Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:44

"Лукашенко корккону үчүн кабыл алды". "Вагнерчилердин" тагдыры суроо жаратты


Беларус армиясы "вагнерчилер" менен чогуу машыгууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Беларус армиясы "вагнерчилер" менен чогуу машыгууда

Беларус армиясы Польшанын чек арасына жакын полигондо «Вагнер» менчик компаниясынын жалданма аскерлери менен биргелешкен машыгууларды өткөрүп жатат. Расмий Варшава чек арадагы кырдаалга көз салып жатканын билдирди. «Вагнердин» башчысы Евгений Пригожин Беларустагы жалданма жоочуларына кайрылып, жакында Африкага кетишерин билдирди. Ал эми түрмөдөн азгырылган согушкерлерди үйлөрүнө таркатуу чечими кабыл алынганы кабарланды.

Беларус армиясы «Вагнер» менчик компаниясынын жалданма аскерлери менен биргелешкен машыгууларды улантарын Беларустун Коргоо министрлиги Телеграм аркылуу билдирди.

"Бир жума бою атайын кызматтын бөлүктөрү "Вагнер" компаниясынын өкүлдөрү менен "Брест" полигонунда машыгышат", - деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Сөз болуп жаткан полигон Польша менен чек арадан беш чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Расмий Варшава бул маалыматка дароо реакциясын билдирди. Польшанын Коргоо министрлиги Беларус менен чек арадагы кырдаалга көз салып жатканын маалымдады.

"Польшанын чек арасы ишенимдүү корголгон. Биз чыгыш чек арадагы кырдаалга көз салып жатабыз жана окуянын ар кандай улануусуна даярбыз", - деп жазды министрлик Твиттерге.

Беларус аскерин машыктырып жаткан "Вагнердин" жоочусу. Осиповичи шаары. 14-июль, 2023-жыл. Беларустун Коргоо министрлиги тараткан видеодон алынган сүрөт. "Рейтерс"
Беларус аскерин машыктырып жаткан "Вагнердин" жоочусу. Осиповичи шаары. 14-июль, 2023-жыл. Беларустун Коргоо министрлиги тараткан видеодон алынган сүрөт. "Рейтерс"

1999-жылдан бери НАТОго мүчө Польша "Вагнердин" жоочулары Беларуска көчөрү айтылган ай башынан бери чек арасына 1000дей аскерин жөнөткөн.

Кремль 20-июлда Польшанын Беларус менен чек арасындагы армиясын күчтөндүрүү чечими "тынчсыздануу жаратарын" билдирди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Польшаны "агрессивдүү" мамлекет деп атады.

"Вагнердин" жоочулары Беларуска Орусиядагы «куралдуу козголоңдон» кийин көчө башташкан. Орус аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган Евгений Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24 июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Орто жолдон күтүүсүздөн артка кайтарын жарыялаган. Буга анын телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсү түрткү болгон.

Орусиянын бийлиги куралдуу жүрүшкө чыккандарга карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, ал эми вагнерчилерге, анын ичинде Евгений Пригожинге Беларуска чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү берилерин билдирген.

"Африкага сапар тартабыз"

"Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин жалданма аскерлердин алдында сүйлөп жаткан бул күңүрт видео менчик аскердик компанияга тиешеси бар Телеграм каналдарга 19-июлда жарыяланды.

Тасма болжол менен Беларуста тартылган, бирок качан экени белгисиз. Пригожин июнь айындагы "куралдуу козголоңдон" кийин эч жерде көрүнө элек болчу.

"Жигиттер, салам! Баарыңар менен саламдашып жатканыбызга кубанычтабыз. Беларус жергесине кош келипсиңер. Биз татыктуу согуштук, Орусия үчүн көп нерсе жасадык. Азыр фронтто болуп жаткан маскаралыкка катышпай эле койгонубуз оң. Ошондуктан кайсы бир убакытка чейин биз бул жакта, Беларуста болуп турууну чечтик. Машыгуубузду улантып, деңгээлибизди көтөрүп, Африкага жөнөйбүз", - деген Пригожин керек болсо Александр Лукашенко үчүн согушуп, беларус куралдуу күчтөрүн "дүйнөдөгү экинчи армияга" айлантуу аракетин көрүп жатканын кошумчалады.

"Беларуськи хаюн" долбоору ачык маалыматтарга таянып билдиргендей, Беларуска жалпысынан эки миңден ашуун "вагнерчи" кирди.

Ал эми 20-июлда Донбасстагы орусиячыл жикчилдердин мурдагы лидери Игорь Стрелков "Вагнердин" Маркс атуу лакап ысымы менен белгилүү командирине шилтеме жасап Беларустагы жоочулардын саны 10 миңге чейин жетиши мүмкүн экенин билдирди.

Лукашенконун "Вагнер" тууралуу талаштуу билдирүүлөрү

Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожиндин Беларуста экенин 27-июнда билдирген.

"Путин убада кылгандай, коопсуздук кепилдиктери берилди. Ооба, чын эле ал бүгүн Беларуста", - деген Лукашенко.

Ошол эле күнү Беларуста менчик аскердик компаниясынын жоочулары үчүн лагерлердин курулушу башталганы тууралуу маалымат чыккан.

Көп өтпөй, 6-июлда Лукашенко Евгений Пригожин Беларуста эмес деп билдирди.

"Евгений Пригожин тууралуу айтсам, ал Санкт-Петербургда. Бүгүн таңда ал кайда болот? Балким, ал эртең менен Москвага кетип калгандыр", - деген ал.

Ал эми "вагнерчилер"тууралуу суроо берилгенде, Лукашенко менчик аскердик компаниянын жоочулары өздөрүнүн туруктуу жайгашкан лагерлеринде экенин кошумчалады.

"Мендеги маалыматка караганда, "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын аскерлери өзүлөрүнүн туруктуу лагерлеринде. Фронттон чыккандан кийин кайра калыбына келүүгө, дарыланууга жана эс алууга кеткен лагерлеринде болчу", - деди Лукашенко.

Ал азырынча компаниянын жоочуларын Беларуска көчүрүү маселеси толук чечиле электигин, жакын арада орус президенти Владимир Путин менен жолукканда бул теманы сүйлөшөрүн айткан эле.

Андан кийин эле Беларустун Коргоо министрлиги "Вагнердин" жоочулары өлкөдө экенин билдирди.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын айтымында, Лукашенко өзү да жалданма аскерлерди көзөмөлдөн чыгарып жиберүүдөн чочулап, Путинден корккону үчүн эле "Вагнерди" кабыл алууда.

"Пригожин бүгүн Беларуста, эртең Питерде. Лукашенко мунун баарын кантип түшүндүрүштү билбей турат. Ошондой эле ал "Вагнер" менен эмне кылышты да билбейт. Анткени ал аскер адамдардын көзөмөлдөй албай калышы мүмкүн экенин да түшүнүп турат. Бирок ал Путинге баш ийип, анын эркин аткарып жатат", - деди Тихановская.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 6-июлдагы маалымат жыйындын алдында. Минск, 2023-жыл.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 6-июлдагы маалымат жыйындын алдында. Минск, 2023-жыл.

Бири-бирин кыялбаган Путин менен Пригожин

«Куралдуу козголоң» маалында жасаган кайрылуусунда Владимир Путин Пригожинди Орусиянын аскердик жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке дымагынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптаган.

Президент Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алат" деп убада кылган.

Анткен менен жазалабай эле Путин бир нече күндөн кийин Пригожинди жана менчик аскердик компаниянын командирлерин Кремлде кабыл алганы кийин маалым болду. Жолугушууда Путин «куралдуу козголоңго» баа бергени айтылды.

Ошондой эле Путин "Вагнер" компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин Орусиянын президенти аскер кызматкерлери менен 27-июнда Кремлде жолугушкан маалда айтты.

Анын билдирүүсүндө, 2022-жылдын май айынан 2023-жылдын май айына чейин менчик компания бюжеттен 86 миллиард рубль алган.

Ага чейин орус бийлиги "Вагнердин" мамлекетке тиешеси жок экенин, аскердик мекемелердин балансында катталбаганын билдирип келген.

Жакында эле Путин кайра "Вагнер" менчик аскердик компаниясы жок экенин билдирди.

"Бизде менчик аскердик уюмдар тууралуу мыйзам жок да! Жок андай компания", - деп жооп берди Путин.

«Вагнердин» башчылыгына сунушталган Трошев ким?

Жакында эле Путин «Вагнер» компаниясынын башчылыгына «Седой» деген лакап ат менен белгилүү Андрей Трошевди сунуштаганы кабарланды. Ал Беларуска барбай, Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн жалданма аскерлерди жетектейт. Маалыматтарга караганда, ал буга чейин «Вагнердин» жетекчисинин орун басары болгон. Ал эми "куралдуу козголоң" маалында Пригожин менен жөө жүрүшкө чыгуудан баш тартып, бардык маалыматты Федералдык коопсуздук кызматына берген.

"Вагнердин" жетекчисинин орун басары Андрей Трошев Кремлде.
"Вагнердин" жетекчисинин орун басары Андрей Трошев Кремлде.

"Вагнердин" жоочуларынын тагдыры

"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жетекчилиги орус түрмөлөрүндө отурган жеринен топко кошулган мурдагы соттолгондорду үйлөрүнө таратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 19-июлда "Важные истории" басылмасы жалданма аскерлердин туугандарынын жабык чаттарын талдоодон кийин жазды.

Маалыматка караганда, жалданма жоочулардын көбү Анапанын мейманканаларында ырайым берилишин күтүп жатышат.

Соттолгондордун жакындарынын айтымында, аларды үйлөрүнө коё беришет, ал эми каалоочулар "Вагнер" менен келишимдерин узартып, андан ары Беларуска же Африкага бара алышат.

Буга чейин Astra Телеграм-каналы "вагнерчилер" Краснодардагы көп мейманканаларды ээлеп алышканын, жергиликтүүлөр алардын бейбаштыгына капа экенин жазган.

Түрмөдөгүлөрдү "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка азгыруу 2022-жылдын жайында башталган. Пригожин түрмөлөрдү өзү кыдырып, согушууга макул болгондорго жарым жылдан кийин соттуулугу жоюлат деп, акча да убада кылып келген. Быйыл февралда түрмөдөгүлөрдү согушка тартуу жараяны токтогон. «Русь сидящая» фондунун башчысы Ольга Романова билдиргендей, компания өз катарына түрмөлөрдөн 50 миң адамды тарткан болушу мүмкүн.

18-июнда Пригожин Украинадагы согуштан кийин үйлөрүнө соттолгондордун 32 миңи кайтканын билдирди. Ал эми майда жасаган билдирүүсүндө согуш маалында 20 миң жалданма аскерин жоготконун, алардын жарымынан көбү соттолгондор экенин айткан.

“Вагнер” менчик аскердик компаниясы Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан жарандарды согушка азгырып жатканы ачыкка чыккан.

"Азаттык" орус рублине, же орус паспортуна азгырылып, алыстагы согушка кеткен мигранттар тууралуу атайын берүүсүн чыгарган.

“Вагнерге” азгырылып согушта каза болгондордун ичинде кыргызстандыктар да бар. "Азаттык" буга чейин абактан согушка тартылгандан кийин каза болгон он чакты учурду тактаган.

Жакында эле Орусиялык Телеграм каналдар "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын эки жоочусун өлтүрүүгө шектүү катары Кыргызстандын Ярослав Шеховцов аттуу жараны кармалганын жазышты. Воронеж облусунда "Вагнер" компаниясынын формасын кийген эки адамдын сөөгү 6-июлда табылган. Алардын тек-жайы айтылган жок.

Baza жана Astra Телеграм каналдары жазгандай, 25 жаштагы Шеховцев өзү да "Вагнерде" жалданып кызмат өтөгөнүн, ал эми эки жоочуну "куралдуу козголоңго" катышуудан баш тартканы үчүн өлтүргөнүн моюнуна алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG