Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Кулматовго орус жарандыгы боюнча иш козголду


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго экинчи кылмыш иши козголду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кулматовду "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Буга экс-мэрдин тарапкерлери аны камакта калтыруунун аргасы катары баа беришти. Бишкек шаардык соту ушул эле күнү Кубанычбек Кулматовду камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган экс-мэр Кубанычбек Кулматовго экинчи иш ачылды.

Бул тууралуу анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды Бишкек шаардык соту карап жатканда белгилүү болду. Мамлекеттик айыптоочунун соттогу маалыматын УКМК бышыктады.

УКМК Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен иш козгоп, 23 жыл мурдагы окуя боюнча айып таккан.

Башкача айтканда, Кубанычбек Кулматов "1995-жылы СССРдин паспортунун негизинде алгач Орусиянын, кийин Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана мамлекеттик чек араны бузган" деп айыпталууда.

Бул тууралуу атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов төмөнкүлөрдү белгиледи:

УКМК.
УКМК.

- 1996-жылдын 26-ноябрында Орусиянын жараны болуп туруп, "СССРдин жараны" деген паспортун колдонуу менен Бишкектин Биринчи май райондук паспорт столунан мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын жарандыгы боюнча паспорт алган. Кийин 2001-2003-2013-жылдары ал паспортторду жаңы паспортторго алмаштырган. Мындай кадам менен Кулматов паспорттук столдун кызматкерлеринин көзүн жазгырып, мыйзамсыз түрдө "Кыргыз Республикасынын жараны" деген паспортту алган.

Бишкек шаарынын мурдагы мэрине козголгон бул жаңы кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Ишти кошумча негиз катары караган Бишкек шаардык соту Кулматовду 28-июнга чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.

Айыптоочунун жана соттун акыркы чечимдерин Кубанычбек Кулматовдун тарапкерлери сынга алышты.

Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев камактагы саясатчы орус жарандыгы жок экенин буга чейин эле далилдегенин айтып, тергөөнүн бул аракетин түшүнбөй жатканын билдирди:

- Тилекке каршы, башкалар сыяктуу эле соттук отурумдун жүрүшүндө прокурор жаңы кылмыш иши жөнүндө айтканын мен бүгүн уктум. Бул туура эмес. Процессти өткөрүү жобосуна жана мыйзамдарга каршы келет. Бөгөт чарасын кароо маалында сот да мындай арызды кабыл албашы керек болчу.

Кулматов камакта калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

​Кубанычбек Кулматовго экинчи кылмыш ишинин козголушун саясий себеп менен байланыштырып, аны камакта кармоо аракети катары баалашууда. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов да колдойт:

- Кулматов эми Кыргызстандын жараны. Буга чейин Орусиядан анын орус жарандыгы жок экени тууралуу каттар келген. Анан эмнеге мындай болуп жатканын түшүнбөй калдым. Таң калып жатам. Жаңы кылмыш иши козголсо, бөгөт чарасын өзгөртпөйт турбайбы. Балким ошондуктан камактан чыгарбаш үчүн кылмыш ишин козгоп коюшту го деп ойлойм.

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кулматовдун орус жарандыгы боюнча маалымат буга чейин да айтылып келгенин белгилеп, бул жерде тергөөнү объективдүү жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.

- Буга чейин эле "Кулматовдун орус жарандыгы болушу керек" деп бир нече жолу эле айтылып келбедиби беле. Анан текшеримиш болуп "жок экен" деп коюшкан. Негизи ошол кезде эле аныкташ керек эле. Эми муну объективдүү караш керек.

Ошол эле учурда "Кыргызстанда бир нече жылдан бери жогорку кызматты ээлеген аткаминердин башка өлкөнүн жарандыгын алганы тууралуу маалымат 23 жыл өткөн соң белгилүү болгону жалпы өлкөдөгү абалды мүнөздөйт" деген пикир айткандар да бар.

Саясий илимдердин кандитаты, эксперт Орозбек Молдалиев Кулматовдун айланасындагы акыркы кырдаал ар кандай күмөн ойлорго негиз болорун билдирди:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Бул көчөдө басып жүргөн киши эмес. Бишкектин мэри болду, андан башка жогорку кызматтарды ээледи. Мамлекеттик бажы кызматын канча жолу башкарганын эл санай албай, адашып деле калды. Анан канча жылдан бери ушундай адамдын жарандыгын аныктай албаган мамлекет, анан жашырынып келип алып, иш жүргүзгөн "шпионду" кантип табат? Айланайын, бул эмне деген мамлекет? Орусия деген жаныбызда эле го? Суроо берип эле тактап койсок болмок. Кеп жалаң эле Кулматовдо эмес. Мына Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты казак жарандыгы бар экени аныкталып, ал жакта камакта отурат. Тартиптин жоктугунун эң жакшы белгиси. Ошондуктан "Кулматовго козголгон биринчи иштен майнап чыкпай, муну көтөрүп чыкты" деген билдирүүлөрдүн айтылганы да бекеринен эмес.

Кубанычбек Кулматовго Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөн айда айып тагылган. Ал "2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда ЖЭБди жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 млн. долларлык грантты мыйзамсыз иштеткен" деп айыпталууда.

Бул иш боюнча алгач экс-мэрдин үйү тинтилип, 5-июнда камакка алынган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

55 жаштагы Кубанычбек Кулматов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийликте турган алты жыл ичинде бир катар жогорку кызматтарды ээлеген. Алгач Мамлекеттик бажы кызматын, кийин Чүй облусун, Бишкек шаарын, Улуттук банкты, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун башкарып келген.

Былтыр болсо Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан төрага болуп дайындалып, быйыл май айында кызматынан бошотулган.

Эксперттер талдайт: Камалган үзөңгүлөштөр: кезек кимде?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG