Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Москва Бишкектин мыйзам нугуна кайтышын күтөт


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 22-октябрь, 2020-жыл.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 22-октябрь, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы жагдай боюнча экинчи жолу билдирүү жасап, Бишкектеги окуяларга «кыргыз элинин шору» деп комментарий берди.

Мурдараак президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү катары кала берерин айткан эле. Бул күндөрү кыргыз дипломаты атайын сүйлөшүү үчүн Москвага барды.

Кремлдин көз карашы

Владимир Путин Кыргызстандагы окуяларга байланыштуу көз карашын бул жолу Орусиядагы «Валдай» (Valdai Discussion Club) эл аралык талкуу клубунун 22-октябрь күнкү жыл сайын өтүүчү XVII отурумунда жарыялады.

Ал постсоветтик жана КМШ мамлекеттериндеги кырдаал жөнүндө берилген суроого жооп берип жатып, Бишкектеги окуяларга да кайрылды:

«Менимче ал жакта болуп жаткан окуялар - Кыргызстандын, кыргыз элинин шору. Шайлоо сайын төңкөрүш болот. Бул күлкү эмес. Билесиздерби, бул эмнени айгинелейт? Көп мамлекеттер мамлекеттүүлүктү түптөө, өнүгүү маданиятындагы алгачкы кадамдарын шилтеп жатышат».

Орусия Федерациясынын президенти өз сөзүндө Кыргызстандын ички ишине кийлигишпей тургандыгын баса белгилеп, ошол эле мезгилде Кыргызстанга Москва көрсөтүп жаткан жардамды санады:

«Кыргызстан - ЖККУнун, ЕАЕБдин мүчөсү. Биз Кыргызстан ирденип кетиши үчүн көп иш кылдык. Кыргызстандын экономикасына, тармактык өндүрүшкө көп колдоо көрсөттүк, ЕАЭБге ыңгайлашуусуна шарт түзүш үчүн жүз миллиондогон долларларды бөлдүк. Долбоорлорго 500 миллион доллар бердик. Бул эми ондогон миллион гранттарды айтпаганда да, акыркы убактарды эле айтып атам. Бирок ал жакта болуп аткандарга кооптонуусуз карай албайбыз. Бирок, көңүлүңүздөрдү буруп коеюн, биз кайсы бир саясий күчтөрдү колдоо үчүн кеңеш, насаатыбызды берет элек деп ал жакка киришпейбиз. Биз Кыргызстанда бардыгы калыбына келет деген ойдобуз».

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылык элдик толкундоого айланып кеткенден кийин орус мамлекет башчысы алгач федералдык телеканалдагы маегинде кыскача оюн айткан.

7-октябрдагы сөзүндө ал Кыргызстандагы абалга кабатыр болуп жатканын, кырдаал тез арада жөнгө салынышына тилектеш экенин билдирген эле.

Андан кийин Кыргызстандын ошол учурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатты. 13-октябрда Путиндин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен Жээнбеков жана премьер-министр Садыр Жапаров Бишкекте жолугушкан. Кездешүүдө эмне сөз болгону айтылган эмес.

16-октябрдан тартып президенттин милдетин кошо аткара баштаган Жапаров андан бери Орусиянын лидери менен диалог түзө элек. Бирок ал өз билдирүүлөрүндө жана маектеринде Москва Бишкектин башкы өнөктөшү бойдон кала берерин айтып келет.

«Al Jazeera» («Аль-Жазира») телеканалы менен 20-октябрда болгон баарлашуусунда Садыр Жапаров мындай деген:

«Орусия менен биздин тарыхыбыз жүздөгөн жылдардан бери, 1850-жылдардан бери чогуу келатат. Орусия менен мамилебиз мурдатан эле болуп келген жана мындан ары да уланат. Анан биздин сырткы саясатыбыз Орусия менен болот, эң негизги стратегиялык өнөктөшүбүз катары кала берет. Ал эми ички саясатыбызды, өнүгүү жана демократияны биз өзүбүз жасайбыз. Европа өлкөлөрү, АКШ, Кытай сыяктуу башка мамлекеттер менен да эки жактуу кызматташтыгыбыз мурдагыдай улана берет. Бирок башкы өнөктөшүбүз Орусия болот. Анткени бизди көп нерсе байланыштырып турат».

Казакбаевдин жообу

Садыр Жапаров алгач өкмөт түзгөн учурда аны менен кошо Тышкы иштер министрлигине бекиген Руслан Казакбаев ишке киришери менен Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алган. Удовиченко 21-октябрда Жапаровдун өзү менен да жолугуп, премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктап чыкты.

Руслан Казакбаев мындан сырткары Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен 15-октябрда телефон аркылуу сүйлөшүп, 23-октябрда аны менен Москвадан кездешти.

ТИМдин Кабыл алуу үйүндө жабык эшик артында эки саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тарап журналисттерге чыгып, бир нече суроолорго жооп беришти.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттин "Москва Бишкекке каржылык жардамын толук жандантабы?" деген суроосуна мындай жооп узатты.

«Евразия фондунун Кыргызстанга 100 млн. доллар жеңилдетилген насыя берүү тууралуу чечими күчүндө, аны эч ким токтоткон жок. Биз Кыргызстандын мурдагы өкмөтү менен болгон макулдашууларды, анын ичинде эң башкысы Турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча Евразия фонду бере турган насыяны берүү мөөнөтүн аныкташыбыз керек».

Лавров бул жолугушууда Кыргызстан укуктук нукка батыраак түшүүсү керектигин дагы бир жолу кыйыткандай болду.

«Менимче, биздин досторубуз аягына чыга турган процесстерди, шайлоолордун, конституциялык реформалардын кезегин аныктап алышы керек. Бүгүн бул тууралуу да сүйлөштүк. Жакын арада ачык-айкындык болоруна үмүттөнөм».

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бишкектен келген делегацияны "жылуу кабыл алганы үчүн" Лавровго бир нече ирет ыраазычылык билдирип, жолугушууда бир топ маселе көтөрүлгөнүн, бирок алардын аткарылышына убакыт керектигин айтты:

«Фонддун насыясы боюнча жакын арада өзүнүн (Лавров-ред.) салымын кошуп, жардам бере турганын билдирди. Бишкек-Москва ортосунда аба каттамдарды көбөйтүү боюнча да бардык аракеттер жасалат деди. Ал да чечиле турган маселе экени көрүнүп калды. Экономикалык байланыштар, саясий консультациялар, коопсуздук өңдүү бир топ маселеде талаш-тартыш жаралган жок», - деди Казакбаев.

Журналисттердин люстрация боюнча суроосуна "жаңы премьер-министр башында турган өкмөт коррупция жана криминал менен күрөштү баштаганын" белгиледи.

"РИА Новости" агенттигинин журналистинин суроосу жаңы министрди бир аз ыңгайсыз абалда калтыргандай болду.

«Руслан Айтбаевич, Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстандагы окуяларды "элдин шору" деп атап, башкаларды кийлигишпөөгө чакырды. Сиз болсо Кыргызстандагы абалды стабилдештирүүгө кошкон салымы үчүн Орусияга бир нече ирет ыраазычылык билдирдиңиз. Ал эмне болгон салым?».

Казакбаев бул суроодон кийин ортодогу стратегиялык өнөктөштүк, советтик тарых тууралуу айтып, "Владимир Владимирович жеке өзүнө, Орусия бийлигине жана орус элине терең сый-урмат жана симпатия менен караган кыргыз элине көңүл бурбай койбойт" деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

«Жаңы бийликти таануу процесси дагы созулат»

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев Путиндин сөзүн жаңы кыргыз бийлигине карата анын позициясы катары баалады.

Иманалиев башка өлкөлөрдүн да мамилеси азыр Бишкекке ушундай болуп жатканын айтып, муну Кыргызстан укуктук алкакка толук келе албай, күч менен конституциялык реформа жасоо аракети болуп жатканына байланыштырды:

«Путин дипломатиялык сөз менен Кыргызстанды «шордуу өлкө» деди. Мындан төмөн сөз болушу мүмкүн эмес. Муну менен элди айткан жок, элитаны айтты. Кызмат талашабыз деп жатып, биз охлократияга келип калдык. Африкадагы айрым өлкөлөрдө күчтүүсү келип бийликти басып алат, алар кызмат бөлүшө албай кайра таркап, жаңы күч кайра басып алат. Мамлекеттин укуктук актыларын эч ким тааныбайт, ал жөн эле бийликтин тегерегинде өмүр сүрөт. Тилекке каршы, биздин ошого барышыбызга бир эле кадам калды. Бул өтө өкүнүчтүү. Азыр бийликтегилердин күч менен, зомбулук менен чечебиз дегени туура эмес. Президенттин милдетин аткаруучу Конституцияга каршы кадамдарга бара турган болсо, аны дүйнө коомчулугу тааныбайт. Конституцияны, укуктук цивилизацияны сыйлаган өлкөлөр биз менен мамиле түзбөйт».

Арийне, Кыргызстандын эл аралык коомчулуктагы азыркы орду тууралуу талкуу ушул күндөрү дипломатиялык чөйрөдө кызуу уланып жатат. Айрымдар өлкө толук легитимдүү жолго түшмөйүнчө башка мамлекеттердин лидерлери азыркы бийликти тааныбай турганын айтышса, башкалары бул процесс президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөндөн кийин болорун белгилешүүдө.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов кепке кошулду:

Эдил Осмонбетов.
Эдил Осмонбетов.

«2005-жылы жана 2010-жылы төңкөрүш болгондо коңшу мамлекеттер, БУУ жана АКШ баштаган бир катар мамлекеттер Кыргызстандын жаңы бийлигин бат эле таанышкан. Бирок быйыл октябрда болгон окуя - күтүлбөгөн окуя. Алар да Кыргызстанда «эмне болуп жатат, турукташып жатабы, саясий кырдаал кантип жатат» деп турат. Алар геосаясий жактан таанууну күтүп жатышат. Ал эми Өзбекстандын президенти эмес, премьер-министри эле куттуктады. Анан анда нота барбы же жокпу, белгисиз. Нота болсо гана тааныды деп эсептелет. БУУ болсо эки апта мурда мурдагы президентти легитимдүү деп тааныган. Кытай болсо позициясын айта элек. Ошол себептүү азыркы өкмөткө аябай оор болуп жатат. Башка өлкөлөр таанышы үчүн ошол эле президент жана парламент Конституциянын негизинде шайланышы керек. Менимче бул жагдай кеминде бир-эки айга, болбосо андан да созулуп кетиши ыктымал».

Ал эми тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов бул жолугушууда Бишкектин "көп багыттуу тышкы саясат жүргүзөбүз деп кагазга жазып, иш жүзүндө баарын Орусияга өткөрүп берген иштин жыйынтыгы" көрүнүп калганын белгиледи:

«Орусиянын дарегине деле көп сын айтылып келет. Авторитардык өлкө дешет. Элинин арасында нааразычылык көп. Бирок биз буга сын айткандан алыс болушубуз керек. Анткени, көз карандыбыз. Бул чоң коңгуроо. Биринчи кезекте бийликке, экинчиден, жамаатыбызга. Бизде болуп жаткан окуяларга башка өлкөлөр, ошол эле Батыш кандай баа берип жатат?! Расмий түрдө бизди эч ким тааныган жок, кол сунуп «кандай жардам берели?» деген да сөз жок. Мурда бардык иш Москва аркылуу чечилет деп түшүнүшчү. Азыр эми Орусия дагы бизге терс көз карашта экенин ишарат кылды. Бул чоң коңгуроо. "Эч кандай жардам күтпөгүлө!" деген сөз», - деди Бешимов NEXT телеканалына курган маегинде.

Жаңы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев мурдараак АКШнын, Кытайдын, Тажикстандын, Казакстандын, Өзбекстандын элчилери менен, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ), Европа Биримдигинин (ЕБ), Жамааттык Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЖККУ) жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен ар кандай форматтарда жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов гана Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттукташкан. Мындан башка өлкөлөр жана уюмдар азырынча куттуктоо жөнөтө элек.

Ошол эле «Al Jazeera» («Аль-Жазира») телеканалындагы маегинде Садыр Жапаров башка өлкөлөр аны тааныбай жатканын айтып, бирок аларды өз иши менен ынандыра турганын айткан эле.

«Кыргызда «чындык эшикке чыккыча, калп дүйнөнү кыдырып келет» деген жакшы сөз бар. Мен жөнүндө айтылып жаткан калптар дүйнөнү бир эмес, үч тегеренип келди. Ошон үчүн дүйнөлүк коомчулук мага ишенбей турат. Кошуна мамлекеттер, Европа Биримдиги, АКШ сыяктуу мамлекеттер жана уюмдар күмөн санап жатышат. Бирок көп күттүрбөйт, биздин айткан сөзүбүз ишибиз менен далилденет. Жакын арада, үч айдын ичинде президенттик шайлоо болот, парламенттик шайлоону да өткөрөбүз. Мыйзам алкагынан чыкпай өткөрөбүз. Ошондо биз ишибиз менен далилдеп беребиз», - деди президенттин милдетин аткаруучу.

Баса, Кыргызстанда башаламандык уланып жаткан күндөрдө Орусия Бишкекке бериле турган каржылык колдоону саясий кырдаал турукташканга чейин токтотконун кабарлаган. Казакбаев менен Лавровдун сүйлөшүүлөрүндө бул маселе да каралган болушу мүмкүн.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция жана жарандык коом 5-октябрда нааразылык акциясына чыгып, кийин ал жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG