Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:55

Үгүт өнөктүгүнө тартылган окуучулар


Талас облусунун Манас району. Сооронбай Жээнбековдун ысымы жазылган байрактарды көтөргөн окуучулар. 21-сентябрь, 2017-жыл.
Талас облусунун Манас району. Сооронбай Жээнбековдун ысымы жазылган байрактарды көтөргөн окуучулар. 21-сентябрь, 2017-жыл.

Президенттикке талапкерлердин эл менен жолугушууларында жашы жете электерди, мектеп окуучуларын үгүт иштерине колдонгону боюнча сүрөттөр интернетте тарап жатат. Бирок БШКга бул боюнча арыздар түшө элек.

Ал арада БШКга Өзгөн районундагы мектептердин биринде сабак маалында отургучтарды талапкерлердин биринин жолугушуусу өткөн стадионго алып кетишип, окуучулар сабакта тик туруп калганы боюнча даттануу каралууда.

Мектеп окуучусу Абдысатар президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун 26-сентябрда Баткен шаарындагы эл менен жолугушуусунда анын ысымы жазылган кийим кийип, өлкөнүн байрагын көтөрүп жүрдү. Ал “Азаттык” радиосуна Бабановдун аты жазылган футболка, баш кийимди үгүтчүлөр берди деп билдирди:

- Жаңы-Жер орто мектебинен келдим. 11-класста окуйм. Кийимдерди үгүтчүлөр алып берди, бул жакта желек көтөрүп турасыңар дешти. Бизге төлөп беришпейт.

Өмүрбек Бабановдун Баткен шаарындагы эл менен жолугушуусу. Желек көтөргөн жогорку класстын айрым окуучулары. 26-сентябрь, 2017-жыл.
Өмүрбек Бабановдун Баткен шаарындагы эл менен жолугушуусу. Желек көтөргөн жогорку класстын айрым окуучулары. 26-сентябрь, 2017-жыл.

​Жыйында Абдысатардын классташы Автандил да талапкердин ысымы менен футболка, баш кийимди кийип, туу көтөрүп турду. Бирок муну ал концертке келгени менен түшүндүрдү:

- Концерт көргөнү келдим. Үгүтчүлөр кийим берди, байрак кармап турушубузду айтышты.

21-сентябрда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Талас облусунун Манас районундагы жыйынында да үгүткө окуучулар тартылганын “Азаттык” жазып чыккан. Балдардын бир тобу "Сооронбай Жээнбеков" деп жазылган желектерди кармап жүргөнү сүрөткө тартылган. Райондогу "Улукман" лицейинин жогорку классынын окуучуларынын айрымдары окуу жай директору "Сооронбай Жээнбековдун концертине баргыла" деп окуудан бошотконун айтып беришкен:

- Сооронбай Жээнбековдун концертине келип, катышып кеткиле деп директор айтты, - деди өзүн 7-класстын окуучусу деп тааныштырган өспүрүм.

Сооронбай Жээнбековдун "Манас" районундагы эл менен жолугушуусунда жүргөн окуучулар. 21-сентябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбековдун "Манас" районундагы эл менен жолугушуусунда жүргөн окуучулар. 21-сентябрь, 2017-жыл.

Манас райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Маркашов болсо окуучулар сабак маалында жыйынга кеткен деген билдирүүлөрдү четке какты:

- Окуу үзгүлтүккө учураган жок. Мектептин жанында концерт болуп жатканына байланыштуу жадыбал боюнча үч сабак бүткөндөн кийин келип, концерт көрүп жатышат. Баары эмес. 9-10-11-класстар бош. Калганы окуп жатышат.

Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, жашы жете электерди үгүт иштерине тартууга, алардын үгүт жүргүзүүсүнө тыюу салынат. Азырынча талапкерлердин эл менен жолугушууларында үгүт өнөктүгүнө жеткинчектердин аралашканы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу, арыз түшө элек. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун белгилешинче, үгүт өнөктүгү маалында балдардын ата-энелердин уруксаты менен сүрөткө түшүүсүнө гана уруксат берилет:

- Бизге андай маалымат түшө элек. Мыйзам боюнча 18 жашка чейинки жарандардын үгүт жүргүзүүгө укугу жок. Ал эми ата-энелеринин уруксаты менен сүрөткө түшүп, фон жаратса болот.

Талапкерлердин шайлоо штабдары бул көрүнүштөргө комментарий бере элек. Ал тапта Өзгөн районундагы мектептердин биринде сабак маалында отургучтарды Жээнбековдун эл менен жолугушуусу өткөн стадионго алып кетип калышып, окуучулар тик туруп калганы жөнүндө даттануу БШКга түшкөнү белгилүү болду. БШКнын үгүт өнөктүгүн көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун өкүлү Назарали Арипов маселе жакын арада жалпы жыйынга коюлат деп маалымдады:

- Кечээ күнү биздин топ бул арызды карап чыктык. Эми БШКнын жалпы жыйынына алып чыгабыз. Анда кандай чечим кабыл алынат, жыйында көрөбүз. Биз шайлоо боюнча республикалык штабга, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылышыбыз керек. Буга чара көрүлүп, текшерилиши керек. Анткени, мыйзамга туура келбейт. Бул жерде үгүт иштерин жүргүзүүдө мектеп үстөлдөрүн ижарага берип жатат. Отургуч жок, окуучулардын туруп турганы, отургучтар стадионго коюлганы тартылган сүрөттөр бар.

"Фейсбукта" тараган сүрөттөрдүн бири.
"Фейсбукта" тараган сүрөттөрдүн бири.

​Алдыдагы саясий жарышты утурлай атаандаштык негизинен эки талапкер - Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда күч алганы, алардын облус-райондордо көп жолугушууларды өткөрүп жатканы байкалууда. Бул талапкерлердин аймактардагы жыйындарында жеткинчектердин жүргөнү, айрым учурда атайын кийимдерди кийип, желектерди көтөрүп турганы тартылган сүрөттөр да интернетте тарап жатат. Калган он талапкердин жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушканы тууралуу маалыматтар сейрек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG