Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Саляновдун өлүмү: шек жараткан жаңы жагдайлар


Улан Саляновдун үйү. Сүрөт кол салуу болгон күнү тартылган.
Улан Саляновдун үйү. Сүрөт кол салуу болгон күнү тартылган.

Мурдагы депутат Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча тергөө аяктап, сот 6-сентябрга белгиленди. Бирок жабыркаган тарап Саляновдор бул иште саясий мотив болгон, тергөө дыкат иликтенген жок деп нааразы болушууда.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун киши колдуу болуп өлгөнүнө бир жылга жакындады. Милиция тергөөнүн кызыкчылыгы деп бир жыл аралыгында кылмыш иши боюнча учкай гана маалыматтарды берип келди.

Маркумдун аялы Лариса Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова милиция кылмыш иши боюнча дыкат иликтөө жүргүзгөн жок деп эсептейт. Анын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө күбөлөрдүн бири кылмышты уюштургандар боюнча маалыматтарды айткан жана буйрук бергендердин өтүнүчү аткарылса, шектүүлөрдүн мурунку кылмышын жокко чыгаруу убадасы болгон:

- Күбөнүн көрсөтмөсүнө ылайык, чоң кишилер (кызматтагы таасирдүү адамдар - ред.) аны жок кылууга кызыкдар болушкан, мунун ордуна алар Ошто жасалган кылмышты жабууга жардам беришмек. Ушундай абал болуп жатат. Жада калса ал жакта кызмат адамдары да айтылат. Ушул учур тергөөдө каралган эмес. Мен муну соттук отурумда кенен айтып берем. Ошондой эле иштин саясий жүйөсү да толук иликтенген жок. Азыр аткаруучу камакта отурат, кылмыштын уюштуруучусу алып келине элек. Экстрадициялоо ишин чечүү оңой эле да. Мен кылмыш ишин иликтөө үстүртөдөн жүргүзүлгөн деп эсептейм.

Азырынча кылмышка шектүү катары үч жаран аталып, алардын бири Э.О. аттуу киши 2017-жылдын 28-декабрында кармалган. Анын жанынан Салянов атылган “Макаров” тапанчасы 17 огу менен табылганы кабарланган. Шектүүлөрдүн экинчиси 35 жаштагы А.А. аттуу жаран 2018-жылдын 18-январында Москва шаарында кармалып, ал Токмок шаарынын тургуну экени, мурда талап-тоноо, каракчылык жана киши өлтүрүү үчүн соттолгону аныкталган. Ал эми үчүнчүсүнө издөө жарыяланып, кармала элек.

Салянов: Инимдин душманы деле жок болчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Ички иштер министрлиги тергөөнүн жыйынтыктары боюнча кийинчерээк маалымат берилээрин билдирди. Бирок буга чейин милиция башынан эле кылмышта эч кандай саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун маалымдап келген.

Ошол кездеги ички иштер министри Улан Исраилов Улан Саляновдун өлүмүнө байланышкан кылмыш иши иликтенип бүткөнүн билдирген:

Улан Исраилов.
Улан Исраилов.

- Биз башынан эле киши өлтүрүүдө саясий жүйө жоктугун айтып келебиз. Эки шектүү кармалды. Алардын бирин кармоого жана экстрадициялоого орусиялык кесиптештерибиз жардамдашат. Тергөө уланып жатат. Үчүнчү шектүү кармала элек. Кылмыш ишинин бети ачылды, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кененирээк маалымат бере албайм. Куралдар жана өлтүрүү мотиви аныкталды.

Маркумдун жакындары жана Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы окуяны Аида Салянованын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, "саясий негизи бар" деп сыпаттап келет. Анткени Салянова ошол кездеги бийликти кескин сындаган саясатчылардын бири болгон. Бул маселе парламентте бир нече жолу көтөрүлүп, ошол кездеги ИИМдин министри Улан Исраиловдон каргашалуу окуяга байланыштуу бардык мотивдер иликтенсин деп талап кылышкан.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

Парламенттин экс-депутаты Асия Сасыкбаева Саляновдун жакындары айтып жаткан дооматтарга кошулат. Асия Сасыкбаеванын пикиринде милиция чуулгандуу иш боюнча толук маалымат бербей жатканы ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратууда.

- Тергөөчүлөр кылдаттык менен көңүл бурушу керек эле. Андай болгон жок. Бат эле сотко өткөрүп салышты. Маркумдун туугандары, Салянова өзү тергөөчүлөр менен сүйлөшүп, саясий мотивдер эмне болгонун түшүндүрүп беришкен. Ага көңүл бурбай эле сотко өткөрүп жатышат деп ойлойм.

Анткен менен Улуттук кооопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков чуулгандуу кылмыш иштеринде дайыма ар кандай пикирлер айтылат деди. Айрым учурда жаңы жагдайлар соттук териштирүүдө белгилүү болушу мүмкүн. Медетбековдун пикиринде бул ишти бир жактуу баалоо азырынча эрте.

- Мындай окуяларда, киши колдуу болуп же белгисиз себептер менен адам каза болуп калганда анын жакындары, туугандары дайыма шек санашат. Бирок сот отурумунда такталбаган иштер чыгып калса, кайра тергөөгө жөнөтүүнү талап кылганга толук укуктары бар. Азыр сот жаңы башталса жаңы иштер чыгышы мүмкүн. Андыктан бир нерсе деп так айтуу эртелик кылат.

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы юстиция министри Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG