Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

"120 миң сом берип алдандым". Charge fast элди кантип азгырган?


Charge fast компаниясынын Бишкектеги кеңсесинин ачылышы. Анын негиздөөчүсү Съездбек Сайназаров жана агасы Өмүрбек Сайназаров ортодо турат. 2023-жыл.
Charge fast компаниясынын Бишкектеги кеңсесинин ачылышы. Анын негиздөөчүсү Съездбек Сайназаров жана агасы Өмүрбек Сайназаров ортодо турат. 2023-жыл.

Charge fast каржылык компаниясына алданганын айткан ондогон жарандар укук коргоо органдарына кайрылганы белгилүү болду.

Алардын алды 1,5 млн арты 10 миң сомго чейин акчасын алдатканын, компания акчасын аз күндө көбөйтүп берүү убадасы менен азгырганын айтышууда.

Милиция Кыргызстанда каржы пирамидасына байланыштуу эскертүүлөргө карабай андан жабыр тарткандар көбөйгөнүн айтууда.

Charge fast компаниясынын максаты эмне?

Өзүн Аэлита Мураталиева деп тааныштырган жаран Charge fast компаниясы тууралуу өткөн жылдын жай айларында билген. Маалымат анын Вотсабына келип, кийин бул кат алышуу кызматындагы атайын тайпага кошулуп калган.


Алгач лотерея деп айтылып, эч кандай каржы пирамидасына тиешеси жок делген мекеменин ишин Аэлита эки ай четтен карап турганын, эл тез эле киреше таап, акчасы көбөйө баштаганын көргөндө барып С1 деп аталган баскычына 748 сом салган.

Бул баскычта Аэлитанын акчасына күнүнө 24 сом 91 тыйын кошулуп турган.

"60 күндүн ичинде акчам эки эсеге көбөймөк. Компаниянын өкүлүмүн деген Съездбек аттуу адам мекемени кытайлык ишкерлер ачканын, алар Кыргызстандагыларды акчасын инвестициялоого үйрөтүп, тез байып кетүүгө көмөктөшүп жатканын айткан. Биздин аймакта кеңсеси ачылганда да ушундай сөздөрдү укканбыз. С1 басычынан пайда көргөндөн кийин С5 баскычына 3 742 сом салдым, андан күнүнө 129 сом түшүп турду. 80 күндөн кийин мен салган 3 742 сомумду үстөгү менен кошо алып чыктым. Бир туугандарымды, атамды аркаман каттаттым, алар да ойногон. Анан эле компания жабылат экен деген сөздөр чыга баштады. Бирок Съездбек, Өмүрбек деген кишилер бул жалган кеп экенин, иш улана берерин айтышкан. Мен ошондо күйөөмө айтпай 120 миң сом карызга таап, ушул жылдын 25-февралында салып койгом. Азыр бул кылганымды кайын- журтум, күйөөм билбейт. Акчамды кайра өндүрө албай отуруп калдым".

Аэлита өңдүү бул компанияга акчасын салып, кайра чыгара албай калгандар ондоп саналат. Алардын арты кем дегенде 10 миң сом, айрымдары 1,5 миллионго чейин компаниянын эсебине которгонун айтууда.

Компаниянын эрежелерине ылайык, С1 баскычында мекеменин эсебине ар бир адам 748 сомдон 60 күнгө салып, анын үстүнө кытайлык инвесторлор күнүнө 24 сом 91 тыйын кошуп турары айтылган.

С5 баскычында кардар 3 742 сомду 80 күнгө салып, негизги суммага суткасына 129 сомдон берилмек.

Ал эми эң жогорку делген С10 баскычына катталгандар 14 959 сомдон берип, 100 күндө 53 миң 400 сом үстөк кошуп алмак.

Charge fast компаниясынын Бишкек жана Ош шаарларындагы кеңселери салтанат менен ачылган. Оң тарабында турган анын негиздөөчүсү Съездбек Сайназаров.
Charge fast компаниясынын Бишкек жана Ош шаарларындагы кеңселери салтанат менен ачылган. Оң тарабында турган анын негиздөөчүсү Съездбек Сайназаров.

Ишинде каржы пирамидаларынын элементтерине окшогон жагдайлар бар экени айтылган компанияга байланыштуу чыр февраль айынын этегинде башталган.

Компаниянын негиздөөчүлөрүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн Бишкектин тургуну алгачкы болуп милицияга кайрылган. Жаран өз арызында алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 400 миң сом суммадагы акчаны ээлеп алганын жазган. Андан кийин убадасын аткарбай, из жашырып кеткенине даттанган.


2-мартта милиция каржы пирамидасын уюштурууга шек саналып 33 жана 29 жаштагы жарандар кармалганын кабарлады. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Каржы пирамидаларын уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган эки жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Азыркы тапта алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар-жогун аныктоо аракеттери көрүлүп жатканы белгиленген.

ИИМдин белгилешинче, Бишкек милициясына элүүдөн ашуун жаран ушул өндүү арыз менен кайрылган.

Кыргызстандын башка аймактарынан да милицияга арыз түшө баштаган. Компания кеңсесин ачып, иш алып барган Ош, Каракол, Кара-Көл жана Бишкек шаарларынын тургундары арты артынан даттана баштаган.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 4-мартта билдиргендей, Charge fast компаниясынын Каракол шаарындагы эки өкүлү (47 жаштагы М.Н. жана 49 жаштагы М.Г.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш-жаза кодексинин "Каржы пирамидаларын уюштуруу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарында Charge fast (тез заряд) пирамидасынын негизги уюштуруучусу деген шек менен 43 жаштагы С.С. аттуу жаран 7-мартта кармалды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдагандай, учурда анын дагы башка кылмыштарга катышы бар-жогу аныкталууда.

Милициянын маалыматына ылайык, 1-мартта Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө дагы бир нече жабырлануучу арыз жазган. Кайрылуу каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен иш козголгон. Материалдык чыгым 500 миңден ашык сом деп эсептелген.

"Миңдеген инвесторго туруктуу кирешени камсыздайбыз"

Юстиция минитрлигинин маалыматына караганда, Charge fast жоопкерчилиги чектелген коому 2023-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарында катталган. Алгачкы кеңсеси Жалал-Абад облусунун Каракөл, Ысык-Көлдүн Каракол шаарында, андан кийинкилери Ош жана Бишкек шаарларында иштей баштаган. Компаниянын негиздөөчүсү катары 43 жаштагы Съездбек Сайназаров көрсөтүлгөн.

Мекеменин аталышын "тез заряд" башкача айтканда "акчаны тез көбөйтүү" деп түшүндүрүп келген Сайназаровдун колунда финансылык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн атайы лицензия болгону же болбогону тууралуу маалымат азырынча жок.

Аймактардагы кеңселерин ачууда Сайназаровдун бир тууган агасы Өмүрбек Сайназаров да катышып, компаниянын менежери катары тааныштырылган. Аны менен катар эки бир туугандын кыздары да мекемеге акчасын берип катталгандарга тааныштырылып, ишти алып кетүүдө салымы чоң экени айтылган.

Ар бир кеңсенин ачылышында Съездбек Сайназаров бир эле текстти окуп турган. Ютуб платформасына чыккан виделордо сүйлөгөн Сайназаровдун айткандарында булар катталган:

Съездбек Сайназаров
Съездбек Сайназаров

"Биз миңдеген инвесторлорго туруктуу кирешени, он миңдеген колдонуучуларга ыңгайлуу жана тынчсызданбай кубаттоо тажрыйбасын камсыз кылган эң чоң кубаттагыч бөлүштүрүүчү брендбиз. Бул бир гана инвестициялык платформа эмес, ошондой эле бөлүшүү экономикасынын микрокосмосу. Биз инвесторлор үчүн туруктуу баалуулуктарды түзүүгө жана колдонуучуларга ылайыктуу, тынчсызданбай кубаттоо кызматтарын көрсөтүүгө умтулабыз. Биз бөлүшүү экономикасынын күчү байланышта жана кызматташууда деп эсептейбиз. Келечектеги чакырыктарга жооп берүү үчүн Кыргызстандагы инвесторлор бизнес жана коомчулук менен өнөктөштүк мамилелерди активдүү куруп жатабыз. Биз жөн гана компания эмес, биз бир үй-бүлөбүз. Биздин ийгилигибиз ачык-айкындуулукка, бүтүмдүккө жана туруктуулукка берилгендикке негизделген. Биздин инвесторлор жана колдонуучулар - биздин эң баалуу активдерибиз".

Салтанатуу иш-чарага барган аймак тургундарынын арасынан көбү аз убакытта 300 миң, 100 миң, 50 миң пайда көргөнүн айтып, элди алардын катарына кошулууга жана катталууга үндөп келген.

Charge fast мекемесинин ачылышына баргандар. Бишкек, 2023-жылдын октябрь айы.
Charge fast мекемесинин ачылышына баргандар. Бишкек, 2023-жылдын октябрь айы.

Жер-жерлерде эл менен иштөө принциби оңой жана башкысы акча тез көбөйөрү айтылганы көпчүлүктү өзүнө тарткан.

Мындай шарттар көпчүлүктү кызыктырган. Ош, Каракол, Жалал-Абад, Каракөл жана Бишкек шаарларынан, Баткен, Ош, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын тургундары колдо бар акчасын берип, насыя алып, карызга сурап жүрүп бул компанияга салганын билдирип жатат. "Азаттыкка" кайрылгандардын эле саны 137 адамды түзөт.

Алардын айтымында, үстүбүздөгү жылы 1-март күнү аталган каржы пирамидасы иштебей, жарандар салган акчасынан кол жуушкан.
Милицияга жазылган арыздын негизинде жалпы 116 материал каттоого алынып, келтирилген чыгым 17 млн 600 миң сомго чукул экени аныкталган.

Бул компанияга тиешеси бар жана уюштуруу иштери менен алектенген деген шек менен ушул күнгө чейин алты киши кармалды. Учурда компаниянын башында турган Съездбек Сайназаров издөөдө, анын бир тууган агасы Өмүрбек Сайназаров Бишкекте кармалып, камалды.

"Иним ак жерден камалды"

Камакка алынгандардын биринин бир тууганымын деген жаран учурда инисине апелляциялык арыз даярдалып жатканын, анткени анын компанияга тиешеси болбогонун айтып жатат. Ал ысымын жашыруун калтырууну өтүндү.

"Инимди эки айга камап коюшту. Ал бул компанияда иштеген эмес, ички иштерине да аралашкан эмес. Муну кечээ беттешүү маалында компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Өмүрбек да тастыктады. Ал инимди такыр тааныбай турганын айтты. Иним бир да документке кол койгон эмес, эч бир финансылык операцияларга катышкан эмес. Иним качып кеткен негиздөөчүнүн кызы менен сүйлөшүп, мамиле куруп жүрүшкөн. Кызды жумушуна жеткирип, алып кетчү. Ошонун негизинде эле компанияга тиешеси бар деген шек менен, эч негизсиз камап коюшту. Мен түшүнүп турам, бул чуулгандуу иште жабырлануучулар акчасын издеп жатат. Мындай учурда акчаны бир адам алып, качып кетет, ал эми укук коргоо органдары элди тынчытуу үчүн колуна ким илинсе, ошолорду кармап, отургузуп коюшат экен. Иним бул ишке аралашкан болсо, ал да качып кетет эле го. Биз акыйкат орносун деп тергөөгө ар тараптан көмөктөшүп жатабыз. Бейкүнөө адамдардын тагдырына балта чаппагыла деп суранат элем. Инимдин өзүнүн иши бар, түз жүргөн, буга чейин бир да мыйзамды бузбаган бала. Аны эч негизсиз эле камап коюшту. Качып кеткен адам тез арада табылып, акыйкат орнойт деп үй-бүлөбүз менен үмүттөнүп отурабыз. Бул иш кылдат тергелип, күнөөлүүлөр жазасын алып, айыпсыз отургандар эркиндикке чыгууга тийиш. Ата-энем өтө оор абалда турат, үй-бүлөбүз нес болуп калды. Биз да чындыкты издейбиз".

Каржы пирамидаларына эмнеге ишенбөө керек?

7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов соңку мезгилде Кыргызстандын аймагында күчөп кеткен Charge fast - “Тез заряд” деп аталган каржы пирамидасынан жабыр тарткандар көп экенин айтып, анын уюштуруучуларына катуу чара көрүүнү талап кылды.

Сулайманов компания өлкө аймагында өтө күчтөнүп кеткенин, алданып калган жүздөгАл фирманын эсебинде акча каражаты табылганын укканын айтып, аны камакка алып, жабырлануучуларга кайтарып берүү керектигин белгиледи.

Финансист Асланбек Кененбаевдин айтымында, каржы пирамидаларына каражат салардын алдында кем дегенде үч эксперт менен сүйлөшүп, кеңеш алуу керек. Бирок көпчүлүк учурда акчасын салып, алдангандан кийин аны кантип кайтарып алуу керектигин билүү үчүн кайрылгандар арбын.

Асланбек Кененбаев
Асланбек Кененбаев

"Каржы пирамидалары бул финансы топтору. Алар бир эмес ондогон адамды акча салууга чакырып, артынан инвестор катары башкасын да каттатуу керектигин айтышат. Каржы пирамидаларын тармактык маркетингге да салыштырса болот. Адатта пирамидалар катталгандарга чоң суммадагы акча берип, башкаларды шыктандырууга аракет кылат. Тагыраагы, биринчи катталгандар кийинкилердин акчасына ээ болуп калат. Кийинкилер эч убакта утушка ээ болбойт. Ошондуктан "катталып, башкаларды да чакыр, пайыздары төлөнөт" деген сунуштардан оолак болгон жакшы. Биз акча салууну каалап аткан компания тууралуу 10 жаштагы балага түшүндүрүп айтып бере албасак, демек - бул каржы пирамидасы. Олчойгон сумманы жоготуп алардан мурда кеңешчилерге кайрылгыла дейт элем".

Кылмыш-жаза кодексинде каржы пирамидаларын уюштуруучуларга карата жаза каралган. Финансы пирамидасынын иштеши үчүн шарт түзүү, ага катышууну сунуш кылуу же финансы пирамидасынын жардамы менен финансы активдерди тартуу (алуу), финансы пирамидасынын ишин уюштуруу жана жетектөө, эгерде бул ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолгон, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан уюштурулса - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

2023-жылдын 5-апрелинде Жогорку Кеңеш кабыл алган өзгөртүүлөргө ылайык, каржы пирамидаларын ЖМК же интернет ресурстары аркылуу жарнамалагандар да жазага тартылат. Алар 150 миңден 200 миңге чейин айып пулга жыгылат.

Милиция ар жылы түрдүү каржы пирамидаларынын саны көбөйүп, алардан жабыркагандар да арбып баратканын эскертип келет.

Буга чейин Ички иштер министрлиги 2023-жылы каржы пирамидаларына байланыштуу 358 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 217 иш сотко жөнөтүлгөнүн, 98и боюнча ушу тапта тергөө иштери улантылып жатканын билдирген.

2022-жылы каржы пирамидаларын уюштуруу боюнча 1052 кылмыш иши тергелип, 765 иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын ичинен 129 факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Жалпы чыгым 273 млн сомду түзүп, жабыркагандарга болгону 481 миң сом кайтарылып берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG