Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Мирзиёевдин доорунда байыган туугандар


Шавкат Мирзиёев жубайы жана үй-бүлө мүчөлөрү менен. Президенттик шайлоо маалында түшкөн сүрөт. Ташкент, 9-июль, 2023-жыл.
Шавкат Мирзиёев жубайы жана үй-бүлө мүчөлөрү менен. Президенттик шайлоо маалында түшкөн сүрөт. Ташкент, 9-июль, 2023-жыл.

"Озодлик" радиосу Өзбекстанда президенттикке үчүнчү жолу шайланган Шавкат Мирзиёев башкарган непотизм тууралуу көлөмдүү иликтөө жарыялады. Анын кыскартылган текстин сунуштайбыз.

“Мирзиёевдердин эмирлиги” деп аталган иликтөө ал 2016-жылы бийликке келгенден бери 20га жакын тууганын өкмөттүн жогорку кызматтарына дайындаганы, алар мамлекеттин экономикасынын алдыңкы тармактарын көзөмөлгө алганы сөз болот.

Иликтөө Мирзиёев президенттикке келгени өзүнүн жана жубайынын туугандары бийлик менен жыргалчылыктын даамын татып калганын көрсөтөт.

Баары таасирдүү кызматта

Жубайы – Зироат Мирзиёева-Хошимова - кадрлар маселесинде бейрасмий кеңешчи. Эл аралык жамааттык корунун төрайымы. Миллиондогон долларлык долбоорлорду карайт. Акча кайдан келип-кетип жатканы тууралуу эч кимге эсеп бербейт.

Улуу кызы - Саида Мирзиёеванын ыйгарым укуктары премьер-министрдикинен кем калбайт. Маалыматтык саясаттан маалыматтык технологияларга чейин, антиквариаттан баштап улуттук искусствонун эң сонун үлгүлөрүнө чейин көзөмөлдөйт. Анын ыйгарым укуктары кайдан башталып, кайда бүтөрүн эч ким билбейт.

Саида Мирзиёева
Саида Мирзиёева

Улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов бир эле күндө президенттик аппараттын башчысына орунбасар, эртеси өлкөнүн алдыңкы бизнесмени болуп таанылды. Банктардын төлөм системалары жана ID карта бизнеси аркылуу миллиондогон адамдардын жеке маалыматтар алаканында. Бирок жоопкерчиликтен алыс.

Кичүү кызы Шахноза Мирзиёева жакынкы убакка чейин өлкөнүн бала бакчаларын көзөмөлдөп турду. Өлкөнүн миллиондогон балдары качан кайсы тамганы үйрөнүп, эмне жеп, эмне ичиши керектигин аныктоо анын укугунда эле. Өткөн айда бул бийлик дагы кеңейди – азыр миллиондогон өзбектерди социалдык жактан коргоо анын колунда.

Кичүү күйөө баласы Отабек Умаров болсо президенттин жансакчыларынын де-факто башчысы. Мамлекеттик кызматкер, бирок миллиарддаган долларлык көмүскө бизнестин ээси.

Жалгыз уулу азырынча мектеп окуучусу. Бирок социалдык түйүндөгү күйөрмандары аны “ханзаада, болочок падыша” деп аташат.

Булар башкаруучу үй-бүлөнүн негизги мүчөлөрү. Бул топко абройу улам ашып бараткан жээндерди, жээн күйөө балдарды, кудаларды кошкон жокпуз.

Бир жээни өлкөнүн Ички иштер министрлигин, экинчиси Борбордук банкты жетектейт. Бир кудасы – өлкөнүн кудуреттүү Коопсуздук кызматынын башчысы. Дагы бири казынаны, дагы бири бүтүндөй айыл чарба тармагын көзөмөлдөйт. Бажы кызматынын төрагасы да куда. Алар тышкы саясатта да лидер.

Жээндердин бири Башкы прокуратурада, экинчиси “Узавтосаноатта” “кожоюн” макамында. Банкирлер сан жеткис. Коомдук пикирди калыптандырууда жээн келин жан үрөп иштейт.

9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү нөлгө теңелип, алдыдагы жети жылга мамлекет башчы болуп шайланды. Муну менен анын көп жылдар бою бийликте калууга жол ачылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы президенттин тууган-туушкандардын жакындан билген ондон ашык булак менен сүйлөштү. Алар коопсуздуктан улам аты-жөнүн ачыкка чыгарууну каалашкан жок. Бул иликтөө алардын айткандарынын, ачык маалыматтардын жана корпоративдик документтердин негизинде даярдалды.

Президенттин таасирдүү эжеси

Тогуз жашында энесинен ажырап калган Шавкат Миромоновичти өзүнөн үч жаш улуу эжеси Инобат чоңойткон.

2013-жылы ажылык зыяратка барып келген Инобат Мирзиёеваны башкалар “ажы эне” деп аташат.

"Озодликтин" булактарынын айтымында, өлкө түштүгүнөн чыккан кадрларга Инобат Мирзиёева чоң таяныч.

Инобат Мирзиёеванын экинчи күйөөсү Төрө Ярлакаповду өлкө түштүгүндө Төрөбай же Байтөрө деген каймана аты бар. Улак тартышты сүйгөн Төрөбайдын ат сарайынан тартып, чоң байгелер сайылган мелдештерин чабандестер аябай жакшы билет.

Анын дагы бир ылакап аты – "Май куюучу бекеттердин падышасы".

Инобат Мирзиёева (солдон биринчи) жана президенттин башка туугандары.
Инобат Мирзиёева (солдон биринчи) жана президенттин башка туугандары.

Инобат Миромоновна 2021-жылга чейин Жызактын Замын районундагы 9-мамлекеттик бала бакчанын жетекчиси болгон. Ал кезде бул райондогу бардык балдар бакчаларды тамак-аш менен камсыздоо милдети эле.

Азыр бала бакчаларга Инобат Мирзиёеванын кыздары ээлик кылат. Гүлназа деген кызы мамлекеттик, Юлдузу жеке бала бакчаны башкарат.

Юлдуз 2018-жылдан бери TRUCK AND BUS TRADE GROUP жана TURON AVTO жоопкерчилиги чектелген коомдоруна да жалгыз ээлик кылат.

Юлдуздун кайнатасы Өктөм Махмуджанов Шавкат Мирзиёевдин эски өнөктөшү. Мурда Жызак облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган. Азыр бизнесмен - "Согдиана" футбол клубунун ээси жана президенти.

BMB Trade Group компаниясынын байкоочу кеңешинин мүчөсү жана төраганын кеңешчиси. Мирзиёев президент болгондон төрт айдан кийин түзүлгөн BMB Trade Group азыр Өзбекстандагы бизнесин чагылгандай ылдамдык менен кеңейткен кубаттуу конгломераттардын бири. Бул холдинг тамак-аш, жашылча-жемиш жана дары чөптөрдүн кластерин түзүү, өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык объектилерди куруу, таштандыларды кайра иштетүү тармагында иш алып барат.

Инобат Мирзиёеванын дагы бир кудасы – Шамсиддин Раззаков Самарканддагы INTEKO GAZ OIL ишканасына теңтөрагалык кылат, күйүүчү май жана газ бекеттеринин ээси. Өзбекстанда былтыр энергетикалык кризисте башка май куйган бекеттердин баары убактылуу жабылганда да Раззаков башкарган бекеттердин иши токтогон эмес. Муну Самарканд транспорт башкармалыгынын 2022-жылдын январындагы маалыматы да ырастап турат. Анын май-газ бекеттери Өзбекстандын башка аймактарына да жайылган.

Инобат Мирзиёеванын жолдошу Байтөрөнүн тун уулу Алишер Эргашев Ташкенттеги курулуш компаниясында мүлккө ээлик кылат. Аны Замын районунун, ал тургай Жызак облусунун бейрасмий акими деп да аташат. Дагы бир уулу Шерзод – Замында цемент заводуна, Сырдарыяда дан иштеткен фирмага ээлик кылат.

Шавкат Мирзиёевдин Инобаттан башка дагы эки карындашы жана бир иниси бар. Коомчулукка көп таанымал эмес Матлуба Мирзиёевага агасы 2016-жылдын ноябрь айында убактылуу президент болуп келгенде Замын районунун көк майсаң тоолорунун этегиндеги корук аймагынан 20 гектар жер бөлүнгөн. Карапайым өзбектер жер алмак турсун, мамлекет тарабынан корголгон бул токойго кирүү үчүн акча төлөйт. Матлуба Миромоновна Мирзиёева ушундай эксклюзивдүү аймактагы “Азим Замын” жеке эс алуу жайынын жалгыз ээси.

Алишер Имомназаров
Алишер Имомназаров

Матлуба Мирамоновнанын күйөөсү Алишер Имомназаров Мирзиёев президент болгондон кийин Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Имомназаров деле газ соодасына ышкыбоз. Замында бери дегенде эки газ бекети бар. Андан тышкары, пахтаны, пилланы кайра иштеткен, желим чыгарган ишканаларга да ээлик кылат. Жүн экспорту да анын колунда. Матлуба айымдын уулу Кабыл деле газ бекеттеринин бизнеси менен алектенет.

2016-жылдын сентябрында Шавкат Мирзиёев министрлер кабинетинин аткаминери Аброл Вахабовду айыл чарба министринин 1-орун басары кызматына дайындаган. Бир айдан кийин Вахобовдун уулу Мирзиёевдин инисинин кызына үйлөнгөн. Вахобов азыр Агроөнөржай тармагын көзөмөлдөгөн инспекциянын башчысы.

2017-жылдын октябрында Мирзиёев Аброл Вахобовдун жээни Жавлон Вахобовду АКШга элчи кылып дайындаган. АКШдагы элчилик Тышкы иштер министрлигиндеги стратегиялык карьера болуп эсептелет. “Азаттыктын” булактары Жавлон Вахобов келечекте тышкы иштер министри болорун болжолдошот.

Президенттин иниси Хондамирдин дагы бир кызынын кайнатасы 2019-жылы Ташкент шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Анын уулдарынын атындагы компаниялар газ, компьютер оюндары, курулуш жана химиялык каражаттар соодасы менен алектенет. Андан тышкары, спорт товарларын сатууда, кредит жаатында иш жүргүзөт.

“Озодлик” радиосунун иликтөөсүндө Мирзиёевдин Замындагы аталаш тууганы Мухтор Мирзёевдин жана анын уулдарынын таасири, бизнеси, алардын күч органдарындагы кызматтары тууралуу да маалыматтар берилген.

Мирзиёевдин аталаш эки тууганы – Шухрат жана Бахтиёр Мирзиёевдер Жызактагы таанымал байлардын катарында. Жергиликтүүлөр муну алардын байлыгын Замынга куруп жаткан заңгыраган турак жайлардан билишет.

Президент менен тууган болуу сыймыгы Мамлекеттик коопсуздук кызматында иштеген Бахром Мирзиёевди Өзбекстандын унаа базарындагы эң ири бизнесменге айланткан. Ал Өзбекстандагы LADA, Kia, Chery жана Renault автоунааларынын эксклюзивдүү дистрибьютору болгон Roodell ишканасынын негизги ээси.

Ал эми Roodell автомобиль тармагындагы 10дон ашык компаниялардын негиздөөчүсү. Алардын арасында 216 миллион долларлык АДМ Жызак заводу бар. Мирзиёев жээнинин бул бизнесин колдоп, ачылар замат иш сапар менен барган жана мактаган.

2020-жылы катталган бул ишкана дүйнөлүк автоунаа өндүрүүчүлөрдү таң калтырса ажеп эмес. COVID-19 пандемиясы учурунда ачылып, дээрлик эки жылдан бери иштебей турганына карабастан, завод 2023-жылы 100 миң унаа чыгара турганы айтылган. Бул кандай өндүрүш? Заводго чогултулат делген автоунаалар кайсы өлкөдөн, кандай абалда келет? Эң негизгиси алар кандай катталып, мамлекетке канча төлөм төлөшөт? Мамлекеттик кызматкер, болгондо да улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү кантип бизнес менен алектенет деп сурабай эле койгула. Бахром Ахроровичтин паспортунда Мирзиёев деген фамилия бар, бул ал үчүн карт бланш!

Канайым жана анын туугандары

Мирзиёевдин басып өткөн жолунан кабардар болгондор анын бийлик тепкичинен көтөрүлүшүнө кайнатасы Махмуджон Хошимовдун салымы чоң экенин айтышат.

Хошимов кезинде темир жол тармагындагы эң майлуу кызматы — өрөөндөгү камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болгон. Аны жакындан тааныгандардын айтымында, СССР учурунда Москвадан таратылган мамлекеттик азык-түлүк жана башка каражаттарга алып-сатарлык кылып, Кокондогу эң бай адамдардын бирине айланган.

Анын кызы Зироат Хошимова - президент Мирзиёевдин жубайы соңку жети жылдан бери жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынан түшпөй келет.

Зироат Мирзиёева
Зироат Мирзиёева

Көпчүлүк биринчи айымдардай эле Хошимова-Мирзиёева жолдошун чет элдик сапарларда коштоп жүрөт. Миромоновичтин саясатын коомчулукка жайылтууга багытталган иш-чараларга катышып, күйөөсүн, өзүн жана үй-бүлөсүн элчил, кайрымдуу катары көрсөтөт. Анын ысымы “Замин” фондунун синонимине да айланып калды – “Замин” Зироат Мирзиева үчүн түзүлгөн. Өзү Фонддун жогорку органы болгон камкорчулар кеңешинин төрайымы.

Датасына көңүл бурсаңыз, “Замин” фонду 2020-жылдын 23-январында түзүлгөн, ал кезде дүйнө COVID-19 пандемиясынан жабыркай баштаган. Расмий статусу – эл аралык жамаатчылык фонду. Каттоо документинде фонддун негиздөөчүлөрү жана ишмердик тармагы көрсөтүлгөн эмес. Сайтында "Замин" фондунун ишмердүүлүгүнүн көлөмү дээрлик чексиз экени белгиленген. Фонд кааласа экология тармагына, кааласа билим берүү, кааласа саламаттык сактоо тармагына кийлигишет.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, мындай фондду каржылоо булактары чектелбейт. Каалаган адам же компания каалагандай акча бере алат. Ошондой эле мамлекеттик бюджеттен, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттердин өкмөттөрүнөн грант алса болот. Мындан тышкары фонд өзү бизнес менен алектенип, киреше таба алат.

Мыйзамга ылайык, мындай ишмердик үчүн коомчулукка ачык отчет берилиши керек. Бирок мындай ачык-айкындыкты "Замин" сайтынан таба албайсыз. Президенттин жубайына тиешелүү фондго канча акча келип, кайда кеткенин коомчулук билбейт. Зироат Мирзиёеванын фонду кандай бизнес менен алектенет, бул дагы өзүнчө бир журналисттик иликтөөнүн темасы!

2020-жылы, пандемия туу чокусуна жеткенде, кычкылтек концентраторлору дүйнөдөгү эң көп сатылган жабдууга айланганын унутпаган чыгарсыз. 2020-жылы "Озодлик" радиосу жарыялаган иликтөөдө Өзбекстанга кытайлык кычкылтек концентраторлорун алып келүү менен Зироат Мирзиёеванын фонду экени аныкталган.

Бул иликтөөгө маалымат берген булактардын айтымында, эч кандай расмий ыйгарым укуктары болбосо да, биринчи айымдын өкмөттүн кадр саясатында орду жогору экенин айтышат. Өкмөт өкүлдөрүнүн белгилешинче, Саламаттык сактоо министрлиги жана фармацевтика тармагы биринчи айымдын көзөмөлүндө.

Зироат Мирзиёеванын сиңдиси Сайёра Хошимованы көпчүлүк олигарх Алишер Усмановдун кудасы катары жакшы билет. Кызы Диёра 2009-жылы ошол учурда Усмоновдун мураскери катары сыпатталган Бобир Усмановго (маркум) турмушка чыккан.

Сайёра Хошимованын жолдошу Даврон Гафуров – азыр бизнесмен. Кезинде Чинобод мунай базасын башкарган. Корпоративдик документтерге таянсак, ал Британиянын жараны. Бажасы Шавкат Мирзиёев өкмөт башчы болуп турганда чет элде бизнесин жолго койгон. 2013-жылдан бери Чехиядагы Liberta Energy s.r.o. компаниясын жетектейт. Бул компания мунай бизнеси менен алектенет.

Зироат Мирзиёеванын иниси Мухаммад Хошимов жездеси президент болгондон кийин бизнесте арышын жая баштады. 2019-жылдан бери тогуз ири компаниянын акцияларына ээ болду. Арасында Чырчыктагы шекер заводу, QO‘QON MINERAL-LOGISTIKASI ишканасы, чет элден кымбат жандык алып келип бизнес кылган миллион долларлык MILK AGRO ALLIANCE ишканасы, Pronto автосалону, MELEK BEST MILK AGRO фабрикасы, LOS GIGANTES TEXTILES жип фабрикасы, WBM ROMITEX текстиль кластери жана HI-TECH BANK бар.

Күйөө балдардын таасири

Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров да Зироат Хошимованын тууганы. Ал Өзбекстанда эмес, чет элде таанымал болуп калды. Умаров да кокондук. "Озодликтин" булактары аны кайненесине күйөө бала гана эмес, жакын союздаш катары да сыпатташат.

Буга чейин Отабек Умаров “Озодликтин” бир нече журналисттик иликтөөлөрүнүн фигуранты болгон.

Түштүк Кореядан автоунаалардын тетиктерин алып келүү менен алектенген Умаров кайнатасы президент болгондон кийин анын коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Кесиптик квалификациясы жок болсо да, Умаров Улуттук коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу лидери жана президенттин жансакчылары аны менен эсептешет.

Отабек Умаров
Отабек Умаров

Таасири ашкан Умаров өзү да жансакчылардын коштоосунда жүрөт. Ал мамлекеттик кызматкер болсо да, кийинки жети жылда көмүскөдөн миллиард доллардан ашкан бизнес империясын курууга жетишти. Өзбекстандын чоң жана кичи бизнесмендери берген маалыматка караганда, Умаровдун бизнес дымагы күндөн-күнгө кеңейип, кайын-журтунун коргоосунда кол тийбес адамга айланган. "Озодлик" радиосу буга чейин Умаровдун көмүскө бизнеси жана акча адалдоо ишмердиги тууралуу иликтөө жарыялаган.

Умаровдун бир тууган иниси, мурда мал сатуу менен алектенген Ойбек Умаров да 2016-жылдын сентябрь айында өлкөдөгү ири компаниялардын акционери болуп калган. Ага катталган ири компаниялар "Озодликтин" иликтөөсүнөн соң азайып, Умаровдор оффшордук компаниялардын артына жашынууга өткөн.

Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсуновдун атасы - генерал-майор Ботир Турсунов.

Ал Шавкат Мирзиёевге куда болгонго чейин Ички иштер министрлигинде жогорку кызматты аркалаган. 90-жылдардын аягында Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин терроризмге каршы башкы башкармалыгынын, андан кийин Интерполдун өзбек бөлүмүнүн башчысы болгон. Анжиян окуясынан кийин анын кызматы төмөндөп, министрликтин "Динамо" спорт уюмунун төрагалыгына түшкөн.

Бирок президентке куда болору менен Ботир Турсуновдун макамы кайрадан кескин көтөрүлдү. 2017-жылы жаңы түзүлгөн Улуттук гвардиянын, 2020-жылы кудуреттүү Мамлекеттик коопсуздук кызматынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал расмий түрдө бул түзүмдөрдө орун басар болгону менен, "Озодликтин" булактарынын айтымында, анын ыйгарым укуктары төрагалардан кем калышпайт.

Мирзиёевдин күйөө баласы Ойбек Турсунов кайнатасы премьер-министр болуп турганда Мамлекеттик резервдер комитетинде, кийин "Өзбекстан темир жолдору" ишканасынын Москвадагы кеңсесинде иштеген. Мурдагы кесиптештеринин айтымында, криминалдык кландын өкүлү менен жаңжалдашып кеткенден кийин кайнатасы аны Москвага биротоло жөнөтүп жиберген. Бирок Мирзиёев президент болор замат Ташкентке кайтып келген.

Келер замат президенттик аппараттын финансы-экономика бөлүмүнүн Мамлекеттик резиденциялар дирекциясынын башкы директорлугуна дайындалды. Турсуновдун бул кызматта канча убакыт иштегени белгисиз. Көп өтпөй мурдагы мамлекеттик ишмер Турсуновдун ысымы Өзбекстанда биринин артынан бири ачыла баштаган компаниялардын негиздөөчүсү катары атала баштады.

Ал тогуз компаниянын негиздөөчүсү болуп калды. Учурда анын аты төрт компаниянын ээлеринин тизмесинен ачык көрүнүп турат. Ойбек Турсунов өз наамынан тышкары Ташкенттин символуна айланган эң баалуу жер тилкелерин, сейил бактарга жана курулуштарга ээлик кыла баштады.

Ойбек Турсунов Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен.
Ойбек Турсунов Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен.

Турсунов менен түздөн-түз иштешкен ишкерлердин айтымында, ал Москвада жүргөндө Путинге жакын олигарх, Мирзиёевдердин кудуреттүү кудасы Алишер Усмановдун коргоосунда болгон. Жергиликтүү эксперттер Турсунов Алишер Усмановдун батыштык санкциялар астындагы миллиарддаган акчасын Өзбекстанга өткөрүп, аларды коопсуз транзиттик аймакка айлантуу процессине жигердүү катышып жатканын айтып келет.

Өзбек президентинин айрым мартабалуу туугандардын тизмеси

Погондуу туугандар:

Ботир Ражабович Турсунов, генерал-майор, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын 1-орун басары, чоң куда;

Отабек Мухаммадалиевич Умаров, подполковник, Коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, Президенттин Күзөт кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары, кичүү күйөө бала;

Мухтар Асрорович Мирзиёев, полковник¸ Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук башкармалыгынын башчысы¸ аталаш тууганынын уулу;

Акмалхожа Юсупович Мавлонов, Бажы кызматынын генерал-майору, Бажы комитетинин төрагасы, президенттин карындашы Матлуба Мирзиеванын кудасы;

Алишер Хасанович Имомназаров, Юстиция министринин кеңешчиси, Башкы прокуратуранын тергөө тармактарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси, президенттин карындашы Матлуба Мирзиёеванын күйөө баласы;

Улугбек Ботирович Турсунов, полковник, Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин биринчи орун басары, президенттин күйөө баласы Ойбек Турсуновдун бир тууган агасы.

Погонсуз куда-жээндер:

• атасы Кочкаров Жамшид Анварович, премьер-министрдин финансы жана экономика маселелери боюнча орун басары, президенттин эжеси Инобат Мирзиёеванын кудасы;

Нодирбек Нарзуллаевич Сайдуллаев, Борбордук банктын төрагасынын биринчи орун басары – Башкармалыктын мүчөсү¸ жээни;

Аброл Джабборович Вахобов, Министрлер Кабинетинин алдындагы Агроөнөр жай комплекси боюнча инспекциянын башчысы, президенттин бир тууганы Хондамир Мирзиёевдин кудасы;

Даврон Абдужалолович Вахобов, Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы, кудасы жана ишенимдүү өнөктөшү Аброл Вахобовдун жээни;

Жавлон Абдужалолович Вахобов, Өзбекстан Республикасынын АКШдагы, Канададагы жана Бразилиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси (2017-жылдан 2023-ж. жазына чейин), өкүл атасы Аброл Вахобовдун дагы бир жээни;

Бахром Тораевич Норкабилов, Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, президенттин аталаш тууганы Ахрор Мирзиёевдин кудасы;

Нигина Хайруллаевна Рахимова, "Социалдык пикир" республикалык изилдөө борборунун директору, Зироат Хошимованын жээн келини;

Сардар Октамович Махмуджонов, UZ TRUCK AND BUS MOTORS биргелешкен ишканасынын директору, "Узавтосаноаттын" жетекчисинин орун басары, эжеси Инобат Мирзиёеванын күйөө баласы;

Муродхан Каримович Жораев, эл депутаттарынын Ташкент шаардык кеңешинин депутаты, президенттин бир тууганы Хондамир Мирзиёевдин кудасы;

Аброр Ахрорович Мирзиёев, мамлекеттик "Асакабанктын" Тышкы экономикалык ишмердүүлүк департаментинин начальниги, президенттин аталаш агасынын уулу;

Бахром Ахрорович Мирзиеев-Асроров, Президенттин Мамлекеттик күзөт кызматынын капитаны¸ Жызактагы автозаводдун ээси, президенттин аталаш агасынын уулу;

Ахад Раззоков Анварович, Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттигинин Ташкент шаардык башкармалыгынын жетекчиси, президенттин эжеси Инобат Мирзиёеванын кудасы.

Бул тизмеге Шавкат Мирзиёевдин апасы тараптан жакын туугандарын, мамлекеттик кызматтарда иштеп, ири бизнес менен алектенген жээндери, кудалардын балдары кошулган жок.

Мамлекет башчынын тууган-уруктары тууралуу журналисттик иликтөөгө өзбек бийлиги комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG