Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:02

Мирзиёев кызы Саиданы такка даярдап жатабы?


Саида Мирзиёева
Саида Мирзиёева

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин тун кызы Саида Мирзиёева жаңы кызматка дайындалды. 38 жаштагы Саида Мирзиёева президенттик администрациянын жаңы курамында атасынын жардамчысы болуп иштей баштады. Саясат талдоочулар менен эксперттер Мирзиёев мураскерин таптай баштаганын айтып жатышат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 38 жаштагы кызы Саиданы өзүнүн жардамчысы кылып дайындады. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат катчысы Шерзод Асанов Телеграмдагы расмий баракчасында билдирди.

Буга чейин "Озодлик" радиосу өз булактарына таянып, президенттик аппараттын жаңырган курамында эң жогорку кызмат болорун, аны Саида Мирзиёева ээлей тургандыгын жазган эле.

Президент тун кызын былтыр ноябрда президенттик администрациянын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы кылып бекиткен. Соңку кабар өзбек президенттин мураскери тууралуу талкууну жандатты. Саясий серепчи Рафаэл Саттаров президенттин соңку кадамын мындай деп чечмеледи.

Рафаэл Саттаров
Рафаэл Саттаров

"Бул мурдатан болжолдонгон нерсе. Мирзиёев АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү менен жолугушканда кызы Саиданы бийликтин тепкичтеринде легитимдештиргенин, анын абдан реформачыл экенин ишараттар менен айткан экен. Апрелден бери ушундай кеп-сөздөр болуп келе жаткан. Эгер кыскача айтсак, бул "Мураскер операциясынын Б планы" деп аталат. Эми ал болочок президентпи деген манипуляциялык божомолдор күчөйт. Азырынча Мирзиёевдин мурскору катары карала баштады".

"Азаттыктын" булактары белгилегендей, жаңы администрацияда президенттин жардамчысы кызматы иш жүзүндө президенттик аппараттын башчысынын кызматына барабар. Ошентип Саида атасынын администрациясын жетектемей болду.

Өзбекстан. Улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фонду
Өзбекстан. Улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фонду

Мурда президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Комил Алламжонов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. "Азаттыктын" булактарынын айтымында, бул кызмат менен Алламжонов президенттик администрациядагы үчүнчү адам болду. Ал буга чейин Саида Мирзиёева менен чогуу иштеген.

Саясат таануучу Алишер Илхамов Саида Мирзиёева менен Комил Алламжоновдун эриш-аркак кызматта иштешинин себептерине токтолду.

Алшер Илхамов
Алшер Илхамов

"Ал азырынча мамлекеттик иштерди, кимдин ким экенин, система кандай иштей турганын жакшы билбейт. Ошол себептен кайда барбасын Алламжоновду ала жүрөт. Алламжоновсуз Саида бир да кызматта иштей албайт. Алдыда өзгөчө учур болуп кетиши мүмкүн. Мирзиёев кызына ишенип атайын шарттарды, эрежелерди камдап жатат. Бирок алар иштебей да калышы мүмкүн. Түркмөнстанда Бердымухамедов уулун президент кылып коюп, өзү парда артынан мамлекетти башкарам дегени ишке ашкан жок. Эгер Мирзиёев убактысынан мурда президенттиктен кетип, Саиданы же башка бирөөнү кое турган болсо, дал ушундай кырдаал жаралышы мүмкүн. Чындап эле Саида башкы ролго чыкса, учуру келгенде анын кеңешчиси болуп Алламжонов ишти колго алышы мүмкүндүгүн да четке кага албайбыз. Кыскасы, Мирзиёевдин алдында ушундай коркунучтар бар. Мирзиёев аны сезип, кыжаалат болуп жатат. Кимге ишеништи билбей, өз кызына ишенгенге аргасыз. Мирзиёев ушул жол менен бийликти көзөмөлдөп турууга үмүт кылууда".

"Азаттыктын" өзбек кызматынын "Мирзиёевдердин эмирлиги" деп аталган иликтөөсүндө ал 2016-жылы бийликке келгенден бери 20га жакын тууганын жогорку кызматтарга дайындаганы, алар мамлекеттин экономикасынын алдыңкы тармактарын көзөмөлгө алганы тууралуу сөз болот.

Иликтөөдө Мирзиёев президенттикке келгени өзүнүн жана жубайынын туугандары бийлик менен жыргалчылыктын даамын татып жатканы көрсөтүлгөн.

Саида Мирзиёева (ортодо)
Саида Мирзиёева (ортодо)

Саясий серепчи Рафаэл Саттаров тууганчылыкка байланган өзбек бийлиги түбөлүк башкарууга умтуларын болжолдойт:

"Бизде эмнеге сапатуу кадрлар жок? Бийликтегилерди карасак, банк тармагы болобу, айыл аймактарга чейин бири-бири менен байланышып кеткен. Ак сөөктөрдүн балдары эл аралык гранттарга чейин жеткен. Бийликтегилер өздөрү күрөшүүсү керек. Алар туугандарын, балдарын майлуу орундарга дайындабастан, өздөрү менен күрөшүшү керек деп ойлойм. Бирок, андай кадамга баруу алар үчүн оор".

Буга чейин Саида Мирзиёева Өзбекстанга келген жогорку даражалуу чет элдик коноктор жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгени ачык көрсөтүлүп турган. Ал социалдык тармактарда активдүү, күйөөсүнүн жана балдарынын, анын ичинде таятасына аты уйкаш кенже уулу Шавкаттын сүрөттөрүн да байма-бай бөлүшөт. Эл алдына чыгып сөз сүйлөп, өлкөнү кыдырып, чет мамлекеттерге каттайт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсү, кызы Саида Мирзиёева (атасынын жанында турат)
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсү, кызы Саида Мирзиёева (атасынын жанында турат)

Президенттердин жакындарын жооптуу кызматтарга дайындоо Борбор Азияда сейрек көрүнүш эмес. 2021-жылдын аягында тажик президенти Эмомали Рахмон үчүнчү кызы Рухшонаны Британиядагы элчи кызматына дайындаган. Уулу Рустам өлкөдөгү экинчи чоң кызматты ээлейт.

Түркмөнстанда 41 жаштагы Сердар Бердымухамедов былтыр март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасынан бийликти өткөрүп алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG