Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Саляновдун соту: башкы күбө көрсөтмө берди


Соттук жараян учурунда тартылган сүрөт. 19-апрель, 2019-жыл
Соттук жараян учурунда тартылган сүрөт. 19-апрель, 2019-жыл

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурумда негизги делген күбөлөрдүн бири көрсөтмө бере баштады.

Өткөн соттук отурумда жабырлануучу тараптын адвокаты Рабига Сыдыкова күбөнүн көрсөтмөсүн видеого тартууга тыюу салганы үчүн ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковго ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн келтирген.

19-апрелде судья өтүнүчтү четке кагып, бул жолку отурумда да видео тартууга уруксат берилген жок.

Кандуу окуяда негизги күбө катары өтүп жаткан Олег Тярт тергөөдө айткан көрсөтмөсү боюнча суроолорго жооп берди.

Тряттын көрсөтмөсүнө ылайык, Осмонкулов ага “жогорку кызмат адамдарын жок кылуу” тууралуу сунуш түшкөнүн айтып берген.

Күбө ошол эле учурда Улан Салянов эч кандай жогорку кызматта иштебегенин кошумчалады.

Сотто жабырлануучу, маркумдун эжеси Аида Салянова Олег Тяртты "шектүүлөр менен сүйлөшүп алып, көрсөтмөсүн өзгөртүүдө" деп айыптады.

Салянова буга чейин күбөнүн "жогорку кызмат адамдарынан буйрутма түшкөн" деген көрсөтмөсүн окуганын белгиледи.

“Бул жерде адамдын өлүмү жөнүндө кеп болууда. Сиз көрсөтмөңүздү өзгөртүп жатасыз. Сиз менен шектүүнүн жактоочусу сүйлөшүп турганын көргөнбүз.

Мындан улам күбө Олег Тярт менен жабырлануучу тараптын ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Негизги делген күбө тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартпай турганын жана шектүүлөр менен сүйлөшпөгөнүн айтып жатты.

Эрмек Осмонкулов кылмышта атылган куралды кампасына катып кеткенин, бирок анда Саляновдун өлүмү тууралуу билбегенин кошумчалады.

Олег Тряттын айтымында, ал шектүү Эрмек Осмонкулов менен жол кырсыгына байланыштуу жазасын өтөп жатканда абактан таанышкан.

Саляновдун өлүмүнө байланыштуу сот 17-майда улантылмай болду. Экс-депутат Аида Салянова кылмыш ишин тергөөдө маанилүү учурлар камтылбай калганы жана Орусияда кармалган шектүүлөрдүн сотко алып келинбей жатканы ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратканын белгиледи.

Салянова укук коргоо органдарынан инисин өлтүрүүгө буйрук берген кишини табууну талап кылууда.

Эки шектүүнүн алып келинбей жатканы табышмактуу. Керек учурда алып келип эле жатышпайбы. Алар канча айдан бери Орусияда жатат. Бирөө уюштуруучу. Менин талабым - бүгүнкү бийлик буйрук берген адамды тапсын!”.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Аида Салянова алгач баш прокурорлук кызматты аркалап, кийин оппозицияга өткөн.

Салянова инисинин киши колдуу болгонун өзүнүн саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырып келет. Бирок милиция буга чейин шектүүлөр Улан Саляновдун үйүнө тоноо максаты менен киргенин маалымдаган.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Бакыт Сеитов учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга алып келүү иш-чаралары жүрүп жатканын маалымдады.

“Тергөө кызматы Орусиянын тийиштүү органдары менен шектүүлөрдү алып келүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. Азыр муну менен прокуратура дагы иштеп жатат. Кармалгандардын бири Орусиянын жараны”.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Алар - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев.

Мекеменин маалыматына караганда, Эрмек Осмонкулов (1986-жылы туулган) 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен, Асанэмир Абыкулов 2018-жылдын январында Москвада, үчүнчү шектүү Заур Насруллаев Екатеринбург шаарынан быйыл августта кармалган. Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук териштирүү былтыр сентябрь айында башталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG