Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:37

"350 миң сом бергем". Каржы пирамидасына алданган мугалимдер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каржы пирамидаларына алдангандар укук коргоо органдарына кайрылып, алардын ишмердигин токтотууну суранды. Алдангандар SRA аттуу компанияга алды 5 миң доллар, арты 200 доллардай акчасын бергенин айтууда.

Бул жарандар алданган биринчи учур эмес. Мындан улам парламенттин айрым депутаттары каржы пирамидасын жарнама кылгандарды жоопко тартууну сунуштаган.

Бишкектин жака белиндеги айылдардын биринде турган англис тили мугалими Белек (аты өзгөртүлдү) SRA деп аталган мекеме менен андан акчасын өндүрүп берүүнү убадалаган "юристтерге" баш-аягы 350 миң сомун алдатып жибергенин айтууда.

Ал бул каражаттын бир бөлүгүн банктан насыяга алса, калганын дос, туугандардан карыздап топтогон. Өзүнүн айтымында, бир аптага жетпеген убакыт ичинде акчаны эки эсе көбөйтүп беребиз деген убадага ишенген.

Каржы пирамидасына кирүүңү ага досу сунуштаган экен.

"Досум 50 миң сом насыя алып, көп акча чыгара турганын айтты. Себеби, ага августта эле катталып, биринчисинде 27 миң, экинчисинде 15, дагы биринде 17 миң алыптыр. Жумушка келсем, мугалимдер ойноп жатыптыр, күнүнө 55 доллар түшүп турат дешти. Бир эжей "менин астыма каттал" дегенинен, 80 миң сом насыя алдым, үйдөгү сакталып турган акчаны коштум. Ошентип, келинчегимди 500, өзүмдү 500 доллар менен SRA тиркемесине каттап койдум, андан дароо 55 доллар түштү, аны "Бинанс" тиркемеси аркылуу чыгарып алдык. Чын экен деп кудуңдап отурганбыз, бирок бир аптадан кийин ал тиркеме ачпай, эч нерсе иштебей калды. Кайра айлыгыбызды чогултуп, 500 долларды дагы SRA тиркемеси аркылуу салып бердик. Күнүнө андан сегиз доллардан түшүп аткан, бирок ноябрдын башында баары жабылып, эл ызы-чуу түштү".

Айылдагы мугалимдердин 80% акчасын алдаткан

Бул тиркемеге Белектин айылдаштары, туугандары, атүгүл айылдагы мектеп мугалимдеринин 80% катталган. Аз дегенде 200 доллар, жетишкени 3 миң долларга чейин салган.

Иштебей калган тиркеменин Телеграмдагы каналына жаңыртылган маалымат келип, SRA кайра иштей баштаганы, бирок мурда салган каражатты алуу үчүн дагы 550 доллардан салуу керектиги жазылган.

"Бул жолу байкемен карызга алдык. Такыр дайыны чыкпай калгыча салганыбызды алалы дедик да. Кайдан жүрүп ушуга ишенип барып калганымды билбейм. Балким, башка мугалимдер деле кирип жатканы, алардын колуна акча алганы түрткү болду. Үмүтүңдү үзбөйт экенсиң, 550 доллар квота катары салып, андан мурунку акчаңдын баарын чагарсаң болот деген. Анан кайра 30% кошкула деди. Ошентип акча "Бинанс" дегенге түшөт деген, ага түшкөнсүдү, бирок акчабызды ала албай койдум. Мендейлер айылда эле эмес. Арабызда пакистандык, орусиялык, казакстандык да жарандар бар", - дейт Белек.

"Алдаткан акчамды алам деп "юристтердин" торуна түштүм"

Ошентип, Белектин күмөндүү SRA компаниясына берген акчасы 2 миң доллардан ашып, айласын таппай калат. Карыздап жүрүп жыйган каражатты кайтарып алуунун жолун издеп, Инстаграмдан "карыз акчаны өндүрүүгө жардам беребиз" деген жарнамага кабылган.

Ага байланышып, "Дюфанс" деген Орусиянын компаниясынын атынан бирөө чалып, сегиз барактан турган келишимге онлайн кол койдурган.

"Михаил Акаев деген дагы бирөө чалып, мусулман экенин, баарын Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн алып берерин айтты, мени ишендирди. Ал акчаны кайтаргандан кийин гана менин акчамдын 7% кызматы үчүн аларын айтып жатты. Бирок ал үчүн 580 доллар бересиң деди. Алар 7200 доллар болуп менин акчам тууп, көбөйгөнүн да айтып кубандырды. Мен карыздарыма карабай, дагы ишенип 580 доллар кредитке алдым. Дагы акча сал дегенинен кошумча 1200 доллар салдым. Айтор, алданганымды жана ишенгенимди токтотпой койгонума азыр жиним кайнап отурат. Алдаткан каражатымды кайтарам деп экинчилеринин тузагына түшүп отурам".

Белек өзү жашаган аймактагы УКМК бөлүмүнө арыз жазган. Бирок ал жердегилер мындай арыздарды Ички иштер министрлиги карай турганын түшүндүргөн. Ошентип, оңой эле акчамды көбөйтүп алам деген Белек эми алган карыздарынан кантип кутулуунун аргасын таппай турат. Оорукчан апасы дагы анын бул абалын билбейт экен.

"Мендей болуп башкалардын да алданып калышын каалабайм"

Ушундай эле окуяга Айгүл (ысымы өзгөртүлдү) аттуу жаран дагы кабылган. Ал алдаткан сумма 21 миң сомду түзөт. Ал "Мудараба" деген каржы пирамидасынын курмандыгы болуп калганын кийин билген.

"Инстаграмда Асел Акматова деген аялдын баракчасы бар экен, кокусунан көрүп калдым. Анда жоолукчан кыз сүйлөп жатат, баракчасында ондогон видеолор бар экен. Асел Акматова аттуу кыз адал акча табуунун, тез баюунун жолун үйрөтүп, устат болорун айтып жатты. Ага катталып, акчамды төрт-беш эсе көбөйтүп алдым дегендерге да жазсам, "ооба, чын, биз салган акчабызды кайра эселеп алдык" дешти. Демек, алдабайт экен деп 5 миң сом салып бердим анын эсебине. Ал көп өтпөй "акчаң 163 миң сом болду, эми криптовалютаны сомго айландырыш үчүн дагы 16 миң бер" деди. Мен ал да акчаны карыздап таап салып бердим. Эми конвертация болсо колума тиет деп ойлогом. Акыры акчадан кол жууп отуруп калдым. Мен азыр башка кыргызстандыктар, жалпы эле эл алданып калбасын деп бул окуяны ачык айткым келди. Канчалаган жарандарыбыз тапканын, үйүн, унаасын, жерин сатып карматып коюп жатышат белгисиз адамдарга. Алдамчылар эч кимди аябайт экен".

Айгүлдү ынандыруу максатында Асел Акматова аттуу кыз ага Телеграм аркылуу лицензиянын сүрөтүн жиберип, мыйзамдуу шартта иш алып барарын белгилеген. Андан тышкары жалпы жарандык паспортунун да сүрөтүн салган. Айгүл бул кыз Кыргызстанда эмес деп божомолдойт, себеби Мбанк аркылуу салган каражат Орусиядагы банктардын бириндеги эсепке түшкөн.

Каржы пирамидаларына алдангандар күмөндүү адамдарга ишенип, алды 5000. арты 200 доллар которуп берген.
Каржы пирамидаларына алдангандар күмөндүү адамдарга ишенип, алды 5000. арты 200 доллар которуп берген.

Жогорудагыдай күмөндүү адамдарга жана схемаларга акчасын алдатып ийгенин айтып, коомчулукка, укук коргоо органдарына кайрылгандар көбөйдү.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте сүйлөп жатып, акыркы жылдары өлкөдө каржы пирамидасы гүлдөп, 2021-жылы 3 миңдей адам түрдүү каржы пирамидалардан 400 млн сомдой чыгым тартышканын белгилеген.

Быйыл “каржы пирамидасын” жарнамалоо үчүн жаза чаралары каралган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште эки окуудан өтүп, колдоо тапкан.

"Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Шайырбек Ташиев каржы пирамидасын жарнама кылгандарды эркинен ажыратуу жазасы дагы кошулганын белгилеген. Ал сунуш өтсө, 2-2,5 миллион сом айыппул же үч-беш жылга эркинен ажыратуу чарасы колдонуларын айткан.

"Каржы пирамидасына байланыштуу өзүнүн беренеси бар, 221-берене. Биз азыр 221-беренеге пункт кылып жарнама кылгандар дагы жазалансын дегенди киргизип жатабыз", - деген Ташиев.

Каржылык сабаты жоктугунан алданышат

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев өлкөдөгү жакырчылык көбөйгөн сайын, тез байып кетүүнүн түрдүү жолдоруна азгырылгандардын саны арта берет деп эсептейт:

"Биздин мектептерде эски, совет доорунан чыккан абстрактуу же идеологиялык багытта иштеген мугалимдер басымдуулук кылат. Чет өлкөлөрдө окуучуларга эле эмес, үч-төрт жашка чыккан балдарга да сөзсүз түрдө тиричиликке, төлөмдөргө тиешелүү нерселерди үйрөтүшөт. Алар ар бир баланы күнүмдүк турмушка жакындатып, ушундай окуяларга кабылып калуудан сакташат. Биздин мектептерде турмушка жакындатылган сабактар аз. Маселенин адептик жагы да бар. Эгерде коомдо акчага сыйынуу же аны жек көрүү сезими күчтүүлүк кылса, коррупция же башка мыйзамсыз жолдор менен байыгандар көп экенин эл көрүп турса, ошондой жашоону кыялдангандар да көбөйөт, оңой акча табууга кызыгышат. Алар ийгиликке жетүүнүн кыска жолун тандайт. Коомдо байлыкка тиешелүү түшүнүктөр канчалык бурмаланса, азгырылып, алдангандар ошончолук көбөйөт. Ошондуктан каржы пирамидалары барган сайын кеңири жайылып, гүлдөп өнүгүүдө".

Каржы пирамидаларынын тизгинин мамлекет тартса болот

Өлкөдөгү коррупция азайганда гана каржы пирамидаларын мамлекеттин күчү менен чектөөгө болорун Эмил Үмөталиев кошумчалады:

"Эгер өлкөдө коррупция деңгээли жогору болсо, анда ошол жерде элди акчага алдаган, азгырган системалар көмүскө ишин уланта берет. Бул алар үчүн жагымдуу шарт. Мамлекет, бийлик, өкмөт өз милдетине көңүлүн бурса, аны азайтканга күчү жетет. Балким, жокко чыгаруунун механизмдери иштелип чыгат. Маселе коррупция көп болгон жерде алар бюрократиянын өкүлдөрүн да өзүнө кызыктырып алганында. Коррупция жоюлганда гана биз жеңишибиз мүмкүн. Болбосо бюрократиянын кайсы бир өкүлдөрү алдамчыларды жашырып, буларга кандайдыр бир жумшак шарттарды түзүп бере берет".

2023-жылдын үч айында Кыргызстанда “каржы пирамидасын” уюштуруу фактыларына байланыштуу 54 кылмыш иши козголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматында, былтыркы жылдан калган дагы 153 ишти тергөө уланган. 2022-жылы бир жыл ичинде, ИИМ билдиргендей, жалпысынан 1052 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп, анын 765и сотко жөнөтүлгөн, 129у кыскартылган, төртөө жоопко тартыла тургандар аныкталбаганына байланыштуу токтотулган.

“Каржы пирамидасынан” жабыркаганын айтып, милицияга кайрылган миңден ашуун адамдын көбү Бишкек шаарында жана Ош, Ысык-Көл облустарында. Алардын материалдык чыгымы 273 миллион сом деп эсептелген, мунун ичинен 481 миң сому гана кайтарылып берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG