Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

КТРКга эки талапкер доомат артты


КТРК
КТРК

Коомдук телеканалдын жетекчиси Илим Карыпбеков айрым талапкерлер телеканалга, өзүнө жана кээ бир кызматкерлерине кысым жасап жатканын айтып чыкты.

Мунун алдында президенттикке талапкерлерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин штабы аларга байланыштуу такталбаган маалыматтар КТРКдан берилип жатат деп чыгышкан.

Үгүт кампаниясына байкоо салган эксперттер маалымат каражаттары балансы жок материалдарды жарыялап жатканын белгилешүүдө.

Коомдук телеканалдын жетекчиси Илим Карыпбеков Фейсбуктагы баракчасына президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы КТРКны мыйзам бузууларга айыптап, коркутуп-үркүтүүлөргө өткөнүн жазды.

Анын белгилөөсү боюнча, ушул күнгө чейин Бабановдун штабынан да, сот органдарынан да конкреттүү дооматтар көрсөтүлгөн билдирүү же кайрылуу келип түшкөн эмес. Карыпбеков Коомдук телеканал жана анын кызматкерлери эч кандай мыйзам бузган жок деп, кайсы бир талапкердин ар-намысына шек келсе, тартип коргоо жана сот органдарына кайрылууну сунуштады.

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

- Өмүрбек Токтогуловичтен дагы, (Бабанов - авт.) анын штабынын өкүлдөрүнөн дагы бизге расмий эч нерсе келе элек. Бир гана нерсе мурда алардын катарында иштеген Кубат Болотканов ушундай каралоо болуп жатат деп нааразылыгын билдирген. Ага талабыңыздарды айтып, расмий бергиле деп жооп бергем. Бирок бизге бүгүнкү күнгө чейин бере элек. Кечээ Төрөбаевдин өкүлү төгүндөө жарыялагыла дептир. Эгер биз кетирген материалдарды тактай албай калсак, мыйзамды бузган болсок төгүндөө жарыялаганга, талапкерлерден расмий кечирим сураганга даярмын. Алар дагы расмий кайрылбай, мыйзамдын шарттарын аткарбай жатпайбы.

Буга чейин талапкер Өмүрбек Бабановдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков 20-сентябрь күнү КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынан кеткен “Адамдын амалы чексиз” деген макаланы "чындыкка дал келбейт" деп табуу талабы менен БШКга арыз жазышканын билдирген.

Анда Коомдук канал шайлоо мыйзамдарын бузганы белгиленип, анын аккредитациясын чакыртып алууну, каналдын журналисттеринин жана башка адамдарынын аракеттерине Башкы прокуратура укуктук баа берүүсү керектиги айтылган.

КТРКнын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Кубат Болотканов коркутуулар тууралуу маалыматты төгүндөп жатат. Ал бейтарап маалымат таратуу боюнча Байкоочу кеңеш жана КТРК жетекчилиги менен бир пикирге келе албаганын "Азаттыкка" билдирди.

- Коомдук канал коомдук болбой жатат. Баягы Акаев, Бакиев, андан кийинкилердин убагындай Ак үйдүн көрсөтмөсү менен шыбамай саясаты уланууда. Азыркы байкоочу кеңеш өзүнүн алсыздыгын көргөзүүдө.

Мындан тышкары Илим Карыпбеков өз билдирүүсүндө президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин арызы 25-сентябрда, кечке жуук гана колуна тийгенин, бул арыз терең иликтенип, тиешелүү мөөнөттө жооп берилерин да маалымдаган.

Президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев
Президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын атынан президенттик шайлоого аттанган Бакыт Төрөбаев КТРКнын 15 мүнөттүк акысыз эфирин бойкот кылганын билдирип, башка талапкерлерди да өзүнө кошулууга үндөгөн. Буга 23-сентябрда КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынан чыккан “Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алууда” деген материал негиз болгон.

Төрөбаев аталган сюжетте жалган маалыматтын негизинде бир жактуу каралоо болгон деп эсептейт. Төрөбаевдин штабынын маалымат катчысы Медер Кубанычбек тегин бул боюнча 24-сентябрда БШКга арызданганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Ырасталбаган маалыматты далилденген факт катары көрсөтүп жатат. Бул интернетке жайылып кетти. Анда белгисиз жарандын мыйзамсыз иштерди кылып жатканын көргөзүп, аны Бакыт Төрөбаевдин штабына тиешеси бар деп жатышат. Ал эми видеодо бир дагы ал тууралуу айтылган, жазылган жери жок. БШКга, КТРК жетекчисине кайрылдык. Маалыматты төгүндөгүлө деп талап кылып жатабыз.

​Анткен менен шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда маалымат каражаттарына байкоо салган эксперттер бир тараптуу жана такталбаган маалыматтар КТРК баш болгон башка каражаттарда да жолугуп жатат дешүүдө.

"Медиа өнүгүү борборунун" юристи Нуржан Мусаева көп жазмакерлер журналисттик этиканы жана үгүт жүргүзүү жобосун сактабай жатканын белгиледи.

- Журналисттик этика деген бар. Материал так, даана жана тең салмактуу берилиши керек. Тилекке каршы андай болбой жатат. Ал эми КТРК боюнча, Төрөбаев жана Бабановду жамандап жаткан болсо алардын да ой-пикирин чагылдыруу керек болчу. Андай болгон жок.

Борбордук шайлоо комиссиясына үгүт маалындагы мыйзам бузуу боюнча 40ка чукул арыз келип түшкөн. Мындай арыздарды тескеген жумушчу топтун жетекчиси, БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев буларга токтолду:

- Биздин топко келген арыздардын саны 38ден ашты. Каржы маселеси, административдик ресурсту, кызмат абалынан пайдаланып жатат деген арыздар бар.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Ага байланышкан бир жарым айлык үгүт өнөктүгү 10-сентябрда башталган. Эксперттер бул аралыкта кара пиар, компроматтар согушу күч алганын белгилеп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG