыкпы. Мындай талант жаралса кылымда бир жаралат”.

Өнөрүн өркүндөтүү максатында Кытайдан билим издеп келип, Элмирбек Иманалиевге шакирт болгон төкмө акын Акматбек Султан уулу устатынан өнөр жолун эле эмес, эл-журтка кызмат кылуу үлгүсүн да үйрөнгөн:

Акматбек Султан уулу.
Акматбек Султан уулу.

“Кытайдан келгенден кийин устатым бооруна кысып, ар убак мага жылуу мамилесин көрсөттү. "Аман болсом дүйнө кыдыртам" деген изги бар эле. Тилекке каршы ал күнгө жетпей калдык. Ал бизге төкмөлүк өнөр кесип эмес, Кудайдан берилген милдет экенин, аны таза кармап, улутка ак кызмат кылуу керектигин көрсөттү. Экинчиден, кайсы ишти кылып, кайсы кызматты аркаласаң дагы, чын ыклас менен берилип жасоону үйрөттү. Устатым көзүбүздү ачып, дүйнөбүздү байытты десем болот. Мен ага ыраазымын. Ал эми мен ага кандай шакирт болгонумду айта албайм. Аны мезгил кези келгенде иргеп алат”.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Төрт жашынан тамга таанып, жети жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармонияга караштуу эки жылдык студияны, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон.

Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк өнөрдөн сырткары «Манас» айтып, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган.

Ал ырчы, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу эл оозуна алынган чыгармаларды жараткан. Ошондой эле мурунку белгилүү акындардын айтыштарын эске салып, алардын мазмунун бузбай аткара билген.

«Айтыш» коомдук фондунда көптөгөн жаш акындардын устаты болгон таланттуу акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан улам каза болгон.

Эл уулу Элмирбектин элеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:08 0:00

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG