Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

"Бизде "Аватарды" кыргызча которуу өзүн актабайт"


Алмаз Кайыпов.
Алмаз Кайыпов.

Украинада былтыр согуш башталары менен Орусияда иштеген Голливуддун кино студиялары каршылык иретинде кеңселерин жаап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Warner Bros., Walt Disney Pictures, Marvel, Columbia Pictures өңдүү белгилүү студиялар Орусиянын аймагында кинопремьераларын көрсөтүүдөн баш тарткан.

Бул кырдаал Кавказ, Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да таасир эткен. Анткени дүйнөлүк тасманын премьералары Орусия аркылуу көрсөтүлчү. Украинада согуш башталгандан бери кинологистика кандай өзгөрүүлөргө учураганы тууралуу кыргызстандык “Синематика” фирмасынын жетекчиси Алмаз Кайыпов айтып берди.

- Алмаз мырза, былтыр Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстанда көрсөтүлүп жаткан дүйнөлүк кинопремьералардын логистикасы кандай өзгөрдү?

- Өзгөрүүлөр болду. Мурда биз тасмаларды көрсөтүү боюнча келишимди Орусиядагы студиялар менен түзчүбүз. Техникалык дубляж, субтитрлер Москва менен Санкт-Петербургдагы студияларда жасалчу. Азыр болсо дистрибьюторлор - Украинанын Одесса шаарындагы “Интерфильм” менен Казакстандагы “Меломан” компаниялары. Бул эки ишкана тасмаларды түздөн түз Голливуддагы жана Англиядагы кино өндүрүүчүлөрдөн алып, дубляж, субтитрлерди жасагандан кийин премьералар Кавказдагы, Борбор Азиядагы өлкөлөргө сатылат. Мурда ушул ортомчулук милдетти мурда Орусия аткарчу.

- Кинологистиканын жаңы системасы жолго коюлуп иштей баштаганына канча болду?

- Өзүңөр билгендей согуш бир күндө эле башталып кетти. Кийинки бир апта ичинде Warner Bros., Walt Disney Pictures өңдүү Голливуддун студиялары ишин жыйыштырып, кеңселерин жаап, Орусиядан чыгып кетти. Warner Bros. премьерасына бир күн калганда "Бэтмен" тасмасы Орусияда көрсөтүлбөй турганын жар салган. Бир-эки ай түшүнүксүз абал сакталып турду.

Дүйнөлүк премьералардын көрсөтүлүшү кечеңдеп, кээ бири көрсөтүлбөй да калды. Анткени англисче кинолорду кайдан которобуз деген маселе жаралды. Мисалы, Одессадагы “Интерфильм” студиясы менен бир кызык жагдай жаралган. Алар орус тилиндеги дубляжды Грузиядагы компанияга тапшырып коюптур. Премьерасы апрелге белгиленген. Эки жума калганда жарнаманы токтотуу тапшырмасы келди. Көрсө, котормодо акцент болгондуктан, кино өндүрүүчү аны жаратпай коюптур. Андан бери бир жыл өттү. Азыр мындай көйгөй жок. Баары жолго коюлуп калды.

- Силерге мурдагы система менен иштөө ыңгайлуу беле же азыркы логистикабы?

- Бизге айырмасы деле жок. Эң негизгиси, дүйнөлүк премьералар кайсы күнгө белгиленсе, Кыргызстанда да дал ошол датада көрсөтүлүшү керек. Азыр ушул тартип сакталып келет. Бирок нюанстар бар. Мисалы, айрым кинопремьераларды IMAX эмес, жөнөкөй форматта эле көрсөтүп жатабыз. Анткени орто же чакан фильмдерди IMAX форматка ылайыктап жасап чыгуу кымбатка түшүп жатат. Башка көйгөй деле жок, мурда кандай иштесек, азыр деле ошондой.

- Дүйнөнү дүңгүрөткөн акыркы премьералардын бири “Аватарды” Кыргызстанда көрсөтүүгө канча каражат сарпталды?

- Бул коммерциялык сыр. Келишим боюнча, жогоруда аталган студияларга ар бир сатылган билеттен белгиленген пайызын чыгарып беребиз. Прокат бүткөндөн кийин канча билет сатылганын санап, тиешелүү акчаны студияга которобуз. “Аватардын” субдистрибьютери казакстандык “Меломан” компаниясы болгон.

- Казакстанда “Аватар” казак тилинде, казакча субтитрлер менен көрсөтүлгөнү жаңылык болуп, кызуу талкууланган. Бизде ушундай мүмкүнчүлүктөр барбы?

- Азыр фильмдерди кыргызчалоого жакшы учур келди деген ой бизде да болгон. Изилдеп көрсөк, бир тасманы которууга эле 50 миңден 150 миң долларга чейин акча сарпталат экен. Бул өтө кымбат жана өзүн актабай калары анык болду. Түркия, Азербайжан, Грузияда деле дүйнөлүк премьералар эне тилине которулбайт. Алар англисче же орусча көрөт. Казакстанда бул өңдүү долбоорлорду меценаттар менен мамлекет каржылаган “Болашак” фонду ишке ашырат. Биз студиялардан жок дегенде субтитрлерди кыргыз тилине которууну сурандык. Бирок бизде саналуу гана кинотеатр бар, көрүүчүнүн саны да аз. Мындан улам студиялар "дагы 20дай кинотеатр ачсаңар, акча бөлүүнү караштырабыз" дешти.

- Голливуддун студиялары менен түз кызматташуу боюнча Кыргызстандын дарамети барбы?

- Кыргызстан чакан өлкө. Рынок чакан, көрүүчү аз. Биздин кинотеатрлардан түшкөн киреше Кытайдын кичинекей шаарынан түшкөн кирешеге тете. Грузия менен Арменияда да ушундай эле абал. Мындан улам кино өндүрүүчүлөр биздин мамлекетти КМШ өлкөлөрүнө кошулган бир аймак катары кабыл алып, бир-эки дистрибьютор менен гана иштешет. Мурда КМШ өлкөлөрү менен Москва аркылуу иштешип келсе, согуш башталганы бул орунду Украина менен Казакстан басты. Учурда “Интерфильм” жана “Меломан” студиялары Беларус менен Орусиядан башка КМШ өлкөлөрүн дүйнөлүк премьералар менен камсыздайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG