Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Саляновдун өлүмүндө саясий негиз барбы?


Киши колдуу өлгөн Улан Саляновдун үйү.
Киши колдуу өлгөн Улан Саляновдун үйү.

Парламенттеги оппозициячыл депутат Аида Салянованын киши колдуу болуп өлгөн иниси Улан Саляновдун сөөгү 9-ноябрда жерге берилди.

Мурдагы башкы прокурор, парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун киши колдуу болуп өлгөнүнө үч күн болду.

Бул чуулгандуу окуяны Чүй облустук ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат. Мекеменин маалымат катчысы Нурбек Токтосунов кылмыш иши боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болгонун, бирок тергөө купуялыгына байланыштуу азырынча маалымат айтылбай турганын билдирди:

- Мыйзам чегинде оперативдүү иликтөө иштери жүрүп жатат. Айтылбаган жагдайлар да бар, ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алган. Бул иш боюнча саат сайын берилген тапшырмалардын жыйынтыгы айтылууда.

Аида Салянова
Аида Салянова

Улан Саляновдун сөөгү 9-ноябрда Ысык-Ата районунун Интернационал айылынын четиндеги көрүстөнгө коюлду. Маркум аталган айылда жашаган атасынын үйүнөн акыркы сапарга узатылды. Анын жакындары кылмыш уурулук максатта жасалган деген өңдүү версияларга көп ишенбей турушат.

- Саясий болбосо окшош өтүк, маска, формачан, далдайган, бойлору бирдей балдар экен. Уурулар болсо, билинип калбайлы деп машинесин катып коюп келбейби, - деп күмөн санайт маркумдун эжеси Асия Салянова.

Ошол эле күнү "Ата Мекен" партиясы бул окуяны Салянованын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, саясий негизи бар киши өлтүрүү деп билдирген. "Ата Мекен" саясий партиясы жана фракциясы тараткан билдирүүдө Улан Саляновдун өлтүрүлүшүндө саясий негиз бар деп, аны маркумдун эжеси Аида Салянованын саясий көз карашы жана эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштырган. Мындан улам "Ата Мекен" партиясы учурда камакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч туулуп жатат деген кооптонуусун билдирген. ЖК депутаты Аида Салянованын өзүн жана үй-бүлөсүн коргоого алууну, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун абактагы коопсуздугун коргоо үчүн бардык шарттарды түзүп берүүнү өкмөттөн талап кылышкан.

Коомчулук бийликтин саясатын сындап келген депутаттын инисинин өлүмүн ар кандай өңүттө талкуулап жаткан кези. Анткен менен мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев мындай окуялардын саясатташып кетиши кылмыштын ачылышына тоскоол болот деп эсептейт.

- Саясатташтырбай иликтөө керек. Маркумдун балдарына, жакындарына саясаттын бир тыйынча кереги жок. Аларга күнөөкөрлөрдүн жоопко тартылышы биринчи максат. Тилекке каршы, саясатчылар (окуяны) саясатташтырып жатпайбы. Кылмыштын бети ачылгандан кийин деле мындай болгон деп айтса болот. Саясатчылар кандайдыр бир ой максат менен колдонуп жатышат.

Кыргыз милициясы
Кыргыз милициясы

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиевдин пикиринде, мындай чуулгандуу иштерде күмөн саноолорду жаратпоо үчүн коомчулукта айтылып жаткан бардык версиялар дыкат иликтенүүсү керек.

- Кылмышкер үйүнө кирип, каракчылык кылабыз деген деп айтылып жатат. Андай дейин десең анча деле бай эмес, акчасы жок, намазга жыгылган киши экен. Балким өзүнүн иштери бардыр, аны айта албайбыз. Кылмышты иликтөө биринчи жабырлануучудан башталат. Ал өзү ким болгон? Эмне менен алектенген, ким менен байланышкан? Балким бирөөгө жаман машине саткан. Бардык версияны текшергенден кийин гана саясий жагын дагы караш керек. Изилдөө бүткөнчө эч нерсе айта албайбыз.

Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз адамдар Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнөн курал менен кирип, атып кетишкен.

Милиция оппозициячыл саясатчынын бир тууганынын өлүмүн иликтөөдө саясий себеп каралбаганын кабарлаган. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыкка” курган маегинде ички иштер министри Улан Исраиловго тапшырма бергенин, ал бул ишти өз көзөмөлүнө алганын, жакын арада кылмыштын бети ачыларын билдирген.

Улан Салянов жашаган үй

Салянов: Инимдин душманы деле жок болчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG