Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

“Мариуполдогу 20 күн” тасмасы "Оскар" сыйлыгын алды


“Мариуполдогу 20 күн” тасмасынын режиссеру Мстислав Чернов (ортодо).
“Мариуполдогу 20 күн” тасмасынын режиссеру Мстислав Чернов (ортодо).

Украинанын Орусия кол салган алгачкы айларында блокадада калып, киши өлүмү эң көп болгон Мариуполь шаарынын тагдырын баяндаган документалдык тасма быйыл «Оскарга» татыды. «Оскар» сыйлыгын быйыл эң көп алган тасма, киносынчылыр божомолдогондой эле, «Оппенгеймер» болду.

“Мариуполдогу 20 күн”

Мариуполь шаары. Орусия Украинага кол салган алгачкы күндөр. Тынымсыз чабуулдар. Жертөлөгө көчкөн жашоо.

- Каякка барып жашынарыбызды да билбейм…

- Мен өлүп калгым келбейт...

Балдарын бооруна кучактап, Орусиянын чабуулдарынан улам бир жерге жашынып, айласын таппай калган энелер. Бир заматта ата-энесинен айрылып, томолой жетимге айланган балдар.

Мариуполь. 2022-жылдын 6-марты.
Мариуполь. 2022-жылдын 6-марты.

Украиналык режиссер, фотожурналист жана жазуучу Мстислав Чернов дал ошол күндөрү кесиптештери менен Мариуполдо болуп, тарткан видеолорунан “Мариуполдогу 20 күн” деген тасма жараткан. 95 мүнөттүк документалдык тасмада шаардын оккупациядагы алгачкы 20 күн ичиндеги жашоосу чагылдырылган. 21-күн дегенде кабарчылар шаардан гуманитардык коридор аркылуу чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Дээрлик 2,5 айдан кийин шаар толук бойдон Орусиянын карамагына өткөн.

Сыйлыкты тапшыруу салтанатында сүйлөп жатып Чернов бул Украинанын тарыхындагы алгачкы “Оскар” экенин, сыймыктанып турганын айтты, бирок жеңүүчү деп таанылган режиссер сахнага туруп алып, “Ушул тасманы мен эч качан тартпаган болсом кана!?” деп айтууга мажбур болгон алгачкы окуя экенин белгиледи.

«Мен бул “Оскарды” Орусия Украинага эч качан кол салбаса, мындан ары эч качан биздин шаарларыбызга чабуул койбосо дегенге айырбаштагым келет болчу. Орусия биздин өз жерин, жай тургундарын коргоп чыгып, колго түшүп, азыр түрмөдө кармалып турган бардык аскерлерибизди бошотсо болот эле. Бирок мен тарыхты өзгөртө албайт экенмин, өткөндү өзгөртө албайм. Чындык жеңип, мариуполдуктар жана өз өмүрүн бергендер эч качан унутулбашы керек. Кино э тутумду, эс тутум тарыхты калыптандырат”.

Азов деңизинин түндүк жээгинде жайгашкан, металлургия тармагы мыкты өнүккөн, Украинанын маанилүү экономикалык жана өнөр жай борборлорунун бири, ири деңиз порту болуп турган Мариуполь бир кезде калктын жашоосу үчүн эң ыңгайлуу шаарлардын бири деп да таанылган.

Ал эми Орусия кол салган 2022-жылдын февралынан апрель айына чейинки аралыкта, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) расмий эсептөөсү боюнча, бул шаар Украинанын адам өмүрү эң көп кыйылган, эң кооптуу аймагы болуп турду.

Мариуполдо согуш башталганга чейин 425 миңдей адам жашачу, согуштун айынан анын 350 миңдейи үй-жайын таштап, ар жакка качууга мажбур болгон.

Бир нече ай ичинде курчоодо калган шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн 90%, жеке үйлөрдүн 60% талкаланганы же таптакыр жок кылынганы да Улуттар Уюмунун баяндамасында белгиленген. Ошол жылдын 16-мартына Мариуполдун драма театрына жасалган авиа чабуул кеминде 300, айрым булактардагы маалымат боюнча, 600 адамдын өмүрүн алган.

Украин бийлиги билдиргендей, Мариуполь үчүн салгылашууларда кеминде 25 миң өмүр кыйылган, алардын 5-7 миңи талкаланган имараттарда уранды астында калган. 10 миңден ашуун адам сөөк жапырт көмүлгөн жерлерден табылган. Укук коргоочулардын эсебинде, Мариуполдо өлтүрүлгөндөрдүн чыныгы саны үч эсе көп болушу ыктымал.

Орусия эл аралык укук коргоо уюмдарынын Мариуполь боюнча баяндамаларын, айыптоолорду четке кагып келет. Кремль Украинага кол салуусун “атайын аскердик операция” деп атаган.

“Мариуполдогу 20 күн” тасмасынын режиссеру, сценарийинин автору жана оператору Мстислав Черновдун айтымында, фильмге ошол күндөрү шаарда тартылган видеоматериалдардын 10% гана сыйдыруу мүмкүн болду.

Тасманын алгачкы дүйнөлүк премьерасы 2023-жылы 20-январда АКШда «Сандэнс» фестивалында болгон. Украинанын өзүндө ошол жылдын 31-августунда көрсөтүлө баштаган фильм буга чейин бир катар эл аралык сыйлыктарга татыды.

Америкалык киноискусство жана илимдер академиясынын кинематограф боюнча сыйлыктарын тапшыруу салтанаты 11-мартка караган түнү Лос-Анжелесте өттү.

«Оскар» бул фильмге «Мыкты толук метраждуу документалдык тасма» номинациясында берилди.

"Оппенгеймер"

Ал эми мыкты фильм аталып, автору мыкты режиссер деп таанылып, сыйлыктардын эң көбүн чогулта алган тасма быйыл британиялык жана америкалык кинорежиссер Кристофер Ноландын «Оппенгеймери» болду. Бул тасмада өзөктүк физика боюнча окумуштуу, «атом бомбасынын атасы» аталган америкалык илимпоз Роберт Оппенгеймердин тагдыры баяндалат. Башкы ролду ойногон ирландиялык актер Киллиан Мерфи бул эмгеги үчүн алгачкы «Оскарын» алды.

«Биз атом бомбасын жасаган адам тууралуу тасма тарттык. Жакшыбы, жаманбы, биз баарыбыз Оппенгеймер дүйнөсүндө жашап жатабыз. Ошондуктан бул сыйлыгымды дүйнөдөгү бардык тынчтык орнотуучуларга арнагым келет», - деди актер.

АКШдагы теориялык физиканын негиздөөчүсү Роберт Оппенгеймер өзөктүк кубатты иликтөө жана өндүрүү жаатын бир гана мамлекет эмес, эл аралык коомчулук, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу кадыр-барктуу эл аралык уюм көзөмөлгө алышы керек деген идеяны жактаган.

«Мыкты эл аралык тасма» номинациясы

Быйыл бул номинацияга «Оскар» Освенцим концлагери тууралуу драмага тийди. Британиялык режиссер Жонатан Глейзер тарткан «Кызыкчылыктар зонасы» фильминде тосмонун бир жагындагы «өлүм лагери» жана экинчи жагындагы кадимки бейиштегидей жашоону сүрөттөө аркылуу адам тагдырын коштоп жүрүүчү жамандык жана кайдыгерлик баяндалат.

Америкалык актриса Эмма Стоун "Бактысыз байкуштар" комедиялык драмасында ойногон ролу үчүн мыкты деп аталды.

Грета Гервигдин жети номинацияда көрсөтүлгөн феминисттик "Барби" тасмасы бир эле айкелге ээ болду, ал Билли Эйлиштин "Мен эмне үчүн жаратылганмын?" деген ыры үчүн ыйгарылды.

Америкалык киноиндустрияны өнүктүрүү максатында негизделген сыйлык 1940-жылдары "Оскар" деген аталышка ээ болгон. Сыйлык берүү аземи жыл сайын АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт. Иш-чара дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө көрсөтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG