Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Нарындыктарды сызга отургузган «Five Winds»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы полициясы Нарын шаарынын тургунун 24-майда «каржы пирамидасын уюштурган» деп кыргыз-казак чек арасынан кармап келди. Бул иш боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү эки айга камакка алынды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) маалыматы боюнча Нарын облусунун 270 тургуну арыз менен кайрылган. Алар Асанбек кызы Элзат аттуу жаран уюштурган «Five Winds» деп аталган уюмга акчасын алдатканы тууралуу даттанышкан.

Финансы полициясы жабыркагандардын чыгымын болжол менен 34 млн. сом деп эсептеп чыкты. Эң көбү эки млн. сомго чейин, азы жети миң сом алдаткан. Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур мындай маалымат берди:

«Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жазык кодексинин 214-беренеси, таптап айтканда каржы пирамидасын уюштуруу боюнча кылмыш иши козголду. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат».

Нарындыктар бул уюмга акчасын алдаткандар болжол менен беш-алты миңден ашык киши экенин айтып жатышат.

«Берген акчаң бир жылда эки эсе көбөйөт»

Финансы полициясынын маалыматына ылайык бул уюм 2017-2018-жылдары Нарын шаарында иш жүргүзгөн. Кармалган Асанбек кызы Элзаттан башка дагы эки киши бул уюмдун итинин чөп жешине жакшы эле жан үрөгөн. Бирок жергиликтүү тургундар алар жакынкы эки жылда эле эмес, беш жылдан бери элдин ишенимине кирүүнүн аракетинде жүргөнүн айтышты.

Убада боюнча уюмга канча көп акча салса да эки эсе көбөймөк. Тер төкпөй, мээнет кылбай эле акча өзүнөн өзү минтип тууп саларын уккан бир топ нарындыктар колундагы болгон акчасын бере салышкан. Чөнтөгү жукалар банктан насыя алып, кээ бирлери тамын, машинесин сатып да жиберген. Анткени уюмга биринчи болуп киргендер убададалашкандай эле эки эселеген акча алып, чөнтөктөрүн кампайтышкан.

Ошентип, 2018-жылдын август айында элге акча берүү токтотулат. Бирок уюмга катталгандар тыйылган эмес. Ал эми 2019-жылдын башында уюмдун уюштуруучусу Асанбек кызы Элзатты эл таппай калган.

Нарын шаарынын борбордук базарында тиричилик техникасын сатып жан баккан бул каржы пирамидасына миллиондогон акчасын алдаткандардын бирин кепке тарттык.

«Бул жерди иним экөөбүз чогуу иштетебиз, - деди ал. - Ага Элзат келип «мына, сонун акча чыгып атат, бизге кир» деп өзүнө тартат. Ага ишенип, иним 1 млн. 200 миң сомун берет. Ал акчасын кайра бат эле чыгарып берет. «Мына, эми 1,2 млн. сомуңдун пайызы калды. Ага да сонун акча кошулуп атат, эми дагы бир бутак ачып кой» деп инимдин башын дагы айлантат. Иним «болду, акча бербейм» деп калган. «Бизде да насыя бар. Отурган жерибиздин арендасын, насыясын төлөшүбүз керек да. Товарды да карызга алып келип жатпайбызды» деп иниме жакшы эле түшүндүргөм. Бир күнү товарга кетели деп атсак Элзат дагы келип, инимди акча салууга көндүрүп кетиптир. Алданып колундагы 1 млн. 800 миң сомун берип коет. Бир жума өтпөй Элзатты таппай калдык».

«Чет элдик инвестор кедейликтен чыгарат»...

Сөз болуп жаткан «Five Winds» каржы пирамидасы тууралуу Интернет булактарынан издеп көрдүк. Google «fivewindsassetmanagement.ru» деген сайтты таап берди. Сайтта «ийгиликтүү бизнес-долбоордогу кыйынчылыктарды чогуу чечебиз» деген сыяктуу бир-эки маалымат бар экен. Мындан сырткары «Берген акчаң кандай көбөйөт?» деген таблица жайгаштырылган. Бирок ким тарабынан каржыланат, дареги кайсы жерде деген суроолорго жооп табууга мүмкүн эмес. Акыркы жолу 2018-жылы техникалык иштерге байланыштуу каржылоо токтоп турганын жазган.

five winds
five winds

Ал эми уюмга алданып калганын айткандар берген акчасына дүмүрчөк да алышкан эмес. Далил катары карманарга колдорунда жарты кагазы да жок. Алар «элдин баары эле берип, акчасын көбөйтүп алып жатпайбы» деген ойго жетеленген. Уюштуруучулар «бир бай чет элдик инвестор жакырчылыктан чыгарыш үчүн элге жардам берип жатат» деп элди ишендирген. Бирок ал ким, кайсыл жерден экенине эч ким кызыккан эмес.

Нарын шаарынын атын атагысы келбеген дагы бир тургуну банктан 100 миң сом насыя алып бергенин айтты:

«Булардан «жума сайын жакшы акча алып турасыңар» деп угуп киргенбиз да. Акчаны 2018-жылы ноябрь айында бергем. Көрсө август айында эле акча бербей калышыптыр да. Бизди «ошол уюмда лидермин» деп бир тааныш эже ээрчитип барган. «Ана-мына болот» деп отуруп ушул күнгө келдик. Ошол эжеге ыйлап да бардым, урушуп да бардым. Бирок ал «мен деле силерге окшоп акча салып ала албай отурам» деп узатып койду. Эми кандай кылышты да билбей калдым. Алган насыяны төлөй албай туум өсүп жатат. Дагы бир күтөм. Болбосо мени ээрчитип барган эженини үйүнө барып, оокаттарын баалап туруп эле жүктөп кетем. Таптакыр албай калгандан көрө...»

Ал эми кылмышка шектүү болуп жаткан Асанбек кызы Элзаттын күйөөсү Улан бул иште тиешеси жок экенин айтып жатат. Ал келинчеги кимдер менен иштешип жатканына деле убагында кызыккан эмес экен. Ошондой эле ал келинчеги үйгө көп суммадагы акча көтөрүп келгенин да көрбөгөнүн билдирди:

«Мен өзүм мал сатып иштейм. Колум бошобойт. Келинчегимдин да ишине кийлигишкен эмесмин. Ал эми эл айтып жаткан миллиондогон акчаны көргөн да эмесмин. Аны кантип үйгө алып келмек эле? Өзүңөр деле ойлоп көргүлөчү. 20 млн. деп айтып жатышат го. Керек болсо азыр 20 сом көргөнгө зар болуп отурам. Эми тергөө иштери бүтсүн. Ошондо көрөбүз да, ким алдамчы экенин. Күтө туралы».

Нарын шаарынын тургуну Рутбек Абдраев ушундай каржы пирамидалары өлкөдө ээн-эркин элди алдап жүрөт деген пикирде. Ал элдин коопсуздугун алдын алчу тийиштүү органдардын ишине нааразы болду:

«Мамлекет өнүгүшү үчүн эли жакшы жашашы керек да. Анан мисал келтирсек эле Америка, Европа өлкөлөрүн сүйлөйбүз. Ал жерде тартип бар да. Биздечи? Мына, алдамчылар ээн-эркин басып, элди каалагандай алдап жүрөт. Аларды ким көзөмөл кылат? Өзүн өзү багып жаткан элдин коопсуздугун да мамлекет камсыз кылып бере албай жатпайбы. «Эмне болсоң ошол бол» деп таштап салышкан. Анан ушундай коомдо өнүгүү болобу?»

Бул каржы пирамидасынан сырткары ушул тапта Нарында «Сейф бизнес», «Сатылык» сыяктуу уюмдар да кызуу иш алып барат. Бирок Нарын облустук ички иштер башкармалыгы «аларга акчабызды алдатып жибердик» деген арыз укук коргоо органдарында катталбаганын билдирди.

«Азаттык» Асанбек кызы Элзаттын жана «Five Winds» ​фирмасынын пикирине да орун бергенге даяр.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG