Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Хажыоглу: Мариуполдо элди мечитке жашырганбыз


Мариупол шаарындагы талкаланган Султан Сулайман мечити.
Мариупол шаарындагы талкаланган Султан Сулайман мечити.

Түркиялык ишкер Исмаил Хажыоглу 25 жыл Украинанын Мариупол шаарында жашап, ишкерлик менен алектенген. 2006-жылы "Султан Сулайман" фондун негиздеп, тынч заманда 480 миңдей калкы бар калаада мечит салган.

Былтыр Орусия басып кирип, шаар аткылоого кабылганда мечитке ракета тийген. Бул учурда ал жерде карапайым тургундар, аялдар жана балдар баш калкалап турган.

"Азовчулар" каармандык менен 80 күн коргогон шаар былтыр 20-майда орусиялык күчтөрдүн көзөмөлүнө өткөн. Ушу тапта орусиялык компаниялар Мариуполду кайра калыбына келтирүү үчүн курулуш иштерине борбор азиялык, анын ичинде кыргызстандык жарандарды тартууда.

Исмаил Хажыоглу (солдо) жана мечиттин имамы Мехмет Йуже (оңдо).
Исмаил Хажыоглу (солдо) жана мечиттин имамы Мехмет Йуже (оңдо).

- Орус аскерлери Мариуполго киргенге чейин шаар кандай эле? Согушта жергиликтүүлөр шаардагы мечитте баш калкалаганын билебиз. Ошол тууралуу кеп кылсаңыз?

- Мариуполдо согушка чейин жол, имарат, сейил бак, оорукана, турак үйлөр кайра оңдолуп, айрымдары жаңы салынып жаткан.

Анткени шаардын дээрлик 65% Советтер союзунан калган абалда болчу. Аймакта ондогон фабрика-заводдор болгондуктан украин өкмөтү чоң инвестицияларды тарта баштаган эле.

Ал эми түрк ишкерлер биригип курган Султан Сулайман мечити жаңы салынган. Эшик-терезенин сапаттуусун чет өлкөдөн алып келип курганбыз.

Орусиялыктар шаарга кирип, салгылашуу башталганда элди мечитке киргизип, баарыбыз баш калкалап турдук. Ошондо украиналык аскерлер бизге тамак-аш ташып жатты.

Кийин мечиттин короосуна эки ракета түштү, көп узабай орусиялык аскерлер келип атайылап аткылашты. Баарыбыз кеткенден кийин бир кароолчу калган. Ал жалган көрсөтмө берип, "мечитти украиналыктар аткылашты" дептир.

Эми мечитти кайра оңдоп-түзөп атышыптыр деп уктук. Эшик-терезелеринин баарын жулуп алып салышыптыр.

Албетте, азыркы орус бийлиги согуштун изин жашырууга аракет кылат. Анткени карапайым мариуполдуктар көп өлдү. Орус бийлиги алардын сөөгүн алып чыгуу ордуна талкаланган имаратты түрттүрүп, кайра турак үй салып койгонду оңой көрүүдө. Эң негизги максат Мариуполго жасалган агрессияны жаап-жашырып, эл аралык сотто сүттөн ак болуп чыгуу.

Шаар четинде менин эки жер тилкем бар болчу. Шаарды басып алгандан кийин бирине көп кабаттуу үй кура башташыптыр. Мен Мариуполдогу кишилер менен байланышып турам.

- Түркиялыктар азыр Мариуполдо эмне иш кылат ?

- Учурда Мариуполдо 500гө жакын түркиялык курулушчу иштеп жатат. Алар Ростов аркылуу мыйзамсыз киргизилди. Айрымдарынын визасы бар, көбүнүн визасы да жок. Көбүнүн айлыгын төлөбөй койду. Андан тышкары курулуштарда Өзбекстан, Кыргызстандан же Москвадан барган мигранттар иштеп атат. Албетте күнүнө Москвада 2000-2500 рубль айлыкка иштегенден көрө, Мариуполдо 4000 рублдик жумушка бар деген убадага ишенип жатат. Алар кооптуу аймакка бараткандарын түшүнбөсө деле керек. Эки-үч айлык келишим менен барып кайра артка кайтышууда.

- Сиз Мариуополдо канча жашадыңыз?

- 25 жылдан бери Мариуполдо жашап, иштедим. Өзүм түрк жаранымын. Чет өлкөлүк катары Украинада эч кандай кемсинтүүгө кабылып же басым көргөн эмесмин. Согуш башталганда абдан кейидик. Дароо түрк өкмөтүнүн координациясы менен жалпысынан 18 миңдей кишини аймактан чыгардык. Алардын ичинде түркиялыктар гана эмес, башка улуттагылар, украиналык аялдар, балдар да бар болчу. Мариуполго чоң автоунаа кирбегендиктен элди беш-алтыдан бөлүп, жеңил машина менен Бердянскиге жеткирдик. Андан ары автобус менен айрымдары Түркияга, айрымдары Европага киришти.


- Өзүңүз учурда кайсы жерди байырлап атасыз?

- Европа жана Түркияда болуп атам. Азыр Киевдемин. Негизинен Европага качкандарга колдоо көрсөтүп, жумуш таап бергенге аракет кылып жатам. Украинадан чыкканга мажбур болгон миңдеген жаранга материалдык жардам көрсөтүү - менин милдетим. Айрыкча аннексияланган Крымдын тургундары кайрылууда. Бир амалын таап, аларды чыгарып атабыз. Аларга Европа өлкөлөрүндө отурукташып калган түрктөр жардам берүүдө.

- Мариуполдогу жарандар менен байланыштамын дедиңиз, алардын учурдагы абалы кандай?

- Мариуполдуктар албетте "украин аскерлери келип, шаарды куткарат" деген үмүт менен жашап атат. Сегиз жылдан бери Донецкиде жашагандар муну жакшы билет. Орус аскерлерин күлүп-жайнап тосуп алгандарды да көрүп атабыз, алар көбүнчө кары-картаңдар же кошоматчылар. Украинанын дээрлик бардык аймактарын көрдүм бирок Мариуполго айрыкча көңүл бурам. Ал жактын эли да түркиялыктарга, деги эле чет өлкөлүктөргө жакшы мамиле кылат. Согуш бүтүп шаар өз калыбына келсе, үй-бүлөм менен ушул шаарда жашагым келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG