Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

"Ата Мекен" Салянованын инисинин өлүмүн иликтөөнүн создугушун сындады


Киши колдуу болгон Улан Саляновдун Бишкектин Көк-Жар кичи конушундагы үйү. 6-ноябрь, 2017-жыл.
Киши колдуу болгон Улан Саляновдун Бишкектин Көк-Жар кичи конушундагы үйү. 6-ноябрь, 2017-жыл.

Парламенттеги оппозициячыл “Ата Мекен” фракциясы депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин ачуу создугуп жатат деп эсептейт.

Депутаттар фракциянын 21-ноябрдагы жыйынына иликтөөнүн журүшү тууралуу маалыматты угуш үчүн УКМК, ИИМ, Башкы прокуратуранын жетекчилери чакырылганына карабастан, бул мекемелердин өкүлдөрү гана келгенине нааразы болуп, маселени Жогорку Кеңештин сессиясына алып чыгууну чечишти. Укук коргоо органдары азырынча кылмышкерлер табыла элек экендигин, издөө улантылып жатканын айтып жатышат.

Фракция жыйынында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчисинин орун басары Тилек Чокморов маркум Улан Саляновдун ысымына он жыл ичинде 90дон ашуун автоунаа катталганы аныкталды деп билдирди:

- Козголгон кылмыш иштин алкагында Ички иштер министрлигинде ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, тиешелүү иш-араеттерди жүргүзүп жатышат. Биз дагы киши өлтүрүүнүн бетин ачууга жардам берүү үчүн иш алып баруудабыз. Тышкы миграциядагы каттоону текшерүүдө киши колдуу болгон Улан Салянов 2010-жылдын октябрында Москвага учуп, ошол эле айда кайра кайтканы ачыкка чыкты. Мындан тышкары 1998-2017-жылдардын аралыгында ага 97 автотранспорт катталган, алар кийин Кыргызстанда сатылган.

Чокморов кошумчалагандай, учурда маркумдун менчигинде канча автоунаа болгону такталып жатат.

​"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова инисинин өлүмүнө байланыштуу иликтөө ишине толук көңүл бурулбай жатканын айтып, буга саясий негиз бар деген божомолду ИИМ четке какканына нааразы болду: ​

- Окуя болгон күнү эле "киши өлтүрүүнүн саясий өңүтү жок" деген билдирүү таратышкан. Аткаруучулар өздөрү билип минтип айта алышпайт. Чоңдору отуруп алып, "ушундай билдирүү жасагыла" деп көрсөтмө берип жатат. ИИМдин басма сөз кызматы эмненин негизинде мындай маалымат таратканын чоңдордун өздөрүнөн уксак болмок. "Саясий себеби барбы" деген версия да болушу керек болчу. Мен расмий кандай версиялар бар экенин сурайын дедим эле. Алардын ичинде "саясий" деген версия жок экен. Демек тергөө жарым-жартылай жүргүзүлүп жатат. Башынан ушундай иш жүрүп аткандан кийин киши өлтүргүчтөр табыларынан да күмөн санайм. Инимдин 17 жаштагы уулунун "курал менен кирген кылмышкерлер "акчаны качан бересиң" деп айтты" деген көрсөтмөсүн алып эле "Саляновго тоноо максатында кол салуу болгон" деп кабар таратышты. Инимдин уулу Абай "бирөө башыма тапанча такап жерге жыкты" деп жатат, ал ошол учурда шок абалда болчу. Ошол эле милициянын документтеринде инимдин аялынын "Улан: "Сүйлөшөлү, силерге эмне керек?" деп кыйкырып жатты" деп берген көрсөтмөлөрү эске алынбай жатат. "Саясат жок" деп айткандын өзү саясат эмеспи?

Фракция мүчөсү Айсулуу Мамашованын “Улан Саляновдун үйүнөн конкреттүү эмне жоголду?" деген суроосуна кылмыш ишин иликтеген топтун башчысы, ИИМдин тергөөчүсү Сүйүнбек Аблатов "эч нерсе жоголгон эмес" деп жооп кайтарып, депутаттын сынына кабылды:

- Анда эмнеге кылмыш ишинде "Улан Саляновго тоноо максатында кол салуу болду" деген божомолду гана карап жатасыңар? Эч нерсе жоголбосо? Кишини өлтүрүп кетишти. Бирок анын үйүнөн баалуу эч нерсе уурдалган эмес. Эмне үчүн ушул эле версияга назар коюп атканыңарды түшүнбөй жатам.

Анткен менен милиция Салянованын инисинин өлүмүндө саясий себеп бар деп айтууга болбой тургандыгын кайталап жатат. ИИМдин Башкы Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Сүйүнбек Аблатов Саляновду аткан кылмышкерлерди издөө уланып жатканын айтты:

- Окуя болгон жерде желим каамыттар калган. Аны кимдер салат? Кишинин колун таңыш үчүн колдонушат. Кылмышкерлер биринчиден беткапчан, экинчиден курал-жарак менен барып атат. "Тоноо" деп жатканыбыздын себеби, маркумдун баласын Аида Жеңишбекованын катышуусунда сураганыбызда да: ""Акчаны качан бересиң?" деп киргендердин бири айтты" деген. Ошого "карактоо" деген версияны карап жатабыз. Саясий себеби бар деп айтуудан алыспыз. Башка дагы версиялар бар. Аны тергөө кызыкчылыгы үчүн айта албайбыз.

Жыйында эл өкүлдөрү Аида Салянованын мурда баш прокурор болуп иштегенин жана өзүнө жетиштүү душман топтогонун эске алуу менен укук коргоо органдарын анын өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылууга чакырышты. ИИМдин өкүлү бул багытта Салянованын өзү менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, ал макулдук берип, документтер топтолсо, маселе чечилерин белгиледи.

Укук коргоо органдарынын жетекчилерине нааразы болгон фракция мүчөлөрү кылмышкерлерди табуу создугуп кеткенин белгилешип, маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгууну чечишти.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

Мурдагы чекист Артур Медетбеков кылмышты ачуу кечеңдеп жатканын баса белгилейт. Анын баамында, иликтөөдө болгон мүмкүнчүлүктөр колдонулганы байкала элек:

- Салянованын инисинин өлүмү боюнча саясатта, коомдо ар кандай божомолдор, бүдөмүк ойлор пайда болууда. Менимче, муну саясатка аралаштырыш өтө кыйын. Себеби, укук коргоо органдары өздөрүнүн версиясын чыгарды, ошонун натыйжасында кылмышкерлерди издөө тобу түзүлдү. Алар кылмышты толук аныктап-такташы керек. Бирок, тилекке каршы, бир топ убакыт өттү. Ушу кезге чейин кылмышкерлерди табыш өтө оор болуп жатат. Демек, кылмышкерлер киши өлтүрөбүз деп келгенге чейин алдын-ала көп даярдыктан өтүп, кантип из жашырууну да дыкат ойлонгон болуш керек. Экинчиден, жогорку деңгээлде бардык күч-аракетти колдонуп, издөө иштерин жүргүзүшсө табууга шарт түзүлмөк. Менин оюмча, жогорку деңгээлдеги, комплекстүү ыкчам-изилдөө иштери колдонула элек сыяктуу. Бул жерден эң биринчи туура багыттагы версияны аныктап, адашпай иш алып барышса тез арада натыйжа чыкмак. Азыр эми күтүп туруш керек. Ыкчам иштердин жыйынтыгында кылмышка шектүүлөр табылып калышы мүмкүн.

Депутат Аида Салянованын 42 жаштагы бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда ​белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.

Окуянын негизинде Кылмыш кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча иш козголгон. Маркумдун Аида Салянова баштаган жакындары кылмыш уурулук максатта жасалган деген версияларга ишенбей турушат. "Ата Мекен" партиясы кандуу окуяны Салянованын ишмердүүлүгүнө байланыштырып, "саясий негизи бар киши өлтүрүү" деп сыпаттаган.

Салянов: Инимдин душманы деле жок болчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG